ЖАРАТЫЛЫШ ДЕГЕН ЭМНЕ?

🌷🌷🌷
Айланаңа көз чаптырып көрчү👀. Ооба, сен күндү,☀ асманды, 🌌булутту☁, жерди, өсүмдүктөрдү,🍀🌻 жаныбарларды🐇 көрөсүң. Мына ушулардын баары жаратылыш.
Күн,☀ асман, булут,☁ таштар, суу, 💧жаан, ☔кар ❄ булар жансыз жаратылыш.
Өсүмдүктөр🌿, жаныбарлар, 🐅адам 👫 булар жандуу жаратылыш. Канаттуулар 🐝да, айбандар да, кескелдириктер 🐉да, жыландар 🐍да, ташбакалар🐢 да, бакалар да, балыктар🐟 да, курткумурскалар🐛🐜 да, курттар 🐛да жаныбарлар экенин эсиңен чыгарба.☝🏻
Жаратылыш бул биздин айланабыздагы өтө таң каларлык нерселер. Ар бир кадам сайын 👣сен ошол таң каларлык нерселердин сырын ачууга🎁 мажбур болосуң. Алгачкы сапарынды жылдын ар кайсы мезгилиндеги жаратьшыштын жашоотиричилигине байкоо жүргүзүүдөн баштайсың. Алдында сени кызыктуу жана көңүлдүү жолутушуулар күтүп турат.💖
Жаратылыш биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоотиричилигибизге керектүү көп нерселерди берет. Ошол себептен адамдар 👫жаратылышты коргошот, анын байлыктарын 💰арттыруу максатында көп эмгектенишет.
Жаратылыш – таланттын жан досу
Абасы таза💫, жаратылышы кооз жерлерден таланттар көп чыгат дешет. Шаркырап аккан⛲ тунук суу, 💦суу түбүндөгү ар кандай балыктар,🐬🐠 ар бир дабышты улап жаңырган аска жана ал асканын🌁 күчүнө моюн бербей тең ортосун жарып чыккан арча, карагайлар адамдын жан дүйнөсүн кызытып талантына талант кошот. Айта берсе сөз түгөнгүс болгон жаратылыш кооздугун🌷🌷 жүрөгү назик адам сезе билет, суктана билет. Айлана-чөйрөсүн аярлап карап, ар бир нерсенин ийнежибине чейин кылдат баамдаган адам гана жаратылыштын ушул кереметин, сулуулугун жан дүйнөсү менен жүрөгүнө жакын кабыл алат.💞
Жаратьшыштын өзүнөн эле зор күч алат. Мындай чөлкөмдө жашаган элден таланттар көп чыгат.🎀

ЖАРАТЫЛЫШ ДЕГЕН ЭМНЕ?🌷🌷🌷 - 834532031037

Комментарии

Комментариев нет.