Бүгүн жашоомду токтоттум.

Эки жылдан бери жашаган үй бүлөлүк абалымды чечтим. Бул жолго баруу мен үчүн оңойго турган жок. Кыйналдым, далау жолу көз жашымды төктүм. Сактап калууга аракет кылдым. Менин күнөөм экинчи турмушум болгону үчүн, балам бар келин экени болду. Биринчи жолдошумдан ажырашканыма жети жылдан соң, баламды эрезеге жеткирип, бир аз өз -өзү менен болуп калган убакта, мен дагы адамдардай эле бактымы табайын деп ойлоп жаңылышыпмын.
Мен баарын түшүндүм. Бактылуу болууга, бактылуу кылууга , Келин эмес, кызындай болууга аракет кылдым. Башында иий турмуш десе тызылдап коркуп калган жан элем. Баламды карабай, таштап көрүнгөн кыз менен кеткени үчүн ажыраштым эле баламдын атасы менен. Өзүмдү да актабайм, балким өзүм да жаманмын. Бирок мен да сүйүп, сүйүлүп жашоого акым бардыр деп ойлогом.
Ызы чуу жашообуз барган сайын ырбады. Барган сайын биз экөөбүздө мурункудай жакшы көз караш жок калды. Мени биринчи турмушумдан ажыраганым үчүн, күнөөлүү кылдың мени дайым басынтып жашадың. Мейли дедим чыдап көрдүм. Эл журттун, тууган уруктун кайра экинчи турмуштан ажырап деген сөздөрүнөн коркуп отуруп, өзүмдүн сага эч ким болбой калганымды унутуп койупмун.
Алты жети ай дегенде араң кош бойлуу болдум.Бирок абалым начарлай кыйнала бердим.Кыйнала бердим. Мени ойлоп отурган жан болгон жок. Атама рахмат. Баары үчүн сени далай жолу урушту, келинге көз сал деди,алып барып көрсөт деди. Бирок сен андай кылбадың.
Эжең жазып алып урушту,жана да аның эртең оорукчан бирөөнү төрөсө эмне кыласын ажыраш,башка кыздар кыямат дегенине кулак астың.
Ошол сөздүн айынан экөөбүз далай уруштук.сен ажырашамга түштүң башка өлкөгө кетээриңди,жана оорукчан балага сени, байлабашымды айттың. ( бирок эч кандай оорукчан эмес эле.) Эжеңдин ошол сөзүнө ошончолук ичим ооруду. Ошончо капа болдум. Башка кыздар кыямат экенин, сен мендей келин менен жашоого татыкту эмес экениңди кулагыңа куюп койгон эле. Эч кимди укпадың. Мени дагы. Качан ооруп жатып калган убагымдан пайдалана, мени жетелеп бардың да, тирүүлөй баланы жок кылдырып салдың .
Ал кезде менин акылым кирме чыкма болуп калган. Бир жагынан бир балам комага улам улам түшүп кала бергени азаптаса,экинчиси сен керексиз эткен балаңды өзүң жанын кыйдың.
Бирок кетпедиң. Неге? Неге кетпедиң? Сенин жашооңдон чыгып кетүүнү ойлоп, сенден кетүүнү чечтим. Үйүңдөн кийимдеримди жыйып чыгып да кеттим. Мен өзүмдү өзүм өмүр боюу ошол, төрөлбөй калган наристем үчүн күнөөлөдүм. Күнөөлөп өтөм дале.
Бирок башка өлкөң деле калды. Ким билет балким ойлогон чыгаарсын?дагы мен байкушту алдап жашай берүүнү.
Бир канча күндөн кийин апамдын үйүнө кайра келдиң. Апама жалындың,жаздың. Кокуй ит болдум,куш болдум мен күнөөлүү баарына,мен жашайм өмүр боюу урушпайбыз деп. Мага да апама да.
Турмуш оюнчук эмес экенин билемин. Балким акылсыз жаным,дале ошол турмушту алып кетем деп ойлогон чыгаармын. Билбейм өзүм да. Мен сени кечирип,дагы бир ирет жашап көрүүнү чечтим. Балким оңолгон чыгаар деп ойлодум.Бирок экинчи жолу мени ошол кадамГа таштадың. Ошол басып өткөн жолуңду кайра бастың. Биринчи болгон окуядан кийинки толук бир жылдан соң пайда болгон балаңды мага катуу кол көтөрүп анын себебинен улам, ичимдеги баламдан ажыроомо себеп болдуң. . 😭
Эми кечире алышым эки далай. Мен түнү менен ооруп баламдан ажыраган күнү сен болгону уктадың. Тек гана уктадың. Кудай өэү мени кечирсин. Ажырашпаш үчүн баарын жасап көрдүм акырында, эки баламды, ден соолугумду, нервимди жоготтум.
Мен атамды аябай жакшы көрөм. Апамды дагы. Экөөнө тең эрке келин болдум. Экөө менен тең ачык сүйлөшө алдым. Мени кыздарындай кабыл алган ата энеңе рахмат. Кечээ атамдын туулган күнү эле. Жаным ооруп, белимди көтөрө албай жатсам да, кубанычына шерик болуп, куттуктап келүүгө, сенин кылган эткендериңди жаап жашырып сени менен бирге бардык. Жакшы отурдук бир аз белегибиз бар. Баары соонун өттү. Баары жакшы өттү. Атам да каттуу кубанды. Бирок мен эртеси күнү эле кайгыртып, капа кылам деп ойлобогонмун. Эжеңдин айткан сөздөрү жанымды тирүүлөй сууруп алды.
« Менин иним балалуу болууга татыктуу эмес экен деп, инимдин баласын түшүртүп салыптыр, алдырып салыптыр антти-мынтти деген жан кашайткан сөздөрү чегиме жетип кетти. 😭Мени эмне үчүн ар дайым ушундай тепкиге калтырасын да, өзүң сүттөн аппак чыгып кетесин 😭Эмнеге мен колумду жумшап, балама залака келтирдим дебедиң? Эмнеге мага бала кереги жок деп жок кылдым дегениң жок.
Кечээ эле баламды жоготуп араң отурган жаныма батып, ыйлап отурсам ачууланып баарын жыйыштырууну чечтиң. Кетем дедиң. Кеттиң.
******
Мына ушундай достор. Түнү менен уйку көргөнүм жок! Таң атканча атамдардын эшиги алдында отурдук. Ал саат төрттө эле ажыраштым деп айтам чечип баарын бүтүрөбүз дейт, мен болсо, жок дегенде таң атсын деп күтүп отурдук.
Жалгандын курмандыгы болуп калганым үчүн, мени аяган эч ким болгон жок. Кайра мени күнөөлүү кылган жолдошум, үйдөн кийимдерин жыйып, чыгып кетти.
Атамдар мн сүйлөшкөндө деле айттым. Кечирим сурадым ал тургай. Аларга жакшы келин болуп бере албаганыма өкүндүм. Баласынын бактылуу болушун тиледим. Мен ал адамдар менен урушуп бет карашкыс болуп кетпедим. Болгону жөн гана кечирим сурап, жылуу коштоштум да жолума түштүм. Артымдан калбай ээрчиген тирүү ушактардын курманы болгонумду, эки баламды тең, жоготконума себеп, жолдошумдун эң чоң күнөөсү бар экенине гана өзүмдү актадым. Калганы мейли жаман болсом мен жаман болойунчу деп чечтим. Башка нерселерге өзүмдү актап, ызы чуу деле чыгаргым келбеди.
Апамдын коштошуп ыйлаганы менин жүрөгүмдү эзди. Атам мени өз кыэындай кабылдап, мени мн жакшы сүйлөшчүү. Келиндерим жакшы. Балдарымдын бактысы бар экен деп кубанчуу. Мен ошону актай албай калбадымбы. 😭 Балким чыдай берүүгө болот беле деп ойлоп кетем. Бирок апам менен жүргөн баламды ким ойлойт. Анын апасынын ден соолугуна ким жооп берет. Кудайым берип койгон экен, менин кыйналганымды сезип, күндө сүйлөшөт. Апа мына дарыны ич башың басылат, мынаны кыл, алаксыйсын антесин -мынтесин деп келет. Ошол баламдын өмүрүн берсе экен дейм Кудайдан 🤲
Баары бүттү!
Жыйыштырдык баарын. Мен бактылуу болуу үчүн колумда барын жасадым. Жолдошум экөөбүз бирге жаманды да жакшыны да бирге өткөрдүк. Мен көп учурда ага кыйын убакта таштап кетпедим. Ага эң оор убакта да талаада калса, бирге талаада калдым, үйдө болсо, ачка калса бирге ачка калдым. Мен баарын түшүнүп тийдим. Эч нерсе сураган эмесмин. Баарын башынан өзүбүз баштайбыз деп ойлогонмун. Экөөбүз дегенбиз. Эч кимге оорчулук арткан да жокпуз. Ашыкча бирөөдөн бир нерсе албадык. Бирок акыркы убактарда бир эмес,эки баласын дал өзү себеп болуп, колу тийип, баласын жоготконуна себеп болуусу, мен кечире албай койдум. Жакшы деле күндөр өттү. Балким менин абалымды кийин түшүнөөр? Балким менден жакшы аял таап бактылуу болоор. Мен болсо, жалгыэ апамдын колунда өсүп жаткан баламды тандадым.
Мына ушундай. Баланы жоготуу билген жанга аябай оор. Сезесин жүрөгүңдүн астында, дагы бир кичинкекей жүрөк согуп жатканын, сен аркылуу аба жутуп, сен аркылуу тамактанып жаткан бир жандын, бир заматта жок болуп калуусу, мага абдан эле оор тийди. 😭Мен азыр ушундай абалдамын достор.
😭😭😭 Өзүмдү болушунча колго алып жатам. Аракет кылуудамын. Бирок көз жашым тыйылбай калды. Мен үчүн түнбү, күнбү билинбей калды. Дале ден соолук сыр берип жатат. Мурункудай алды көэдөй умтулууну унутуп баратам.
Азыр да түнкү саат 2:39 мен дале отурам. Жалгызмын. Өз ойлорум мн өзүм аышуудамын.
Сиздердин ар -бир коментарий окуйм достор. Жок дегенде ошондон күч алам. Ошондон чыйралам бир аз Сиздер ооруп, кызыгып окуп жаткан чыгармамды да жакшыраак чыгара албай жатканыма өзүмдөн өзүм уялуудамын. Бирок сиздердин мени түшүнүп, кайра колдоп, аз да болсо окуп жатканыңыздарга баш ийип, ыраазычылык айтам достор. Сиздерди жакшы көрөм 😍💋💋Бул күндөрүбүз да өтөөрүнө ишенем

Комментарии

  • 4 фев 18:28
    Кудайым бул сыноонун артынан коптогон жакшылыктар менен сыйласын🤲🏻 билим денгелиниз аябай жакшы экен, чын айтсам окубай отуп кетейин деп да ойлодум, себеби журок чыдабайт бирок соз байлыгынызна тан калуу менен окуп олтуруп аягына чыгып койуптурмун 🙂 аябай кучтуу аял экенсиз. Сизге кенешим жоолук салыныз, дин илимин алыныз анан башкаларга жеткириниз, сиздейлер абдан керек коомчулука мындан ары дин жаатында кучунузду сынаныз. Аллах кимди сыйлап, которуп койсо аны эч ким тушуро албайт ал эми кимди тушуруп кор кылып койсо аны эч ким сыйлуу кылып которо албайт (туура эмес жазган жерим болсо кап этпейсиздер)
  • 4 фев 21:55
    Сабырдуу бол баары жакшы болот буйруса
  • 6 фев 07:41
    Жаман эркеке жолуксан хор болот экенсинда Булда болсо сыноо биринчи жолу кеткенинде эле кайтпагын керек эле ошондо кеткенинде мынчалык оор акыбалга тушбойт Элен чыдап жашайм женем баарын деп биз аялдар озубузду ошентип алдайт экенбизда корсо андай болбойт экен женилип нервинный оорукчан болуп калат экенбиз анын Ата энесин жакшы коруп кыялбагандай айтыпмын кайнене кайната эч качан оз Ата энендей Боло албайт тиричилигин чуркап кылып турсан жатасын тошокто жатып калсан алардын деле чыныгы жузу чыкмакта . Кой мейли отту Кетти баары кайгырба мындан киин ото ойлонуп иш кылда озунду баланды кара мындан ары баланда чоноюп калса керек ошого шарт тузуп Бер келечегине ошол болот Сенин жакшылыгын
  • 6 фев 11:55
    Ичин вообще эле карайып кетиптир оюнду озгортсон бираз темадан алыстап кетипсин сен бир кыйла
  • 6 фев 13:00
    Темадан алыстабайле туурасын эле айтып жатам
  • 7 фев 19:53
    Ал эркек онолбойт жетелеме ,озунду колго ал кызым апан балан учун керексин
  • 7 фев 22:53
    Кудай буйруса баары жакшы болот
    Алтышка
    Ойлонбооо коп.Сен балана керексин.
    Живи ради сына
    Иншааллах всё будет хорошо
    Главное верить в это.
    Мен ушундай экинчи турмуш дегенден коркомдааа всегда ойлоно берем
    Эми конечно 5кол тен эмеско
    Но всё же
    Болор иш болду
    Жашоондо баары жакшы болот буйруса верь в это и всё
    Бактылуу бол
  • 10 фев 00:40
    Жон гана чыгарма болсо ото кучтуу жазгансын жок чындык болсо анда мага жооп жазып кой байланышып жардам колун сунайын ±79966071407
  • 1 мар 15:29
    Жакшылыктан умутуну узбо
  • 9 мар 16:19
    Турмушта баары болот эчкачан кайгырып озунду жемелебе бул аллахтын сага Берген сыноосу ыйлаба алдыга карай умтул озунду колго ал баланы жоготуу кандай ооор экенин мен да жакшы билем
  • 12 мар 07:22
    Азыр ажырашкандан кийинки стестесинер буйруса баары отуп кетет баланды ойдо жалгыз эмес экенсин
  • 21 апр 13:58
    Тагдырга жазганын корот экенбиз ,менин жашоом сиздикиненда оор.Бирок сабыр кылабыз айла жок