Таарыныч – бул пенде өзүн таарынткан адамды жазалап жатам деген ой менен жүрөгүндө алып жүргөн оор жүк.

Иш жүзүндө ал жүк таарынган адамды гана басып, аны тынчтыктан кол жуудурат, жакындарынан алыстатат жана жүрөгүн катуу кылат. Таарыныч – бул башкага зыян берет деген үмүт менен өзүң ичип жаткан уу сымал. Кээде таарыныч узак жылдарга, керек болсо бул дүйнөдөн өткөн адамдарга карата дагы жүрөктө жашай берет. Ал эми кээде тескерисинче болот – адам бирөөгө таарынып жүрөт, бирок эмнеге таарынганын унутуп калган болот.
Аллах айтат: “...(аларды) кечирсин жана айыбынан өтсүн. Аллаh силерди кечиришин каалабайсыңарбы? Аллаh Кечиримдүү,
Ырайымдуу” (Нур: 22). Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кечирип жана таарынычты койо берүү маанилүү. Андан да жакшысы колдон келсе элдешип, ал адамды көздөй кадам таштоо. Кечирүү – зулумдукту актабайт, ал жүрөктү анын бийлигинен бошотот. Кечирген адам өзүнө Аллахтын мээриминин эшигин ачат.
Аллахым жүрөктөрдү тазалап, таарынычтардан эркин кылсын. Амиин!

Комментарии

Комментариев нет.