Аалымдар (Аллах аларды рахматына алсын) айтышкан – мусулман адамга өзүнүн диндеш бир тууганын, анын намысын, өзүн жана мүлкүн коргоо милдет.

Намысына келсек – эгерде ал диндеш бир тууганын бирөө жамандап, ал тууралуу ушак таркатып жатканын угуп калса бир тууганына болушуш керек. Өзүнө келсек – эгерде кимдир бирөө анын мусулман бир тууганына кол салгысы келип, аны коргоп калуу колуңан келсе, бул сен үчүн парз. Ошондой эле кимдир бирөө мусулман бир тууганыңдын мүлкүн тартып алгысы келсе, анын мүлкүн коргошуң керек.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айткан: “Пенде мусулман бир тууганынын муктаждыктарына жооп бергенин токтотмойун, Аллах анын муктаждыктарына жооп бергенин токтотпойт”. Б.а.сен сага муктаж болгон диндеш бир тууганыңа жардам берсең, буга жооп кылып Аллах муктаждыктарыңда сага жардам берет.
Ушул нерседен мындай түшүнүк келип чыгат: эгерде пенде диндеш бир тууганына карата адилетсиз болсо, анын бир туугандыгы толук эмес. Эгерде ал диндешин ага адилетсиздик болуп жатканда, диндеши анын жардамына муктаж болбосо да калтырып кетсе, анын бир туугандыгы толук эмес. Ушуну менен ал улуу жакшылыктан куру кол калат, ал жакшылык бул өзү муктаждыкка кабылгандагы Аллахтын жардамы.
Кайгы – бул адамды ичинен жеп, адамга кыйынчылыктарды алып келүүчү нерсе. Эгерде сен диндеш бир тууганыңды кайгысынан арылстаң, Аллах сени Сот Күнү бир кайгыдан куткарат”.
Шарх "Рияд ас-салихин", 67 бөлүм.

Комментарии

Комментариев нет.