КЕЙИБЕЧИ

Эх тууганым, кейибечи суранам,
Түшүнөмүн, бербейм бирок убадам.
Ичесиң деп, чегесиң деп урушуп,
Тарта бербе бекер эле убараң.
Ойлоп көрчү, ойлор менде тажаткан,
Ызалыктар курчаган туш тараптан.
Жүрөгүмдө толо толо арман бар,
Кээ бирде мен ичип койом арактан.
Армандарым жүрөк оору жаратты,
Кээбирлери, жалган ушак таратты.
Сыр айтканга адам таппай кээ бирде,
Айлам жоктон шерик кылам аракты.
Нечендеген сан ойлорго батамын,
Бирин бири саткандарга капамын.
Кайдыгерлик каптап келди карачы,
Үшкүрүнөм, улам чылым тартамын.
Уккун мени, сага айтайын чынымды,
Бек катамын, бирок айтайм сырымды.
Арманымды угатурган адам жок,
Көп ойлонуп, тартып келем чылымды.
Билем бирок, жанга пайда экенин,
Күйгөнүңдөн айткан насаат кептериң.
Түшүн тууган, сени уят кылгыдай,
Көп ичип мен, алкаш болуп кетпедим.
Бүт күйүттү чыгарсамда экөөнөн,
Бөксөрбөдүм, бирок толуп кетпедим....
Автор: Жыргалбек Усенов. 03.05.2024
01:00 Алай, Гүлчө.

Комментарии

Комментариев нет.