Аллах таала айтат

Акыйкатта биз инсандарды түйшүктүн ичине жараттык (Балад сүрөсү 4- аят)
Аллах таала айтат
Биз сөссүз сөссүз силерди коркунуч, ачкачылык, малы дүйнөңөрдү кемитип, араңардан жаныңарды алып, мөмө жемиш эгин тигиниңерди алып сынайбыз! (Бакара сүрөсү 155- аят)
Пайгамбарыбыз с.а.в.айтты
Кайсыл бир момун мусулман адамга сыноолор башына түшсө ал мындай деп дуба кылса бул сыноо Аллахтын өкүмү менен болду албетте биз Аллахка гана таандыкбыз жана ага гана кайтуучубуз деп дуба кылса жана оо жараткан Аллах ушул сыноону жакшылык менен алмаштыр деп даба кылса Аллах сөссүз ошол сыноону башынан кетирип жакшылык менен ордун толтурат деди (Муслим).
Автор. Ар бир адам бул дүйнөдө эч бир кыйналбай машакат чекпей баардык нерсе ойдогудай болсо деп арзуу кылабыз бирок жараткан Аллах тескеринче айтат касам ичип айтат бизди сыноо дүйнөгө машакат кыйынчылыктарга жараткан.
Бул өмүр бизге берилген чоң бакыт ошол өмүрүбүздү туура пайдаланып жараткандын сыноолорунан туура чечим чыгарып сабыр кылып дуба кылып ыразы кылсак анда биз каалаган машакатсыз сыноосуз таза тунук жашоону бейиште убада кылат.Ар бир адам ойлонуп көрсүн Аллах өзү касам ичип машакат жашоого проблемалар түгөнбөгөн жашоого жараттым деп атса эмнеге биз ошол сыноодон качабыз тескеринче чечкендин жолун таппай.Анркени биз өтө алсызбыз жообкерчиликктен качабыз башкаларды күнөөлөйбүз деги айта берсек толтура себептер.Жараткан Аллах бизди күчтүү болуубуз үчүн жообкерчиликти моюнга алуубуз учун жана Аллахтын ыразылыгын ошол жол менен табууну каалайт.Өйдөдө аятта бизге бир нече сыноолорду айтып өттү коркунуч менен ар дайым кыжалаттык сарсана болуу стресс депреция менен жэ ачкачылык ишибиз жүрүшпөй акча табуу кыйындап жэ банкрот жоготуу болуп топтогон малдарыбыз кыйроого учурап эгин тигиндерибизге апат келип түшүм ала албай жэ бизге жакын адамдарды бул өмүрдөн алып мына ушундай сыноолор менен сынайбыз деп айтты жана ушул сыноо кимдин башына келгенде ыйлап наалыбай тескеринче Аллахка дуба кылып Биз Аллахка таандыкбыз Аллахтын каалоосу болду жана Аллахка гана кайтуучубуз деп жана Оо жараткан Аллах бизге ушул сыноонун ордуна жакшылык менен толтур деп дуба кылышты Пайгамбарыбы с.а.в да үйрөттү .
Келиңиздер бир туугандар биз күчтүү болууга аракет кылайлы жалгыз жараткандын өзүнө гана жалбарып дуба кылайлы жана жалгыз кудайга гана таянып тобокел кылайлы мен өзүм дагы алсыз пендемин өзүм да ушул нерсеге муктажмын

Комментарии

Комментариев нет.