БИРИНЧИ ТОПТОГУЛАР ( уландысы ) ... Ата-энесин өтө урматтап, сыйлай турган жаш келинге күйөөсү ачуу үстүндө кол көтөрүп коёт. Келин ыйлаган боюнча ички үйгө кирип кетет. Ошол мезгилде капыстан эшик тыкылдайт. Жигит эшикти ачса, астанада жылуу салам айтып, кыздын ата-апасы менен агасы турат. Үйдө эмне болгондугунан кабарсыз меймандар көтөрүнкү маанайда ичкери киришет. Ата-энесинин келгенине кубанып кыз алардын жанына чыгат. Көздөрү кызарган кызын көргөн апа эч токтоно албастан : - Ай эмне болду, ыйладыңбы ? – дейт. А кыз болсо акылдуулук кылып : - Сиздерди сагынып ыйлап олтурган элем, Аллахка шүгүр, Өзү сиздерди жеткизди, - дейт. - Сагынганда ыйлабай эле, уулума айтсаң, дароо үйгө алып барат, туурабы уулум ? – деп күйөө балага жүзүн бурду. Кыздын көзүнөн өтүп, жүзү кызарып олтурган күйөө бала шашкалактап : - Албетте албетте - деди. - Жок, жок, өзүбүз келип турабыз – деп сөзгө аралашты атасы. Мейманчылыктын акырында кайната күйөө балага көп санда акча берип << кемчиликтериңерге иштеткиле >> - деди, Акылдуу кыз тапкычтыгы менен чоң жаңжалдын алдын алды. Ата - энесине мээримдүү болгон кыздын адебин көргөн жигиттин келинчегине болгон махабаты дагы да ашты. << Жакшылык>> сөзүнүн маанисин өз ичине алган нерселерди амалга ашыргандар, Аллах Тааланын : << Ата – энеге жакшылык кылууңарды буюрду >> - деген аятына амал кылган болсо, Жаратуучу тарабынан дүйнө жана Акыретте чоң-чоң сыйларга ээ болушат. Апасына өтө мээримдүү болгондугу үчүн, Уасил Карнийге << дубасы дароо кабыл болуу >> даражасы берилген. Кимдир бирөөлөргө өзүнө окшош, салих перзенттер атоо кылынган, кимдир бирөөлөрдүн мал дүнүйөсү балекеттен сакталган. Момун << ата – энесинин акысынан кутулам >> - деп башка милдеттерди жокко чыгарбайт. Бул дүйнөдөн көздөрү өткөндөн кийин да, аларга кылган жакшылыктарын улантканы - уланткан. Ата-энесин сүйгөн кишилер үчүн, аларга жакшылык кылуу - аларга кызмат кылуу менен эле токтобойт. Ар убак маңдайын жайнамазга койгондо, таспехте Аллахты улуктоодон кийин : << Ээ Аллах, ата-энемди жана алардын ата-энелерин рахмат кыл, күнөөлөрүн кечире көр, кабыр азабынан жана тозок азабынан өзүң сакта, бейишке сураксыз кирүүлөрүн насип эт...>> - деп дуба кылат. (уландысы бар )... 📗 ЭНЕНИН БАРКЫ- китебинен. 🌿 ЫЙМАН НУРУ
Ихсан Медиа
~ БИР АЯТКА БЕШ ТҮРДҮҮ ЖООП ~
БИРИНЧИ ТОПТОГУЛАР
( уландысы )
... Ата-энесин өтө урматтап, сыйлай турган жаш келинге күйөөсү ачуу үстүндө кол көтөрүп коёт.
Келин ыйлаган боюнча ички үйгө кирип кетет. Ошол мезгилде капыстан эшик тыкылдайт. Жигит эшикти ачса, астанада жылуу салам айтып, кыздын ата-апасы менен агасы турат. Үйдө эмне болгондугунан кабарсыз меймандар көтөрүнкү маанайда ичкери киришет.
Ата-энесинин келгенине кубанып кыз алардын жанына чыгат. Көздөрү кызарган кызын көргөн апа эч токтоно албастан :
- Ай эмне болду, ыйладыңбы ? – дейт. А кыз болсо акылдуулук кылып :
- Сиздерди сагынып ыйлап олтурган элем, Аллахка шүгүр, Өзү сиздерди жеткизди, - дейт.
- Сагынганда ыйлабай эле, уулума айтсаң, дароо үйгө алып барат, туурабы уулум ? – деп күйөө балага жүзүн бурду.
Кыздын көзүнөн өтүп, жүзү кызарып олтурган күйөө бала шашкалактап :
- Албетте албетте - деди.
- Жок, жок, өзүбүз келип турабыз – деп сөзгө аралашты атасы.
Мейманчылыктын акырында кайната күйөө балага көп санда акча берип << кемчиликтериңерге иштеткиле >> - деди,
Акылдуу кыз тапкычтыгы менен чоң жаңжалдын алдын алды. Ата - энесине мээримдүү болгон кыздын адебин көргөн жигиттин келинчегине болгон махабаты дагы да ашты.
<< Жакшылык>> сөзүнүн маанисин өз ичине алган нерселерди амалга ашыргандар, Аллах Тааланын : << Ата – энеге жакшылык кылууңарды буюрду >> - деген аятына амал кылган болсо, Жаратуучу тарабынан дүйнө жана Акыретте чоң-чоң сыйларга ээ болушат.
Апасына өтө мээримдүү болгондугу үчүн, Уасил Карнийге << дубасы дароо кабыл болуу >> даражасы берилген. Кимдир бирөөлөргө өзүнө окшош, салих перзенттер атоо кылынган, кимдир бирөөлөрдүн мал дүнүйөсү балекеттен сакталган. Момун << ата – энесинин акысынан кутулам >> - деп башка милдеттерди жокко чыгарбайт. Бул дүйнөдөн көздөрү өткөндөн кийин да, аларга кылган жакшылыктарын улантканы - уланткан. Ата-энесин сүйгөн кишилер үчүн, аларга жакшылык кылуу - аларга кызмат кылуу менен эле токтобойт. Ар убак маңдайын жайнамазга койгондо, таспехте Аллахты улуктоодон кийин :
<< Ээ Аллах, ата-энемди жана алардын ата-энелерин рахмат кыл, күнөөлөрүн кечире көр, кабыр азабынан жана тозок азабынан өзүң сакта, бейишке сураксыз кирүүлөрүн насип эт...>> - деп дуба кылат.
(уландысы бар )...
📗 ЭНЕНИН БАРКЫ- китебинен.
🌿 ЫЙМАН НУРУ