Комментарии
- 16 сен 2015 19:32Kanatbek SharshenalievТазалык ыймандан.
- 16 сен 2015 22:25жазгул жанкауландысыны дагын чыгарыныздар Аллах раазы болсун сиздерден
- 17 сен 2015 20:13мирлан шукуровЧоооооооон рахмат дагын кутобуз
- 17 сен 2015 23:44Жайлообек АкматовЧон рахмат Аллах раазы болсун
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Ихсан Медиа
~ САБАК ~
Уландысы...
↘ Гусул кылбастан, жеп-ичүү жана уктоого болобу?
Жуунбаган абалда жеп-ичүүнү кааласа, биринчиден
колдорун, анан оозун жуйт, анан тамактанса болот.(“ Сахихул
Муслим” (Ибн Дауд) 2/1006).
Жуунбаган абалда уктоону каалаган киши эгер намаз
убагын өткөрүп жибербестен ойгонооруна ишенсе, уктаса
болот.
Расулуллоh (САВ) айткан: “Чынында, ичинде ит, сүрөт
жана жуунбаган киши болгон үйгө периштелер кирбейт”
(“Сахихул Муслим” (Ибн Дауд) 2/1000).
Бул хадисте жуунбаган абалда жүрүүнү адат кылган, бир
нече убак намазды өткөрүп жибергендер назарга алынган.
Демек, катнаштан соң канчалык тезирээк жуунса,
ошончолук жакшы. (“Сахихуль- Муслим” (Ибн Дауд):2/1000).
Булганган кишинин уктаардан мурда даарат алганы
ылайыктуу. Кээ бирөөлөр мустахаб деп айтышкан (“Сахихуль-
Муслим” (Ибн Давуд): 2/1005).
↘Булганган аял баласын кандайча эмизет?
Эмизүүчү аялдын баласы ыйласа, жуунуга убакыт
болбосо, көкүрөгүн жууп, баласын эмизсе болот.
Жунуб (булганган) абалда түктөрдү жана тырмак алуу
Жуунбаган абалда киндиктин алдындагы түктөрдү
тазалоо жана тырмак алуу макрух (“Фатава’и Хиндиййа”:5/357).
Бул иштерди жуунгандан соң аткаруу керек (“Фатава’и
Хиндиййа”:3/358). Этеккир жана нифастагы аялдардын өкүмү да
ушундай.
Имам Газзалий “Дин илимдерин жандандыруу” аттуу
китебинде мындай дейт: “Жунуб (булганган) кишинин
тырмак алышы, түктөрүн кыруусу, киндик алдындагы жана
колтуктун түктөрүн тазалашы, кан алдырышы же денесинен
ар кандай бөлүктү, үзүшү, сыйрышы дурус эмес. Анткени
бардык мүчөлөр, бүтүндөй дене кыяматтка тирилгенде,
жуулбай калган же жунуб (булганыч) болгондо жуулбастан
кырылган ар бир түк жунуб (булганыч) абалда болот”
(“Mугнил-Мухтажа”: 1/75).
↘Спираль гуслга тоскоолдук кылабы?
Гуслда жуулушу парз болгон жерлер дененин сырты.
Жатын дененин сыртында болбогондуктан, жуунун
зарылдыгы жок. Спираль жатындын ичинде болгондуктан
гуслга тоскоолдук кылбайт.
↘Жин менен катнашта болгонго гусл кылуу милдетпи?
Жиндер мага жакындашат, мени менен катнашта болот
жана адаттагы жыныстык катнашта сезе турган туйгуну
табам, деген сөздөрдүн өзү гуслду шарт кылбайт. Бирок аял
киши мындай катнаштан маний көрсө, ихтиламдан
(булгангандыктан) жуунуусу керек (“Фатава’и Хиндиййа”:1/15).
↘Аял гуслда чачынын өрүмүн жандырышы
керекпи?
Аял өрүлгөн чачтарын гуслда жандырууга милдеттүү
эмес (“Дураруль-Хуккам”: 1/17). Өрүлгөн чачтын түбүнө суунун
тийүүсү жетиштүү. Мындан максат жеңилдик. Ал эми
чачтары жандырылган абалда болсо, ар бир жерин жуумак
парз. Эгерде өрүмдөр атайын колдонуучу нерсе менен бири-
бирине жабыштырылып, чачтын түбүнө суунун жетишине
мүмкүндүк болбосо, чачты жандыруу керек. Умму Салама
(розияллоху анха) энебиз: “Я Расулуллаh (САВ), мен
чачтарын өрүп, байлаган бир аялмын. Жунуб же айыздан
кийин гусл кылып жатканымда чачтын өрүмүн жандыруум
шартпы?” деп сураганда, Расулуллоh (САВ) минтип айткан:
“Кош кочуштап башыңдан үч ирет суу куйсаң, жетиштүү
болот” (Субутус-Салам”: 1/91).
Эгерде эркектин узун жана өрүлгөн чачы болсо, аны
жандырып, чечип жуумагы шарт (“Дурарул-Хуккам”: 1/17).
↘Аял киши жыныстык катнаштан соң айыз көрсө,
гусл кылуу зарылбы?
Эгерде аял түшүркөп же эркек менен катнашып
булгангандан соң айыз көрсө, гусл кылуу ага ыктыярдуу кааласа жуунат же болбосо айыздан бошонгондо жуунат.
Анткени гусл бул намаз окуу үчүн. Ал эми намаз окуу –
айыз абалдагы аял үчүн каны токтобостон мурда мүмкүн
эмес. Ошого карабастан, намаз окубаган айыз учурунда
болсо да, жуунган артык (“аль-Мабсут: 1/170). Анткени денени
таза суу менен жуумак кан айланууну жакшыртат. Айыз
мөөнөтү бүткөн аял жуунбастан мурда жыныстык катнашта
болгон болсо, андан соң бир гана ирет жуунуусу жетиштүү
(Ибн Абидин: 1/155).
Уландысы бар...
📚АЯЛДАРГА ТИЕШЕЛУУ ЭН ЗАРЫЛ ШАРИЯТ МАСЕЛЕЛЕРИ китебинен
🌿 ЫЙМАН НУРУ