ТАГДЫР СЫНООСУ.

БИРИНЧИ БӨЛҮМ.
------Саламатсынарбы? Балдар китеп, дептеринерди алып, отургула.... Сабакка даяр болгула ар дайым......
------Саламатсызбы эжеке!
----Кана балдар, кечеги откон теманы бир сыйра кайталайбыз! Тапшырманы ким аткарып келди?!
----Ким жооп берет!? Кечеги тапшырманы аткарбай келген окучулар, экинерди жойгула......
Кундогудой экини бажыратып койот экенминда. Балдар ата эненерге бирден жолугуп айтамын. Окууну таштап салдынар.. Алыкул Осмоновтун ырларын окуп жаттап келгиле дегенмин, кандай соннун мазмуундуу ырлар.... Эй балдар, эй балдар эй! Эч кимин, бир да окуучу окубадыбы!? Кийин кеч тапай каласынар, окугула Алыкулдын ырдарын..... - деп кейип кепчип жатты....
---Эжей мумкунбу?
---Кел Адеми дагы эле сен. Азаматсын кызым.......
---------акын Алыкул Осмоновтун ыры.....
Адеми жыртылган туфлисинен уялып, он бутун артка катып туруп, ырын айтып баштады......
--Ким койсо да жакшы койгон атымды...
Ким берсе да жаман Берген Бактымды....
---Ушакчыдан не кылам деп сурасам....
Беш тыйынга мага сат дейт данкынды....
Сатам! . Алсын! Кайдан билсин баркымды... Чайга салып жутаар кезде заар тилин куйкалоочу!!!
Мен Кыргыздын акыны.......!!!
Козуно жаш алып, арт жагын Айта албай буулугуп ыйлап жиберди.......
Жени менен козун суртуп, буулугуп, ык, ык, - деп суйлой албай ыйлады.... Дагы деле жаш бойтойуп ,коздорундогу жашы томолонуп,ээгине акты...
---Адеми кыз эмне болду? Айгул эжей келип кучактады....
Башын чайкап , айта албай койду.... Опкосу кооп эр эркеп ыйлады....
-----Бар, жузунду жууп, озуну токтотуп кел....Бар, барагой
Класстан чыгып кетти... Арыктын жээгине барып, жузун жууп, ык, ык, этип озун токтото албай отурду...
.
Эжекей оор ушкурунуп отуруп калды.... Ооба эмне болсо да педагок баарын тушунуп билип турду..... Ай байкуш кыз..... Озунун жашоосун айткандай болду окшойт..... - деп ич ичинен бору ооруду...
Агыча класс кубур, - шыбыр болуп кетти....
Билим Адеми менен кошуна жашаган бала. Уй булоосу тын, жакшы ата эненин уулу... Ал кече куну коргон окуясын классындагы окуучуларга баяндап жаткан :
----Ооба байкуштар туну менен уктабай чыгышты.... Атасы дагы мас болуп келип алып, апасын уруп, Адемини да урду... Атамдар ажыратышты.... Биздин уйго бекитик...тан атканда атасы араан уктады.... Байкуш Адемиге боорум ооруйт.... Апасын куткарам деп, жылан аяк жугуруп журуптур.......
-----Туура айтасын. Байкуш Адеминин атасын жек коромун....
----Колуна бычак кармап алыптыр, сойуп таштайм деп...
-----Токтоткула! Сабак окуп келбейсинерби? Ушак куубай Ким койуптур силерге Ушак айтышты......
-----Ушак эмес эжеке болгон эле окуя, кун алыс кайталанып турат....
------Сенден Ким сурап жатат.... Айтпа! Адемини ойло азыр угуп калса дагы капа болот....... Класс жым боло калды... . Адеми жузун жууп, стадиондо эки жакка басып журду..... Конгуроо кагылып, эжей чыгып кетээри менен дагы соз башталды . .
---Байкуш Адеми.... Борум ооруйт.... - деп кыздары соз кылышып жатышты....
Адеми кирип келди. Баары жымжырт боло калышты оздору менен оздору болуп, жатышты..... Бирок адам затын козу айтып койот эмеспи. Адемини аяган коздор карап кайра кайра тигилип жатты.... Ооба кундо атасы Берген кордуктан тажап кеткен.... Атасы аркеч болуп, уйунон тапканын сатып, ичет.... Ичип келип, уктап калбай, апасыны эки инисини чыркыратып кочомо кочо кубалап урат..... Эл журт баары билет жада калса кочодон кичинекей балдарда билет... Бирин бири коркуткан да тиги те алкаш, аракеч Талгат келе жатат деп качышат.....Бул создорду укканда, жини келип ,жаны ачышып баары менен;--- менин - - - - - атам! Менин атам жакшы инсан деп урушуп кеткиси келет.... Бирок тилекке каршы андай эмес..... Кошуналарынын аталарын коруп, козу куйот....Атасынын да ошондой инсан болуусун каалайт..... Бирок бул жон гана соолуган умут...... Класска кирип, сумкасын асынып жоноп кетти.... Тууру эч жакка бурулбай уйго барды.... Апасынын бетин башы шишип, коздору когоруп, уйдо жаткан... Кечегинин кесепети..... Атасы куноолуу да унчукпай башын жерге салып отурат...
---Келдинби? Бурк эте суроо узатты.
---Ооба ата келдим. Чай ичесизби?
---Жарык очуп калыптыр, чай кайнат. Апана ыссыгырак чай бер . Ашканын муздак чай кылып демдеп кой...
----Макул ата ..... Мен азыр ....
----Туфлин жыртылып калыптырго. Жанны алып бериш керек экен .....
----Коп болду. Жамгыр жааганда бутум ушуп калып жатат.... Суу болуп чылкылдап... Ата жанны алып беринизчи?
---Макул, макул бол тез чайный кайнат... Адеми мектеп кийимдерин которуп, чайын кайнатты..... Уйго дастаоркон салып, чай койду..... Баарына шугур кылып жашашат...
Элдердей кундо казан асыр тамакта кыла беришпейт..... Курук нанды, чайды койуп, апасына кирди......
--Апа турунуз чай ичип алыныз....
----Кызым башым ооруп турат кичине эс алайынчы. Барып инилерине чай бар...
-----Апа ыссык чай ичип алынызчы !? Башынызда жазылат....
Атасы созго аралашып.
----Тур ээ, туруп чайыны ич! Укпай жатасынбы? Мен кимге суйлоп жатамын?
----Ата тим эле койунузчу. Турса башы айланып жатыптыр. Кичине уктап эс алсын апам....
----Ыы не бир жерин сынып калдыбы? Тур эненди муштан эч Ким олгон эмес.... Анда апасы;
---Акмак
! Мен жеген муштун бироосун жечи, бироосун эле... Какшатынго алкаш.! Сенин дардыңан балдарым да курсагы тойо тамак жебейт.... Же элдердин балдарындай кийинишип журушпойт... Жегени желим, ичкени ирим.Атам мас болуп келбесе экен деп титиреп отурушат.. ..Элдин куйолору иштеп келип, жатышат... Сен болсо уйдогуну уурдап сатып туготун! Туготтунго! Олуп эле кал!
----Ээ эненди урайын канчык! Бар ошолорго тийип ал! Бар ойношторунда ээ ?
----Каяктагы ойнош?! Кана Эми ошолор мени карашса, жыртылган койнок кийип, козум шишип журсо Ким карайт мени аа?
----Болдучу! Болду кылгылачы, сураныч урушпагылачы ?! Бир саат, жок жарым саат тынч отуруп тамактантаналычы!? Ата сиз ичпенизчи!?
Апа сиз атам менен айтышпанызчы? Урушпай эле жашайлычы, баштакыдай ата баштакыдай бактылуу болуп жашайлычы?!Адеми буркурап ыйлап жиберди. .... Эко тен жым болуп, отуруп калышты...... Дастрконго жакын отурушту.... Чай ичишкен адам болуп, ун катпай жым болушту...
Адеми нанды оозуна толутуруп алып, жеп, коз жашын аарчып, ыйлап токтоно албай жатты.....
-----Азырактан сал, нанды Эми корсонда. Какайсын! - деди апасы.... Атасы чайын бере койду,
----Ич кызым ичип ал! Кечиргиле башка ичпейм.... Болду акыркысы.....
----Ыы Он беш жылдан бери кундо ушул созуну айтсын. Бул созуно жаш бала да ишенбейт!
----Болдучу энендурайындын кызы, азыр пачактап саламын..... !
Адеми жеп жаткан нанын койду да чыгып кетти...... Ушунчалык жадаган уйуно киргиси да келбейт....... Эшике чыгып, эшик алдынын чопторун тазалап отоп, шыпырып журду......
----Ким койсо да жакшы койгон атамды.
----Ким берсе да жаман Берген Бактымды....
Эмнеге Алыкул Осмонов бул ырын чыгарды экен.... Озунун жашоосуна нааразы сынарындай го,,,, китебин таап окушум керек .... Эмне себеп болду, бул ырды жаратканын себеби.... Кудум менин ичимдекини таап жазыптыр. .... деп ойго батып кетти....
----Адеми, уй Адеми кыз!
----Келиниз жене.
----Келдим.. Кандайсын?
-----Жакшы рахмат, озунузчу?
---Рахмат. Апан кайда?
----Уйдо кичине табы жок... Ооруп жатат...
----Аа туну атан дагы ичип келип, уруп, силерди кууптурго..... Ушул атандычы, колу бутун байлап туруп, сабап олтуруш керек озу. Эшекти.... Эшек! Адам торогон эмес бул акмакты... Ии байкушум десе Адеми...
-----Ким айтты мени байкуш деп? Ким эшек, Ким акмак? Сиздин кандай ишиниз бар!? Арак алып берип, жаныныз кыйналып жатабы? Ичсе озунун чонтогундогу акчага ичет.....
-----Ий, Оо кудай мына аары жок кантет ...ирас кылыптыр. Урсун дагы. Озу тилинер жаманда.... Жаш эле болуп туруп как башсын..... Апан кана дейм...?
-----Апам жок !
-----Олуп эле кетчи - деп былтындап чыгып кетти ..... Ал Сюзанна жене болчу.. .Аябай ушакчы аял..... Алдына келип, башка кошунаны жамандап, анан ал кошунага барып сени жамандап журо берет... Айылда кандай жанылык болосун биринчи угат..... Анан да айтып туруп, он мунот отпой мен айтканым жок деп тан албай тура бере турган адаты да бар..... Терс бурулуп кетип калды..
------Ары кетип жоголчу , жан куйгүзгон адам болуп ушунуку өттү.... Деп жумушун аудан аары улантып жатты.
Кечинде уйдо олтурса эшиктен ун угулду...
--Адеми чыкчы кызым. Бироо келген сынарындай го.... Уну угулуп жатат....
----Азыр апа.... Сыртка чыкты, кошуна Турнакан эже болчу....
_----Келиниз эже! Журунуз уйго кириниз...
----Жок кызым. Мен ушул эле жерден кетемин.... Кызым эртен сабакка барасынбы?
-----Ооба, эртен сабак эже...
----Акчага кун карамамды кырктырып жатканмын, адам аз..... Чыгып бере аласынбы!?
-----Макул эже кунуно канча бересиз?
----Жуз элуу берем....
-----Мен чыгамын....
---Эртен саат сегизге биздин уйго кире бер кызым........
----Макул... Эже... Турдукан эжени кузотуп койду.... Бара жатып, кайра кайтып келди..
-----Кызым апандын абалы кандай ?
---Жакшы эже, шишип кетиптир кечеги муш тийген жерлери.....
----Ай ии ушул байкушума да кыйын болду...
----Эже сиздин да тынчыныздарды алдык.... Уктатпай... Дайым силердикине качабыз. Тажатып жибердикко.....
----Кой антпе кызым... Атана да ынсап берип калаар... Эртерек эле биздикине кирип кетпепсинер..... Акен чыгып, атаны жаткырып койот эле...... Бар кызым уйуно кир,,,, эшик карангы... Мени кутуп алат уулум....
----Макул Жакшы баарыныз..... Эртен эртелеп чыгамын.....
Турдукан эже абдан борукер, ыймандуу аял.... Дайым жардам берип, тамак ашка да каралашып турат .... Адеми эс тарткандан бери кызынын эскисин кийип чонойду.... Тилинен бал тамган аял..... Жузундон нуру тогулуп турат.... Адеми артынан карап туруп, уйуно кирди...
----Ким экен!?
----Турдукан эже.....
----Эмне дейт!? Карангыда келиптир го тынчылыкпы теги?
----Ооба, апа тынчылык экен... Эртен талаага акча га ишчи топтоп журуртур... Мени да чакырды......
----Мектебинчи кызым?
----Апа жанны конугуулорлу кайталасам тушунуп аламын... Барып иштеп, уйго кум шекер, чай, гуруч, май картошка аламын....
Эки кун чыгамын.....
----Ии садагам кызым.... Макул ошент... Тиги атандан умутубузду узуп озубуз тиричилик кылышыбыз керек.
---Апа эмнеге атама турмушка чыккансыз?
----Мен кайдан билипмин ,мындай болоорун .Атан да ичпей калса тузук эле адам.
Жашында мындай эмес эле .Бара бара кооп иче турган болуп калды. Азыр болсо араксыз тура албайт...
--- Атамы жек кором! Жаман кором!
----Кой кызым акылын менен бол,атан жинди болсо байлап бақ- деген соз бар .Атанын каргышы жаман.Экинчи бул созунду айтпагын .
----Элдерден уялып бутум. Кыласста жада калса кочодо угамын .
---Макул кызым отуп кетет ,сабырдуу бололу . Менин акылдуум эрмегим сенсин ,жакшы сени биринчи торогон экенмин.Бутума бут, колума колсун . Кел кызым жай сал жаталы .Эртен барып иштеп кел. Менда барат элем, Жузумон уялып жатамын .
----Мен озум эле апа .Сиз уйдо эле болунузчу
Мен качан келсем уйдон жарк этип чыгып тосуп алынызчы .Жанып апам. Жакшы эс алыныз...
----Бар эми кир .Атан уктап калыптыр инилерин да сен да эс ал.....

Комментарии