🌿Аравандагы цемент заводуна 48 кытай жараны келди

Turmush - Араван районундагы цемент заводуна 48 кытай жараны келген. Бул маалыматты Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысы Жалаладин Нурбаев тастыктады.
Анын айтымында, кытайлык жарандар медициналык текшерүүдөн өтүшкөн.
«Аравандагы цемент заводуна келген 48 кытай жаранын дарыгерлер тыкыр текшерип, анан Кыргызстанга кирүүгө уруксат беришкен. 14 күндүк карантинден өтүшүптүр. Алар февраль айында келишкен. Кыргызстандын жарандарынан алыс жерде жашап жатышат. Кытай жарандары завод тарабынан чакырылган», - деди Ж.Нурбаев.
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Кытайда козголгон коронивирустан улам Араван районунун тургундары кытай жарандарынын келгенине тынчсызданып жатышканын билдиришкен.
Аталган цемент завод 2018-жылы ноябрь айында президенттин катышуусунда ачылган.
Буга чейин Turmush басылмасы Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районундагы алтын кен ишканасына келген Кытайдын 10 жаранын унаадан түшүрбөй, Бишкек шаарына жөнөтүшкөнүн жазган.

🌿Аравандагы цемент заводуна 48 кытай жараны келди - 891204095549

Комментарии

  • 29 фев 2020 09:35
    Не себептен келишкен ошондо завод тарабынан чакырылган болгондо ондогонубу же иштеп калып кеткениби?
  • 29 фев 2020 11:57
    Кыргыздар. Иштеталбайбы.   Озубуздо. Ишжок. Тентипжуробузго.   Кытайды. Некелтиришти
  • 29 фев 2020 20:11
    Ошо жасаган иштери  мааниси жоок Кытайларды киргизбоо ккле