2 апр 2024

Аллах та'ала айтат

1.Биз Куранды кадыр түн кечесинде түшүрдүк . 2.Сен (Мухаммад) кайдан билер элең кадыр түн эмне экениң!. 3.Кадыр түн миң айдан жакшыраак.4.Бул түнү периштелер жана рух (Жабраил) Роббисинин уруксаты боюнча ар түрдүү иштер менен (жер бетине) түшүшөт. 5.Тынчтык менен ал таңга чейин созулат
Абу Хурайра р.а айтат мен Пайгамбарыбыз с.а.в айтканын уккам
Ким Кадыр түнүн ыйман жана үмүт этүү менен намаз окуу менен өткөрсө Буга чейинки баардык күнөөлөрү кечирилет. ( Бухарий,Муслим)
Урматтуу окурман бир тууганым азыр берекелүү орозо айын өткөрүп жаткан кезибиз тагыраагы акыркы 3- бөлүктүн 10 күнүндөбүз. Бул акыркы 10 күнү тозоктон куткарылуу күндөрү болуп саналат жана бул 10 күндөрдүн так күндөрүнүн түнүндө Кадыр түн кечеси бар ушул түнгө жеткирген Аллахка мактоолор болсун.
Өйдөдө айтылып өткөн аятта Аллах таала ушул кадыр түн кечесинде Куранды түшүргөндүгү жана бул кече миң айдан жакшыраак экенин байандайт жана бул түнү периштелердин түшүшү жана Жабраил периштенин түшүшү жана бул түнү Аллахтын тынчтыгы саламы рахматы кечирми таң атканча болорун айтат.
Мына бул үммөткө берилген чоң белек ушул түнү ким ибаадат кылып өткөрсө анын баардык күнөөлөрү кечирилет жана миң ай ибадат кылгандын сообу берилет тагыраагы 84 жылга жакын ибаадаттын сообу берилет. Аалымдар айтышат миң ай (84жылга жакын) күндүзү орозо кармап түндөсү намаз окуп чыккандын сообу берилет.Ким өмүр бойу тагыраагы 84 жыл орозо кармап түндөсү намаз окуп өмүрүн өткөрмөк эле бирок бизге Аллах таала ушул кадыр түн кечесинде ибадат кылган адамга ушунча жылдын сообун берүүнү убада кылды жана пайгамбарыбыз с.а.в айтты баардык күнөөлөрү кечирилет деп. Биз эмне үчүн ушундай мүмкүнчүлүктү пайдаланбайбыз келиңиздер колдон чыгарып жибербейли бекем аракет кылайлы.
Кадыр деп дагы бир мааниси тагдыр дегенди билдирет аалымдар айтышат бул түнү Аллах таала пенделерин бир жылдык тагдырын жаза турган түн деп. Биз канчалык каалайбыз жашообуз жакшы жагына өзгөрүүсүн жакшы болуусун анда ушул түндү жөн гана уктап өткөрүп жибербейли!
Кадыр түн кечеси бойунча кайсыл күнү экени жөнүндө талаш тартыштар бар бирок көбүнчө аалымдары акыркы 10 күндөрдүн так күндөрдүндө дешет тагыраагы 21 23 25 27 29 кечесинде
Бүгүн 2 нен 3 нө караган жана 5 ден 6 на караган 8 ден 9 на караган түндөрү кадыр кечеси болуп саналат ( Аллах билүүчү)бүгүндөн баштап кадыр түн тосконго аракет кылайлы
Жараткан Аллахым баарыбыздын дуа тилектерибизди кармаган орозобузду кабыл кылган болсун жана баардык күнөөлөрүбүздү кечирген болсун пенделик кылып ката кемчиликтерди кетирген болсом сиздерден кечирим сурайм балким бул акыркы катымдыр эмки рамазан га чейин ким бар ким жок Аллах билүүчү

Комментарии

Комментариев нет.