Сабит (ал-Бунани) Анас ибн Маликтин (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегенин кабарлайт: “Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) тирүү кезинде (Мединада) эки бир тууган жашаган болот, алардын бири дайыма пайгамбарыбызга ﷺ келип жүрөт, экинчиси кесиби менен иштеп, ырыскысын табат эле.
Бир күнү ал эки бир туугандын иштеп жүргөнү пайгамбарыбызга ﷺ келип, илим алган инисинин үстүнөн арызданат. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: “Балким сенин ырыскың ушул илим алып жүргөн бир тууганың себептүү берилип жаткандыр” деп айткан.Имам ат-Тирмизи (2345), ал-Хаким (1/93-94), ал-Баззар (6988), Хадис сахих: «Рияду-с-салихин» (84), «ас-Сильсиля ас-сахиха» (2769), «ас-Сахих аль-Муснад» (20), «Тахриж Рияду-с-салихин» (84). Бул адам жалгыз иштегенге мажбур болуп жатканын айтып арызданган. Б.а.балким сен бир тууганыңа камкордук кылганың себептүү Аллах сага ырыскыңды берип жаткандыр, анткени Аллахтын пендеси бир тууганына жардамын токтотмоюн, Аллах да ал пендесине жардамын токтотпойт. «Рияду-с-салихин» (61-бет).
Ихсан Медиа
Сабит (ал-Бунани) Анас ибн Маликтин (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегенин кабарлайт: “Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) тирүү кезинде (Мединада) эки бир тууган жашаган болот, алардын бири дайыма пайгамбарыбызга ﷺ келип жүрөт, экинчиси кесиби менен иштеп, ырыскысын табат эле.
Бир күнү ал эки бир туугандын иштеп жүргөнү пайгамбарыбызга ﷺ келип, илим алган инисинин үстүнөн арызданат. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: “Балким сенин ырыскың ушул илим алып жүргөн бир тууганың себептүү берилип жаткандыр” деп айткан.Имам ат-Тирмизи (2345), ал-Хаким (1/93-94), ал-Баззар (6988), Хадис сахих: «Рияду-с-салихин» (84), «ас-Сильсиля ас-сахиха» (2769), «ас-Сахих аль-Муснад» (20), «Тахриж Рияду-с-салихин» (84).
Бул адам жалгыз иштегенге мажбур болуп жатканын айтып арызданган.
Б.а.балким сен бир тууганыңа камкордук кылганың себептүү Аллах сага ырыскыңды берип жаткандыр, анткени Аллахтын пендеси бир тууганына жардамын токтотмоюн, Аллах да ал пендесине жардамын токтотпойт. «Рияду-с-салихин» (61-бет).