Комментарии
- 3 дек 2017 04:51Андай дегенинер менен ошол ата энелер кыз уулдарына оздору жол койуп жатпайбы себеби илгертен эле кыз тушкон жеринде оор деп айтчу азырчы бугун тыйда эртен ажыраш чон шаарга бар озунон чон кишиби балабы башын айландарда тий мына ушул тартип азыркы
- 3 дек 2017 04:57Дагы куйобала начар чыкты кызынды ондо .келин начар чыкты баланды тарбияла ана ошондо чыз 2 3 ай жашап барып чон адамга анан багы бир бечара 3 4 балалу эркеке козун сузуп тийет анан наркы бечара эрине
- 3 дек 2017 05:03Ишенип балдары менен уйдоо калаберет менимче чубак ажинин куносу жок жанагы бироонун семясыны бузуп тийген сасыктар кунолу себеби эненин тарбиясын алган эмес деп ойлоймун.
- 3 дек 2017 16:592 аял алып абийрин кетирбей суйуп алган аялын ыйлатбай уйундо еле олтурбайбы
- 6 дек 2017 05:04Жакында мамлекет 2 жана андан көп аялдуулука аргасыздан уруксаат деп закондоштурат ошондо баары жакшы болот
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
КЫРГЫЗЧА ТАМАША - ALATO.RU
:Elya Nurbekova
Мен эки аял алууну колдобойм!!!
Экинчи аял - сөзсүз биринчиден сулуу, жагымдуу жана ысык. Ошон үчүн алат. Биринчи аялынан тажап, аны көп деле көргүсү келбей калгандар экинчисин алып, жашоонун жыргалын көргүсү келет. Эки аял алган эркек - ал биринчи аялын, биринчи балдарынын апасынын кадырын тебелейт. Кемсинтет, ыза кылат жана анын жаман аял экенин көрсөтөт. Биринчи аялы жагымсыз, кызыгы калбай калган үчүн экинчисин алышат. Сөзүз эле "ажырашкан" "күйөсү өлүп калган" кыздарга соопчулук кылыш үчүн аны баса калып алган шарт эмес. Жардамды албай туруп деле берсе болот. Экинчи аял алуу тууралуу айтылган ширин сөздөрдүн баары - актануу. Экинчи аял алуунун эң башкы максаты - жаңы ырахатты татуу!
Бир аялы менен жашап атып, эки аял алгандарды колдоп, кубаттап шилекейи аккандар - аялынан тажап жүргөндөр. Мен эки аял алууну колдобойм. Бир аял, бир бүтүн үй бүлөө, бир бакытты колдойм. Экинчи аял алган үй бүлөөнүн балдары психикалык жактан чабуулга кабылышат, психикалык жактан жабыркайт. Атасына болгон сый урматы азаят, атасынын кадыры түшөт. Бул менин жеке оюм.