Комментарии
- Предыдущие комментарии
- В начало
- 21 мар 21:40Булар адам эмес айбан,айбандын да кутурган канчыктары бир тешик издеп андып коркутуп жаш кыздын тагдырын талкалады,бул кыздын келечеги бузулду,ошондуктан бул балдарга 25 жылдан бериш керек,кудайым жазасын жакын туугандарына берет
- 21 мар 21:47Аллахым жазаласын ушуларды шумшуктор жер бетинде кантип ошол ишти кылып басып журушту экен наристе кызды зордошуп
- 22 мар 06:28Эне менен кыздын ортосундагы байланыштын жоктугунан го,бул нерсе, бисмилла дегенде эле апасына айтканда,зоокурлорду давно жазасын бермек. Энеден коркконунан айталбай жертва болгон да.
- 22 мар 07:03Ушундайларга каты чара корулбой кобойду зордуктоолор тоок урдаса камайт эмнеге мындайларды камабайт ошон учун кобоюп жатат буларды элге берсе жакшы болот эле
- 24 мар 05:58Адам эмес бул акмактар ,айбанда ушундай кылбайт.Буларды бычып коюш керек ,жана омур бою абактан чыкпагандай кылып соттош керек ,турмодогулорго катын болуп беришсин . Кудайым озу жазаласын ,акмактарды .
- 25 мар 19:59Асып олтуруш керек баардыгын эл алдында ошондо коркушуп мындай иш аткарылбай калат
- 27 мар 15:07Бычыш керек, бизде чара корулбогону учун ошентишет коркутуп, кыздарга ушул боюнча сабак бериш керек, и Ворошиловский стрелок нужен автомат менен аткан
- 28 мар 01:51ушинтип зордуктап оңой кутулуп атышкан үчүн улам улам кыздарды зордуктап атат 9тен элдин астына алып чыгып асып салсын экинчи ал ишке барышпайт ачпаган үчүн биздин кыздар көр болуп атат элге чыкпай көмүскөдө жаткандар канча
- 26 апр 06:35Туура бир жолу асып же атып салса экинчи кайталанбайт эле бирок ошентип подстава менен иштегендер да жок эмес бар
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Секелек кызды 9 бала колдон-колго өткөрүп зордуктап жүргөн”.
Акыйкатчы жан кейиткен окуя тууралуу кабарлады Жамиля Жаманбаевага кайрылган аял 13 жаштагы кызы топ балдардан кордук көрүп жүргөнүн, укук коргоо органдары чара колдонбой жатканын айткан. “Сокулукта бир жылдан бери кызын 19-22 жаштагы 9 бала системалуу түрдө зордуктап жүргөн. Кыз ата-энесине айткандан коркуп, үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Январь айында дайынсыз жоголуп, 20 күндөн кийин табылган. Ошондо гана кыз балдар менен иштөө инспекторлоруна айтып берген. Анан ата-энеси билип, милицияга арыз жазган”, — деп айтылат маалыматта. Эненин айтымында, алгач тестиерди 20 жаштагы жигит алдап унаасына салып, шаардын четине алып барып зордуктаган. “Бирөөгө айтсаң 40 эркекке салып берем” деп коркуткан. “Бул окуядан кийин кызымдын жашоосу талкаланды. Аны мектептин же үйдүн жанында жигиттер аңдып, коркутуп-үркүтүп, машинага отургузуп кетип жүрүшкөн. “Ата-энеңе айтып беребиз” деп коркутуп зордукташкан. Кызымды 9 жигит колдон колго өткөрүп беришкен. Сокулук РИИБи шектүүлөргө карата эч кандай чара колдонбой жатат”, — деп даттанган кыздын апасы. Учурда секелектин психологиялык абалы оор, ооруканада жатат. Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Сокулукта дагы эки жашы жете элек кыздын боюна бүтүп, азыркы кылмышка шектелген 9 жигиттин бири бир кыз менен «нике» кыйдырган. Экинчи кыз таенеси менен жашайт, ата-энеси мигрант. Омбудсмен башкы прокурордон жана ИИМ жетекчилигинен бул боюнча тез арада чара көрүүнү талап кылды.