____🍒____ Шабдалы кант, темир, кальций, натрий, фтор, фосфор, селен, магнийге жана С, В, К, РР, Е витаминдерине бай. Андыктан ал көп ооруларга даба. Бат-бат суукка уруна берген, ичи көп каткан, аз кандуулук менен жабыркаган адамдар үчүн табылгыс азык. Жүрөк-кан тамырларын чыңдайт. Тамак сиңирүү системинин иштешин жакшыртат. Заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан, акырындап бөйрөктөгү майда таштардан арылтат, денедеги ашыкча сууларды айдап чыгат. Сөөктү, тишти, тырмакты, чачты бекемдейт. Маанайды көтөрөт. Шабдалынын мөмөсү гана эмес, данеги да баалуу. Данегинин 50 пайызы майдан, 25 пайызы белоктон турат. Данектери шарап, спирт ичимдиктерин жасоодо колдонулат. Мындан сырткары косметологияда кеңири пайдаланылган май алынат. . ЭСКЕРТҮҮ! . Шабдалынын сыртындагы түгү айрым адамдарга аллергия жаратышы мүмкүн. Курамында канттын өлчөмү көп болгондуктан, кант диабети жана семиздиктен жапа чеккендер да бул мөмөдөн баш тартышканы оң. ШИРЕЛҮҮ ШАБДАЛЫ . Керектелүүчү азыктар: (3 литрлик банка үчүн) Шабдалы – 2 килограмм Кумшекер – 400 грамм Лимон кычкылы – 2 чай кашык Суу – 1 литр . Даярдоо ыкмасы: . 1. Шабдалыны жууп, тең ортосунан жарып, данегин алып таштайбыз. 2. Алдын ала бууланган банкага шабдалынын кесимдерин иреттеп толтуруп тизебиз. 3. Кайнап жаткан сууну банкага толтура куюп, оозун капкак менен жаап, 10-15 мүнөткө тыныктырабыз. 4. Банкадагы сууну мискейге куюп алып, кумшекерди кошуп кайнатып, сироп даярдайбыз. 5. Сиропту ысык боюнча банкага куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз. Ширелүү шабдалы даяр! Кышкысын аны торт, пирог сыяктуу десерттерди жасоодо пайдаланууга болот...
ӨМҮР КЕМЕСИ
ШАБДАЛЫНЫН ПАЙДАСЫ ...
____🍒____
Шабдалы кант, темир, кальций, натрий, фтор, фосфор, селен, магнийге жана С, В, К, РР, Е витаминдерине бай. Андыктан ал көп ооруларга даба.
Бат-бат суукка уруна берген, ичи көп каткан, аз кандуулук менен жабыркаган адамдар үчүн табылгыс азык.
Жүрөк-кан тамырларын чыңдайт.
Тамак сиңирүү системинин иштешин жакшыртат.
Заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан, акырындап бөйрөктөгү майда таштардан арылтат, денедеги ашыкча сууларды айдап чыгат.
Сөөктү, тишти, тырмакты, чачты бекемдейт.
Маанайды көтөрөт.
Шабдалынын мөмөсү гана эмес, данеги да баалуу. Данегинин 50 пайызы майдан, 25 пайызы белоктон турат. Данектери шарап, спирт ичимдиктерин жасоодо колдонулат. Мындан сырткары косметологияда кеңири пайдаланылган май алынат.
.
ЭСКЕРТҮҮ! .
Шабдалынын сыртындагы түгү айрым адамдарга аллергия жаратышы мүмкүн. Курамында канттын өлчөмү көп болгондуктан, кант диабети жана семиздиктен жапа чеккендер да бул мөмөдөн баш тартышканы оң.
ШИРЕЛҮҮ ШАБДАЛЫ
.
Керектелүүчү азыктар: (3 литрлик банка үчүн)
Шабдалы – 2 килограмм
Кумшекер – 400 грамм
Лимон кычкылы – 2 чай кашык
Суу – 1 литр .
Даярдоо ыкмасы: .
1. Шабдалыны жууп, тең ортосунан жарып, данегин алып таштайбыз.
2. Алдын ала бууланган банкага шабдалынын кесимдерин иреттеп толтуруп тизебиз.
3. Кайнап жаткан сууну банкага толтура куюп, оозун капкак менен жаап, 10-15 мүнөткө тыныктырабыз.
4. Банкадагы сууну мискейге куюп алып, кумшекерди кошуп кайнатып, сироп даярдайбыз.
5. Сиропту ысык боюнча банкага куюп, оозун темир капкак менен бекитебиз. Ширелүү шабдалы даяр! Кышкысын аны торт, пирог сыяктуу десерттерди жасоодо пайдаланууга болот...