Боор оорусунун белгилери

Боор оорусу жөнүндө толук маалымат "боор оорусунун белгилери" аттуу макалабыздан билип алсаңыз ашык болбойт. Акыркы жылдары адистердин айтуусу боюнча боор оорусу эл ичинде күч алууда. Боор оорусунун коркунучу анын баштапкы баскычтарында билинбей өтүп, адамдын эч жери оорубайт. Качан бейтап дарыгерге кайрылган болуп кеткен өзгөрүүлөрдү калыбына келтирүү оорураак болуп калат: Көп убакытка созулган дарылануу курсунан өтүү зарыл. Ушуга себептүү боор ооруларын өз убагында диагностикалап, профилактика иштерин жүргүзүү маанилүү.
Боор ооруларынын себептерин билүүдөн мурда, боор кандай фнкцияларды аткараарын айтып кетели. Боордун бирден-бир негизги функциясы бул детоксикация, боордун ферменттери уу кошулмаларды коопсуз формага кайра иштет. Андан тышкары боордо маанилүү алмашуу процесстери жүрөт. Темир өткө сентезделип, ансыз нормалдуу тамак сиңирүү болбойт (биринчи кезекте майларды кайра иштетүү), ошондой эле глюкозанын ашыкчаларынан гликоген калыптанат. Ушул эле жерде витамин жана гормондордун метаболизми жүрөт. Зат алмашууда процесстеринде боор активдүү аралашып, боордун иштөөсүнө көптөгөн факторлор таасирин тийгизет, а бул өз учурунда көптөгөн боор ооруларынын себеби болот.
Боордун нормалдуу иштөөсүнө таасирин тийгизүүчү негизги факторлор: -Зат алмашуу процессинин бузулушу, негизинен семирүү. Ашыкча салмактуу адамдардын көбөйүшү менен боордун алкоголдук эмес май оорусу көбөйдү. Органдын тканларынын структурасы өзгөрүп, натыйжада боор өзүнүн функциясын толук кандуу аткара албай калат. Изилдөөлөргө таянсак Кыргызстанда бул оору менен орточо эсеп боюнча калктын 10-15% жабыркайт.
-Алкогол ичимдиктерин ашыкча колдонуу. Мүмкүн бул боор ооруларына алып келүүчү бирден-бир белгилүү себеп болсо керек. Май дистрофиясы, алкоголдук гепатит жана цирроз боордун алкоголдук ооруларынын өнүгүү факторлорунун Кыргызстанда 20-30% ээлейт. Алкоголдук ичимдиктерди көп кабыл алуу боордук клеткаларында майлардын чогулуусуна алып келет, клеткалар өз фугкциясын аткарбай, акыр аягы клетка өлүмгө учурайт, буга себептүү боордун бириктирүү ткандары өсөт. Акыры бул адамдын өлүмүнө алып келет.
-Боордун вирустук оорулары: Биринчи кезекте бул вирустук гепатиттер, алар өрчүгөндө коркунучтуу цирроз, боор рагы, ар кандай ичеги-карын ооруларына алып келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча гепатиттин ар кандай формаларынан жыл сайын 1,4 миллион адам каза табат. Бул вирустук оорулар цирроздун себеби болуп калуу ыктымалдыгы 57%, ал эми биринчи рактын ыктымалдыгы 78%. Гепатит оорулары өнөкөт формасына айланып кетүүсү менен коркунучтуу, андан тышкары вирустар боордун ткандарына бир нече багыттар менен таасир кылат: сезгенүүнү пайда кылат жана гепатоциттерди кыйратат.
-Дары-дармектерди кыянаттык менен колдонуу. Бездердин олутту кыйроосуна алып келүүчү дарылардын тизмеси абдан чоң: анын ичине ар кандай ооруну басуучу дарылар, стероиддик эмес сезгенүүгө каршы каражаттар, кээ бир антибиотиктер, уйку келтирүүчү таблеткалар ж.б. Уулануу симптомсуз өтүп, өнөкөт мүнөздү боло баштайт, ошондо гана боордун жабыркаганы бир нече айдан кийин билинет.
АЛОЭ ГУЛУНУН НЕГИЗИНДЕ ЖАСАЛГАН НАТУРАЛДУУ ПРОДУКЦИЯЛАР БООРДУ ЭН СОНУН ТАЗАЛАП, КАЛЫБЫНА КЕЛТИРЕТ.
КЕНИРИ МААЛЫМАТ УЧУН Ватсап 89859474016

Комментарии

Комментариев нет.