2 апр 2024

Кечээ Бишкектин чок ортосунда ушул аялдын уулун МАРШРУТКА СҮЗҮП өЛТҮРҮП, эч нерсе болбогондой кетип калыптыр.

Аял байкуш титиреген уулун кучактап жол тосуп олтурса унаалар дагы, адамдар дагы кайдыгер, видеого тартып аны эрдик кылгандай интернетке жарыялап атышат.
Анысы аз келгенсип тез жардам унаасы албай кетиптир, анткени өспүрүм дароо эле жан бериптир. Коомдун жүрөгү жок болуп баратат. Эшикте орозо, сооп үчүн деле бирөө жарым түшө калып колу бутун ушалап өлүп калса деле ишенбеген эне байкушка таканчык боло алышпаптыр!!
Өспүрүм жигит дагы туура эмес жерден чуркап чыга калса керек, жолдун ортосунда жатат.
Мал деле өлүп калганына кейип карап турат экен, малдан да төмөн түшкөн коомго айландык.
Акылбек Жапаровдун депутат кезинде ушундай айбандардын унаасын мамлекет тартып алып өзүн айдоочулук күбөлүктөн ажыратып, анан бир канча жылга соттоп жиберчү мыйзамы бар эле. Ошону күчүнө киргизет окшойбуз.
Милиция деле үн катпайт, башкасы деле унчукпады. Карапайым аялдын уулуна кайдыгер мамиле...

Кечээ Бишкектин чок ортосунда ушул аялдын уулун  МАРШРУТКА СҮЗҮП өЛТҮРҮП,  эч нерсе болбогондой кетип калыптыр. - 960539213533

Комментарии

  • 3 апр 2024 21:37
    Аллахым баарыбыздын балдарыбызды бейажал келген олумдон сактасын байкуш энебаласын жогоькусу келбейта Аллахым сабыо берсин ал эми тамаша кылган машинасы менен урган адамды жазасын берсин🤲
  • 3 апр 2024 22:29
    Элге эчкимге жакан жок иштесе мурун эле иштебейт беле эскилердин баарын жок кылыш керек
  • 4 апр 2024 00:54
    Эч бир ата эне балам деп сыздабасын
  • 5 апр 2024 10:15
    Жойлари Жаннатда болсин Иллохим Онажонга Сабир берсин Розаю Рамазонда сорок саволларини осон килсин Коронгу кабири Курон нурлари бн ёритсин Босган кадамлари гулу райхон болсин Чанкоклари Кавсар сувлари болсин Киёматгача таналари рохатда болсин Машхарда Пайгамбарлар сафида болгин болажоним Чин дунё га кетишингни озинг хам билмай колдингда Яратган эгам шу болажини Хуршиди Рахман Шоистаи Жаннат килгин Омин ортидан колганларга озинг чиройли сабирларингдан бергин Оллохим
  • 5 апр 2024 20:23
    ЭЭ УШУЛ ШААРДЫКТАР ЭСЕН ЭЛЕ БОЛГУЛААЧЫЫ ЫЙМАН ,ЫНСАП ДЕГЕН КАЛБАДЫ БУЛАРДАА ЭГЕР УШУЛ ОКУЯ АЙЫЛДА БОЛСО ТОКТОБОГОН АДАМ КАЛБАСА КК ЭЛЕЕ АТТИН АРМАН ДУНУЙОО КАЙДА БАРАТАБЫЫЗ
  • 7 апр 2024 13:43
    Энесине сабыр берсин курандан башка айла жок
  • 10 апр 2024 03:16
    Баардык жазылган комментарийлерди окуп алып жазганга дарман келбеди байкуш энени көрүп болгону ЭНЕДЕН БАЛАНЫ АЖЫРАТПАСЫН КУДАЙЫМ 🤲
  • 10 апр 2024 16:48
  • 13 апр 2024 10:14
    Барып илимдүү билимдүүлор көбөйөт бирок амалдары жок болот деген заман болуп жатат окшойт да
  • 25 апр 2024 20:36
    Эн туура дагы тангалып койообуз 7000 000 ти эле милиоонбуз деп.
  • 26 апр 2024 09:56
    Россияда болгондо, сразу камалат болчу, Кыргызстандан ушундай жанылыктарды окуп, тобо чачын тик турат, тообо кылдым, энесине сабыр берсин Кудайым!
    Атаганат каякка баратабыз Кыргыз элим?
  • 26 апр 2024 09:57
    VID-20240424-WA2273.mp4
    00:28
    VID-20240424-WA2273.mp4
  • 29 апр 2024 14:37
    Бул окуя силер ойлогондой, силер жазгандай болгон эмес, чынында бул окуя силер жазгандагыдай такыр болгон эмес. Элдер деле карап турушту, боорлору ачып, бирок эч ким жардам көргөзө алган жок, анткени эксперттер келмейинче оордунан алууга эч кимдин укугу жок экен. А маршрутканы болсо штраф стоянкага алып кетсе керек, силер тим эле итти сүзүп кеткендей эле жазыпсыңар го.
  • 29 апр 2024 16:01
    Эмнеге россияда орустар кичине бирнерсе болсо жагынып чуркап бара калабыз. Озубуздукуно келгенде жерди карабайсынар асман карап басасынар тооба мусульман мусулманга жардам бергенде Гана сооп жазылат. Оруска эмес.
  • 8 мая 2024 02:55
    Ушул жазган адам озунор да эмнеге суротко тарттынар анда?Телефонго тарткандын ордуна жардам корчотпойт беленер,адам биринчи озунон башташ керек!