КҮҮГҮМ СҮЙҮҮСҮ 20 -БӨЛҮМ.

Мирена артын карай бергенде жанында капкара кийинип, башындагы шляпасын басып кийип, жүзүнө кооз маска тагынган бей тааныш жигит кызга карай жылмайып алды.
— Мүмкүнбү сизди, бийге чакырсам бийкеч?
Бей тааныш жигит акырын, сылык сүйлөй ийиле кызга колун сунду.
Жанатан күткөн Айдын көрүнө берген жок. Жанындагы кыздар бой келбети келишкен жигитке суктаныша, бири -бирине шыбыраша түшүштү.
— Барчы эми ии???... Бара кал! Айдын азыр келсе кайра келесин да.
Кыздар Миренаны түрткүлөй сүйлөп алыша, жигитке тамшана карап алышты.
— Койсоңорчу кыздар.
Мирена да кыздарга каршылык көрсөтүп, жигитке сылык мамиледе кайрыла сүйлөп алды.
— Сунушуңуз үчүн рахмат сизге бей тааныш жигит. Бирок кап этпеңиз, мен башка жанды күтүп жаткан элем.
Мирена жигитке сүйлөп жатып, көздөрү эки жактан Айдынды издеп жаткан.
Бир аз осол боло түшкөн жигит акырын ийиле мейли дегендей сылык коштошуп ары басты да, калың эл арасына сиңип кетти.
— Койсоңчы бир сонун жигитти колуңдан качырдың.
Жигиттин артынан узата караган бири Меринага таарына күңк этти.
— Жок дегенде мен бийлесем болмок ээ?
Адатынча дагы таарына сөз баштады.
— Ай койсоңчу, сени караган да жок да. Көзүнө Мирена түштү, келди-кетти анын эмнеси бар?
Андан көрө айтчы, Айдынды эмне анча күттүң?
Аркыга жооп берип бүткөн курбусу шашыла эми суроону Миренага узатты.
— Жөн эле келем деген ошого.
Мирена дагы сүйлөп ала, элдин арасын көздөрү менен карап алды.
— Тээ тигине кара сен сүйгөн ашыгың келе жатат.
Курбу кыздардын бирөө сөөмөйү менен Айдынды көрсөтө сүйлөп алды.
Жалт караган көздөрү ушуну эле күтүп тургансып, жүрөгү опкоолжуп, элеп -желеп боло түштү. Алдында келе жаткан Айдын азыр көзүнө бир башкача көрүндү. « Мурун деле ошондой беле » деп ойлоп алды ичинен. Азыр өзүн көздөй бой келбети келишкен, жүзүндө жылуулук, көзүндө кайраттуулук турган. Чымыр денеси өзүнө күндө кам көргөнүн билдирип турат.
Артынан ээрчий келген үч досу бар.
Жигиттер жакын жете келише Айдын Мирена менен жылуу учураша койду.
— Салам жердеги периште...
Көздөрү күлүп,бакырайган тегерек көзүнөн төгүлгөн коюуу,узун кирпиктери жигиттин ак жүзүнө жарашып,ого бетер көркө берип турган.
— Кызык! Мурда эле ушундай беле?ушул азыркы мен күтүп жаткан Айдынбы?
Кыз ойлору менен алыша,жигитти бир саамга дейре тиктеп турду да,кайра шашыла учурашып алды.
— Салам! Кандай келип алдыңар?
Кыз да жылмайу менен сүйлөдү.
— Жакшы рахмат. Бул жигиттер менин досторум , таанышып койуңуздар. Өзү бүгүн эле келишти. Жакшылар сыйга деген сөз бекер эмес да... Келиштери да майрамга туш болгонун кантейин.
Айдын досторун баарын тааныштырып чыкты да бирге сүйлөшүп туруп калышты.
— Ооба - ооба дал өзү!
Айдын менен Миренаны алыстан тиктеп турган Жарганат кызды көпкө карап туруп, күбүрөнө берди. Сирена менен, Миренадан экөөндөн тең бирдей энергия келип турганы үчүн, адашып алган эле.
*****
— Кыздар -кыздар жүргүлө тээ тигилердин оюнуна катышып келебиз.
Шашкалактай Сирена чуркап келе, курбу кыздардын колдорун жетелей алды көздөй жөнөдү.
Жалаң эркектер дагы ар түркүн оюн зоокторду жасашып, каткырып отурушкан.
Кыздарды көргөн жигиттердин бири адатынча сүйлөп алды.
— Ой качкыла ары тоскоол болбой, бул кыздардын оюну эмес. Ана тээ тигинде баргыла.
Тиги жигит каадалана кыздарды теңине албагандай түр көрсөтүп, сөөмөйү менен ары жактагы башка топтолуп турган адамдарды көрсөтүп койду.
— Жок күч сынашып көрөлү!
Сирена айткан менен эч ким уга койгон жок.
—Жүрү бул жерден кетеличи. Жүрү тээ тигилерге барабыз.
Курбу кыз колдон тарта, ары көздөй алып жөнөдү.
Убакыт өтүп жатты. Күн алда качан өз уясына батып, түн кучагын ачып бүтүн жердин баарын каптап бүткөн. Шаңдуу майрам өз нугунда уланууда.
—Амансызбы бийкеч?
Сирена жанынан чыккан үндү кулагы чала, ким экенин жазбай тааный, ичинен кудуңдап сүйүнө түштү.
—Келди деп алды ичинен.
Артына бурулуп карай берип, ак жүздүү адатынча Кийимдери мурункудан өэгөрбөгөн жигит турган.
—Саламатчылык! Кош келдиңиз.
Сирена кубана учурашып алды.
—Келип калдык. Өткөн күнкү түшүнбөөчүлүк окуялар үчүн кечирим сурайбыз. Кийин келип карасам кетип калыпсыз.
Жигит башын кашылай актана түштү. Сирена да жигиттин ыңгайсыз боло түшкөнүн байкай, жылуу жылмайып алды.
—Баары жакшы кыжалат болбоңуз.
Экөө сүйлөшүп көпкө ары -бери басып жүрүштү. Ары жактагы турган жигиттин достору кыздан көздөрүн албай эмне болуп кетээр экен дегендей эки жактарын каранып, эмнегедир, кандайдыр бир ишке кооптонуп жаткандай, даяр турушту.
********
Айдынга эркелей, сүйүү көздөрү менен караган Миренадан өткөн бактылуу адам жоктой. Ааламдын кең кучагына батпай жаткандай сезилип, кубанычтуу жүрдү.
—Агаң жакшы болуп калдыбы?
—Ооба жакшы болуп калды. Кыйла өзү басып аракет кылууда. Жакында биротоло балдак таягын ыргытабыз.
Кыз кубана сүйлөп алды. Өзүн эмнегедир ээн эркин сезип жатты. Айдындын алдында эч кандай коркуу сезими жоголуп жүрөгү сүйүү деп кана турду.
Шаңдуу майрам өз көркүнө чыгып, баары күткөн жеңил бий башталды. Ортону кызытыша бийлеген кыз жигиттер. Бүгүнкү түн өзгөчө сезилип турган кыз үчүн.
—Периштем сизди бийге чакырсам болобу?
Жигит сылык сыпаа, ийилип кыздын колун сурады.
Кыз да көп күттүргөн жок! Ийиле жылмайып алып, дароо колун суна, экөө жетелешип катардагы кыз жигиттер арасына кошула, бийлеп жатышты.
Артынан бири-биринен калбай Миренанын курбу кыздары, Айдындын достору баары ортону көздөй чыгышты.
Ырдалып жаткан махабат, сүйүү ырлары Айдын менен Миренага гана арналган сыяктуу экөөнүн бир-бирине болгон сүйүүсү көздөрүнөн байкалып турду.
Жүрөктөр үндөшүп, каректер бир -бирине кадала түшүп жатты.
—Сулуум деп алды ичинен Айдын.
—Эч качан-эч качан сени таштап кетпейм. Эч кайда. Жаныңдан алыс жылбайм. Тагдырдын тамашасы биз ойлогондон да табышмак тура деди ичинен. Мен жырткыч бөрү, а сен сулуу периште. Эч кимге зыяның жок, эч кимге, бизге окшоп жамандык жасаган мындай турсун, жаман сөз айтпаган. Жан дүйнөң айнектей таза, ак кардай аппак. Өзүң менен ичиң бирдей. Сени сүйүүгө менде кымынчалык да акым жок.
Бирок кантейин? эссиз акылсыз муштумдай болгон жүрөк буга көнмөк беле. Сенин таза дүйнөңдү бир күн келип сындырып алуудан коркуп турган бир жырткыч бөрүмүн. Бирок сен үчүн баарына күрөшөм. Баарын жасайм. Үмүтүм ушул. Бала кезимде кеткенде мойтойгон тентек, там-туң баскан кыз, азыр менин жүрөгүмдүн ичин баарын ээлеп алып отурат.
Айдын ушуларды ойлой, акырын кыздын жыпар жыттанган коюу чачынан кызга билдирбей жыттап алды.
—Кичинекей жүрөгүң ушунчалык сүйүү берет деп ойлобопмун. Көрсө жашоонун баары мында тура. Махабат деген ушулбу, мен сүйүп барамбы? же жөн гана өткүнчү сезимби? Бул жигит менин жаш, назик жүрөгүмдү барган сайын ээлеп барууда.
Кантип?. Эгер бул сүйүү болсо, мен аягына чейин күрөшүүгө, баарына барууга даярмын.
Эх, бүгүнкү күн бүтпөй эле койсо экен.
Кыз ичинен ушаларды ойлой, жигиттин оттой алоо көкүрөгүнө башын жөлөй калды.
Айдын да акырын өзүнчө жылмая бактылуу сезимдерге ээлене, кызды акырын кучактап жиберди.
Баарын тээ бийик имаараттын чокусунда карап отурган Кара көлөкө жан дүйнөсү эңшериле түштү.
—Акмаксын деди өзүнө -өзү. Эмнени, эмнени үмүт эттиң эле. Жоок-жок эки жүрөктү ажыратуу мүмкүн эмес. Сен бул сулуунун элесинде канкор жансын. Ошол бойдон сакталасын.
Ичинен ушуларды ойлой кетүүгө камынды.
******
Биз тарапка канча убакытка келдиңиз?
Сирена кызыгып сурап алды.
—Бир нече күнгө.
Бизде бир айылга токтомой жок. Дайым ушундай жүрөбүз.
—А эмне үчүн? мага ушул кызык.
Сирена дагы суроо артынан суроо узатты.
Жеңил бий да аягына чыгып, экөө элди аралай басып жөнөдү.
—Биздин жумуш ушундай.
Жигит кызды токтото, бет кап ичиндеги көздөргө тигиле карады.
—Кандай? Сиз мага жумушуңуз тууралуу айткан жоксуз?
Кыз да өзүнө карай эңиле кадалып караган көздөргө тигиле, оозунан сөзү түшүп, унчукпай тиктеше калышты.
Жигит акырын кыздын бет кабын алууга, колун жүзүнө алып баратты.
—Сактан! Ал жакын!
Жанынан өткөн белгисиз караан, кызды жөөлөй өтө, арасында колдорун бекем кармай, ушул сөздү айтууга үлгүрдү да өзү кайдадыр сиңип жок болду.
Элейе калган кыз да, жигит да экөө тең издеп таппай калышты.
Айдын да мурду жыт сезип, дароо Миренаны бекем кармай, элейип туш тарапты тиктеп жатты.
Эки кыздын ортодогу аралык анча алыс эмес.
—Айдын, эмне болуп жатат?
Мирена Айдынга түшүнбөгөн абалда суроо узатты.
—Кетүүбүз керек! Коркпогун ээ баары жакшы болот.
Ары жактан шашыла жетип келген достор да, баары бир жерге жыйыла түшүштү.
—Бизде күтүүсүз коноктор бар.
Бир дос жигит Айдынга башкача, ирети менен айтып алды. Сыягы кыздар коркпосун деген ой болсо керек.
—Шуулдаган жаман үн Сиренанын кулак кужурун алып, алыстан угулуп жатты. Белгисиз үн өзү карай келе жаткан сыякту, шаар ичин боз түтн каптап бараткан.
Кыз кулагын жаба салды.
— Сирен жакшысынбы?
Жигит мындай абалга биринчи жолу учурашы эле. Сыягы өзү күткөн коноктор, мунусунда өтө эле өзгөчө сыяктуу сезилди. Мурункуларды эч кандай коркунучсуз көзүн тазаласа, азыркы келе жаткан белгисиз жан алардан такыр башка, ары коркунучтуу сыяктуу.
— Өзүмдү бир аз жаман сездим.
Курбуларын чогулта үйгө кетүүшө камына башташты.
— Сирена!
Угулган үн Сиренди тык токтотту. Дал ушун коркунучтуу үн Миренанын да кулак түбүнөн угулду.
Бараткан жеринен тык токтогон Мирена артын карап алды.
— Сирена ким?
Ары жакта толтура элдин арасынан эч кимди байкай албай, тааныбаса да кимдир бирөөнү көздөрү издеп жатты.
Заматта майрамдын көркү бузулуп, жанагы кооз, тынч өтүп жаткан түн, коркууга, ызы-чууга түшө, үйлөрүнө көздөй шашып бараткан эл.
Коюу көк түтүн менен аралаш бирге чыккан топ эки жигит ызы -чууга түшкөн элди жыртайып күлө карап алышты.
Сыягы алыстан келгендер. Көздөрү канга толо, колундагы узун тырмактар жөнөкөй инсан эмес экендерин белгилеп турат.
— Сен?!
Сиренанын жанындагы жигит мунун бирөөсүн жазбай тааныды. Акыры өзү ушунун артынан кууп, жетпей калган эмес беле?!
— Сен шашыл! Үйгө кет. Даро.
Кызды дароо таштай, өзү тиги жигит тарапты көздөй жөнөдү.
— Жок -жок мен мындай кыла албайм.
Бирок бир-экөөсү менен чектелип калчуудай эмес. Шашып бараткан Сирена ары жактан чыркыраган үндү уга койду.
Кайдан -жайдан пайда боло койгон бирөөсү жаш наристени кармай эми гана оозун ача берээрде, ары жакта турган бычактын бири келип так маңдайына тийген.
Сирена шашып барып кызды көтөрө койду.
— Коркпо ээ. Кана мында жашын. Дароо ичкериге үйгө киргизе өзү калың элге аралаша кетти.
— Сирена!
Түтүн арасында чыккан үн Миренаны да Сиренаны да чоочутту.
— Сирена ким? Ким?
Колунан жетелеп, шашып бараткан Айдынды күтүүсүз келген сокку алыс ыргытты.
Жетелеген колдору үзүлүп, Айдын тээ алыска күп эте түштү.
Алдынан чыккан узун желбегейин жерге тийгизе жамынып, коюу түтүн менен бирге, Жарганат пайда болду.
Кыздан көзүн алган жок!
—Се-ен! Акыры дегенде таптым ээ? Ушунчалык көп күттүм.
Узун тырмактарын кызга жакындата, акырын жылып келе берди. Жарганаттын сөзүн бии гана Мирена өзү угуп жаткандай кулагы тунарып, башка ызы-чуулар тынчый түшкөндөй.
Коркконунан артка кетенчиктеген Мирена Айдынды карады.
Жаткан жеринде жок! Бир заматта азуу тиштерин арылдата пайда болгон жырткыч бөрүлөр. Жарганатты көздөй багытын бурушту. Бирок Жарганат үчүн ал эч нерсе эмес. Шуулдаган шамал сыяктуу,айлана бир туруп чырылдап учкан жарганатка, бир туруп коюу түтүнгө айланып жок болуп жатты.
Андан бетер ызырынган жаш бөрүлөр кайра -кайра чабуул койушуп, бирок таппай калышып, кайра өздөрү жарадар болуп жатышты.
Бир убакта катуу чабуулга өткөн бөрүлөрдүн бири аянычтуу үн чыгара, тээ алыска күп эте кулап түштү. Жарганат аны бирде куюнга айланып отуруп, катуу жарадар кылууга үлгүргөн. Кызга бул үн аянычтуу угулуп, жүрөгү опкоолжуй түштү. Бир нерсе сезгендей жаш бөрү менен көздөрү тиктеше түшүп, жан алы калбай, ордунан тура албай жаткан Айдынга карай жүткүндү. Бирок ага болобу? Жарганат Миренаны да Айдынга жеткирген жок.
— Бах Сирена -Сирена. Сүйгөнүң менен коштошо бер.
Жан алы калбай тыбырчылаган Айдын канча аракет кылса да жетпей жатты. Кыздан көзүн албаган Айдын да, Мирена да көздөрүнөн жаш сызыла кетти.
Достору да чекеден жарадар болуп туш тарапта жатканын да оюна алган жок.
Миренанын узун чачын желкесинен ала, узун тиштерин батырып алууга оозун ача берди. Жүзү бетинин баары тырышып, заматта кудум эле кинодогу коркунучтуу каармандай өзгөргөнүн көргөн Мирена жүрөгү оозуна кептеле түштү.
— Өлүм деген ушул экен да деп алды ичинен.
Өлүмгө кыйбаган Айдын жан алы калбай,асманга карай аянычтуу уулуп жиберди.
Кайдан, жайдан күтүүсүз келген кара куюн пайда боло'Жарганатты кыздан ыраак алыстата ыргытты да, кызды так көтөрө, бийик секирип кайдадыр жок' болуп кетти. Артынан шамалдай зымыраган Жарганат да жөнөдү.
Айдын дагы бир ирет асманга карай үн чыгара боздоп алды.
Кулак алдынан боздогон үн Сиренаны да тынч койгон жок, дароо жетип Айдын тарапка көздөй бет алды.
Эми гана азуулуу тиштерин арсайта араң жаткан Айдындын жанында турган бирөөсүнө дагы бычак ыргыткан Сирена жетип келди.
Жанына күп эте түшкөн жырткычты көргөн Айдын шаша -буша чуркап келген кызды араң -араң көрүп турган.
Жарганат салган жараатан улам көп кан жоготкон Айдын өзүн билбей уйкуга баратты.
Бет маңдайына келе отура кетип, жаралуу ак бөрүнү карай салган Сиренаны көздөрү чала буча көрүп турду. Оюнда Миренасы элестей, көзү жумула өзүн жоготту.
— Күтүүсүз пайда болгон атасы Сиренаны колдон ала тартты.
— Жигитке жардам бергиле. Калганын мен өзүм.
Шуулдаган атасынын кылычы заматта менмин деген, жанатан көбөйүп бараткан жырткыч кан ичкичтердин көбүн мизинен өткөрүп жатты. Кудум эле кан майданда алышып жаткан сыяктуу. Эч бирин аёоосуз башын тоголото чаба берди.
Канча аракет кылса да, көп нерсени түшүнө бербеген Сирена таң калып, атасын бир карап, жердеги жана ак бөрүнү карап алып, көдү чанагынан чыгып кетүүчүдөй чоочуп кетти.
Жанагы ак бөрү жок, ордуна эч нерсени билбей, энеден туума жылаңач Айдын жаткан.
Шаша -буша үстүндөгү жамынган желбегейин чечип жибере жигиттин үстүнө жаба койду.
Атасы заматта далайынын башын алып кырып салды. Аркы жакта жүргөн жигити да дал ушундай алышып жаткандарын көрө койду Сирена.
Шаар ичи тынчый түштү. Жанагы ырылдаган бөрүлөр, кан ичкен Жарганаттар да жоголо, ордуна муңдуу үн, жаракат алган жандар. Жер бети каңырсый кан жыттанып жаткан.
Кылычын дароо кынына салып, акырын басып келген атасы Сиренаны бир карап алды да, жигитти так көтөрүп Сиренага кайрылды.
— Үйгө кеттик кызым.
Калган жаш бөрүлөр да, энеден туума жыңалач эстерин билбей жаткан.
— Жашынган элге жардамын көрсөтүп, калган жырткыч кан ичеерлердин артынан сая кууган жигиттер.
Бир аздан соң өз досторун аяй карап, темселей баскан кыз келди.
Ар бирине барып жылаңач үстүлөрүн жаап жатты.
— Көзүңдү ач. Чыда! Келе жатышат! Азыр жардам келе жатат. Кожоюн келе жатат.
Баарына ушундай деп, сызылып аккан денедеги кандардын чүпүрөк алып басып токтотууга аракет кылып жатты.
Колунан башка эч нерсе келбейт эмеспи.
— Мен айткан болчумун. Ушундай болоорун, мени уккан жоксуңар. Өзүм ошондой кан ичкичке айлансам да, үй бүлөм силер элеңер го? Мен силерди ушундай жаманга кыйбаганым үчүн токтоттум эле. А силер болсо мени менен көрүшүүнү да каалаган жоксуңар. Аттиң.
Бирөөсүнүн колдорун кармай көэүн саамга жума салды.
— Ойгонгула! Силер жашашыңар керек.
Токой ичинен шытыраган үндөр чыгып өзү карай жакындап келе жатканын сезген кыэ, жардам жакындар, кожоюндары келе жатканын дароо сезип ордунан тура, кара түнгө сиңип кетти.
Токой ичинен карт бөрү баштаган бир топ бөрүлөр пайда болуп, жарадар, эсин билбей жаткан шериктерин калтырбай алып кетишти. Канча издеген менен Айдынды таба алышкан жок.
********
Түн : эшик кагылып акырын үн чыкты.
— Бул менмин.
Ушуну эле күтүп отурган аял шашыла барып эшикти ачып жиберди.
Үстү башы кызыл ала канга боёлгон күйөөсүн көрүп чоочуй түштү.
Жанатан өэү коркуп титиреп араң отурган.
— Коркпо. Чушш баары жакшы. Бул мен.
Акырын күйөөсү коркуп титиреп отурган аялын колунан жетелей, отургуза кетти.
— Бул ошол кыз ээ? мен көргөн кыз, кечееги каза болгон....
Энтигип сүйлөй да албай калган аял жолдошунан жооп күтө жалдырай карады.
— Мен азыр.
Ордунан туруп бир идишке суу алып келген күйөө аялына жуткуруп алды да сөз баштады.
— Ооба ал ошол кыз.
Менин сырымды эч кимге ушул убакка чейин айта алган эмесмин сага. Бул үчүн кечир. Сени мындай абалга салып, кийин айтышымды ойлогон эмесмин бул тууралуу.
Аялы бул сөздөргө бир түшүнсө, бир түшүнбөй карап алды.
— Ооба бул кыз кечееги каза болгон кыз Асылдын кызы. Кыз оорудан каза болбогон. Ал тиштин уусунан каза тапты. Аны жаныбар дагы эмес башка да эмес адамдын тишинин уусунан.
— Эмне? Аял эч нерсени түшүнбөй таң калып алды.
Булар кан ичкич жырткычтар. А биз аларды элге аралашпоосу үчүн күрөшөбүз, тагыраагы жок кылабыз.
Алар караңгы түндө жаткан жерлеринен чыгышат да олжо издей башташат. Олжосу адамдар, кан менен тамактанышат. Бир аз гана адамдын денесине уулуу тиштери тийсе, ал адам өлөт. Кийин кайра дал ушундай тирилет. Түнү менен олжо издешип, адамдарга кол салышат. Айрыкча жаңылар дал ушул кыз сыяктуу өтө коопту. Алардын денесине кан болуп көрбөгөндөй жаңы мүмкүнчүлүк жаратып берет. Мисалы аларды кууп жетүү, же кармашуу өтө кооптуу. Аларга эч ким жетпөөчүдөй күчтөнгөн абалда болушат. Күндүзү жүрө алышпайт. Күндүн нуру заматта күйгүэүп салат, ошол үчүн көрүстөндө укташат.
— Анан сен кантип алардан элди коргойсун?
Аялы түшүнбөгөндөй дагы суроо берди.
— Биз алар уктап жатканда көрүстөнүн ачып, башын кесип салабыз, же болбосо жүрөк тушка жыгач, учтуу курал саябыз. Ошондо алар өлүп жок болушат.
Үйүндө дайым турчуу жыгач учтуу куралдарын аялы акырын көз чаптырып карап алды.
Демек ошончо убактан бери түшүнчү эмес. Себеби мында тура деп ойлоду ичинен.
— А тиги кыз азыр эмне болду, ал дагы???
Суроосу жоопсуз калып, бир саамга ортону тынчтык орноду.
—Бул тууралуу эч ким билбеши керек. Мага сөз бер ээ?
Жооп берүүнүн ордуна күйөөсү кайра аялынын көзүнө жалооруй карады.
Макул дегендей баш ийкей койду аялы.
— Биз көптөн бери биле албай жүргөн бирөө бар. Эң чоңдорунун, карыларынын бири ошол. Ал кааласа куюн болуп учат, кааласа жарганат. Ал өтө коркунучтуу жана күчтүү. Биз ошого карабай аны кармоонун, жок кылуунун аракетиндебиз. Бул ошол Жарганаттын иши. Ал өзүнөчооң бир армия түзмөкчү. Анан барып бүтүндөй өзү басып алып, адамдар үстүнөн үстөмдүк кылуу максаты.
— Биз????
Аялы биз деген сөздөн улам дагы бир нече күйөөсүнө окшоштор бар экенин сезди.
— Туура ойлодуң. Биз бир нече адамдарбыз. Элдин, айылдын коопсуздугу үчүн түзүлгөн бир топ адамдардардан турабыз. Эми уктайлы мен чарчадым.
Аялы үстүнө башка кийим кийгизе жууп тазалаган соң, чарчаган күйөөсү уйкуга кеттти. Өзү бир топко чейин уйку көрбөй ойлуу жата берди.
Уландысы бар.
Мурунку бөлүм неге кайталанып калганын түшүнбөйм. Сыягы одного, группага жүктөгөн убакта оңдодум эле каталарын ошондо болгон го. Сиздер айткан соң көрдүм өзүм да. Рахмат көңүл бурганыңыздарга

Комментарии