«Мен ыйманымды жоготуп алуудан корком...


ал-Харис ибн Му'авия айтат: “Бир жолу мен пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) сахабасы Абу ад-Дарда катышкан чогулушта элем, ал бизди дажжалдын фитнасынан эскертип жаткан. Ошондо мен ага: “Аллахка ант, мен үчүн дажжалдан да артык корккон нерсе бар” дедим. Абу ад-Дарда: “Сен үчүн дажжалдан да коркунучтуу эмне болушу мүмкүн?” деп сурады. Мен ага: “Мен (дажжалдан да артык) ыйманымдан кол жууп, керек болсо аны билбей калуудан корком!” дедим. Абу ад-Дарда: “Сенин энеңе береке болсун, о киндий аялынын баласы! Сен жок дегенде сен сымал өзү үчүн корккон жүз адамды билесиңби?! Сенин энеңе береке болсун, о киндий аялынын баласы! Сен жок дегенде сен сымал өзү үчүн корккон элүү адамды билесиңби?! Сенин энеңе береке болсун, о киндий аялынын баласы! Сен жок дегенде сен сымал өзү үчүн корккон он адамды билесиңби?! Сенин энеңе береке болсун, о киндий аялынын баласы! Сен жок дегенде сен сымал өзү үчүн корккон үч адамды билесиңби?! Сенин энеңе береке болсун, о киндий аялынын баласы! Сен жок дегенде сен сымал өзү үчүн корккон бир адамды билесиңби?! Аллахка ант, ыйманын жоготуп алуудан коркпогон жана өзүн андан коопсуздукта сезген ар бир адам сөзсүз андан кол жууйт, ал эми андан кол жуугандан кийин эч качан кайра ага ээ боло албайт!” [“ал-Ибана ал-Кубра", 2/758]

Комментарии

Комментариев нет.