Комментарии
- Предыдущие комментарии
- В начало
- 18 мая 18:50Толтура оору менен жабыркайт если надо. Жыныс мучосу менен деле жабыркайт . Ошондо эмне ушуларды кошуп жазыш керекпи. Башка оорулар деле турса
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- 19 мая 13:53Жусай канча сом эжеси? Сизден сатып алайын дедим эле️
- 20 мая 15:10Ооба жазыш керек, кимге керек болсо билип алат, кимдин эмчеги ооруйт, кимдин (.....). Аялдын жыныстык мүчөсү, эркектин жыныстык мүчөсү деп эле жазылат, эмчекке келсек көкүрөк дегенде общий көкүрөк түшүнүлөт, атайын жазыш керек, ага эмне териктиңер, тообо
- 20 мая 15:40Бул жерде жүсөй жөнүндө сөз болуп атат . Эмчекти , жыныс мүчөнү коюп , сен мага жүсөйдү айтчы бай болгур
- 21 мая 09:24Жүсай жөнүндө бүт жазыптыр автор, контексти оку жакшылап, айрыкча кайсы органдарга пайдалуу экендигин баса белгилеген. Любой Чөп чар белгилүү бир органдарга таасир берет пайдаллуу,ошон үчүн жазган эмчекти...
- 25 мая 22:49Акча жок, деген создон кутулууну каалайсызбы?
Анда мен сизди уйдо отуруп, онлайн бизнес аркылуу акча
табууну
уйротомун.
Онлайн бизнеске , кунуно болгону 2-3 саат убактыныз кетет.
Эн негизгиси в акча коп тушот, сени эч
ким жумуштан кет же кечиктин деген соз озу болбойт Х
Аракет кылсаныз соссуз ийгилике
жетесиз. V
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
ӨМҮР КЕМЕСИ
✔️Жусайда - белок, кант В жана С витамини өтө көп болот.
Ашказандын иштөөсүн жакшыртат, терди жөнгө салат, зааранын жүрүшүн жакшыртат.
❗❗❗Жусайдын табияты ысык болгондуктан ысыкчан адамдар көп жебөөсү керек. Жусайдын дагы бир жакшы касиети темир буюмдарды жутуп алганда, аны кайнаган сууга чылап жусай жумшагандан кийин жесе ал буюм заар менен чыгып кетет. Жусайды жалаң эле тамакка пайладанбастан, анын тамыры, жалбырагы жана уруктары дары болуп эсептелинет. Жусайдын даамы ачуураак, табияты кургак ысык, анын бышканынын табияты нымдуу ысык болот.
✔️Жусайдын тамыры, жалбырагы, уругу ич өткөккө, боордун иштөө кызматына, адамды дүүлүктүрүү, жандандыруу, кубат берүү, сынгандан, чыккандан кийинки жарааттарга, ичегисине суук тийгендерге, кан түкүргөндөргө, мурундун каны токтобогондорго, көкүрөгү ооругандарга жана башка ушу сыяктуу көп ооруларга жардамы тиет.
✔️Жусайдын уругу адамдын жүрөгүнүн иштешин жакшыртат, бел ооруну басат.
✔️Жусайдын жардамы төмөнкүлөргө да пайдалуу: Дем алуу органдар сезгенгенде эки баш жусайдын тамырын 250 г чылан (жийденин бир түрү) менен кошуп кайнатып, анан жусайдын тамырын алып таштап, суусун тундуруп алып пайдаланса жардам берет. Жөтөлгөндө, түкүргөндө чыга турган какырыкты жок кылыш үчүн, 90 г жусайдын тамырын майдалап, чай менен ичсе пайдалуу. Адамдын эмчек бези сезгенгенде бир боо жусайга 6 г өрүктүн данегин кошуп, майдалап ооруган жерге сүртсө жардам берет.
#Жусай