Аллах та'ала айтат

Мен инсандар менен жиндерди өзүмө кулчулук кылуу үчүн жататтым (зарият сүрөсү-56 аят)
Баро ибн а'зиб р.а айтат Пайгамбарыбыз с.а.в айтат
Качан пенденин жаны чыгып кабырга койулган кезде ага суроо берилет
1-сенин роббин (кудайың,тарбиялоочуң) ким???
2-сенин Пайгамбарың ким???
3-сенин диниң кайсыл???
(бухарий.муслим)
автор: Өйдөңкү аятта Аллах бизди Адам затын Аллахты таанып билүү, ага ыйман келтирүү, ага таянуу, ага мойун сунуу, анын өкүмдөрүнө баш ийүү жана иш жүзүндө аткаруу үчүн жараткан.Демек бул жашоодо бул өмүрдө Аллахка ыйман келтирип ошол ыйманыбызды бекемдеп ал ыйманыбызга меенет кылып ыйман менен өлүмдү күтүп алуубуз керек.
Пайгамбарыбыз с.а.в айтып жатат биз качан өлүм келип бул дүйнодөн сапар тартып кабырга денебизди койгондон кийин биринчи эле суралуучу нерсе ал ыймандан экенин кабар берди.
Ыйманыбыз бекем болсо сенин роббиң ким? десе жүрөгүбүздөгү ыйманыбыз Аллах деп жооб берет
Сенин Пайгамбарың ким? десе жүрөгүбүздөгү ыйманыбыз МХАММАД деп жооб берет
Сенин диниң кайсыл?десе жүрөгүбүздөгү ыйманыбыз диним ИСЛАМ деп жооб берет.
Ыйман деген эмне десек ал ишеним, жүрөк менен ишенип тил менен тастыктоону айтат.
Биз бул жашоодо жараткан Аллахка анын Пайгаибарларына анын китептерине анын периштелерине жакшылык жамандык Аллахтан экенине өлгөндөн кийин кайрадан тирилишибизге кыйматта эсеп кысап беришибизге ишенип жүрөгүбүз менен тастыктап тилибиз менен айтып бекемдешибиз үчүн бул өмүргө келгенбиз.
Ыйман масалеси баарынан эң зарыл турат биз көнүл бурбай өмүрдү өткөрүп атканыбыз өкүнүчтүү болотат.😞
Акыйкатта ыйманыбыз бекем болгондо бул дүйнөгө эч кызыкпай жараткандын ыразылыгын гана эңсеп калат элек өкүнүчтүүсү бүгүн биз Аллахты унуттук дүйнөнү жакшы көрдүк анын ичиндеги күнөөнүда жашы көрдүк 😞
Жараткан Аллах бизди кечир жана туура жолуңа сал ыйманыбызды бекемде ыйманыбыз менен жаныбызды ал 🤲

Комментарии

Комментариев нет.