11 ноя 2016

=АЗИРЕТИ АЙША

РАДИЙАЛЛАХУ АНХА=
Азирети Айшанын жашы жөнүндө риваяттар.
Бул нике Мадиналыктарды таң калтырган жок. Алар үчүн кадимкидей эле нике болуп эсептелген. Ислам душмандарынан эч кимиси каршы чыга алган жок. Чындыгында, буга каршы чыга тургандай себеп деле жок болчу. Анткени, кеп боло турган болсо, Азирети Айшанын жаш болгону жөнүндө сөз болмок. Пайгамбарыбыздан (саллаллаху аълайхи уа саллам) мурун Мутим бин Адиййдин уулу Жубайр Ашанын сурап келишкен. Эгерде Айшаны бойго жете элек деп эсептешкенде, анда анын конулун сурап келишпейт эле.
Бул жерден биз мындай жыйнтык чыгара алабыз: Ошол замандын талабы боюнча, кыздардын жаш чагында эле күйөөгө берилиши, алардын салтына каршы келген эмес. Анткени, кыз эки шарт менен күйөөгө чыга алчу.
1) Психологиялык жактан, Азирети Айшанын карай турган болсок Азирети Айша Пайгамбарыбыздан (саллаллаху аьлайхи уа саллам) мурун башкага бирөөгө кудалаган болчу. Эгерде бойго жете элек болгондо, үйлөнүү сунушун кабыл албас эле Ошол убакта кыз 9-10 жашка толгондо бойго жетип, психологиялык жактан даяр деп эсептелген. Албетте, мында айлана-чөйрөнүн таасири чоң роль ойнойт. Буга болгон көз караштар заман өзгөрөгөн сайын үрп-адатка жана коомго жараша өзгөрө бермекчи.
2) Биологиялык жактан карасак, бойго жетүү доору кирет Арабиянын климатында биздин түшүнүгүбүз боюнчп "эрте" деп эсептелген 8-9 жаш, алар үчүн кыздардын бойго жеткен курагы болуп саналат. Бул да Азирети Айшанын табияты үйлөнүүгө даяр экендигин көрсөтөт. Айрыкча, учурда болуп жаткан гармониялык бузучуулар жана айлана-чөйрөдөгү жыныстык өзгөрүүлөрдун айынан бойго жеткендердин жашы 9-10 го түшкөн.
Айрыкча, Араб жарым аралын кыдырган бир мусташриктин мындай деп айткан сөзү бар.
Айшанын жашы кичине болсода, Араб аялдарына таандык бир жашта болсо керек. Азирети Айшанын никелеп жаткан учурдагы жашы тууралуу түрдүү маалыматтар бар. Мисалы Закаи Конрапа Айша энебиз 17 жашында хижрат (көч) кылгандыгын Пайгамбарыбыз (саллаллаху аълайхи уа саллам) менен үйлөнүп жатканда жашы 18 де болгондугун кабарлаган. Бул маалыматты тастыктаган көптөгөн так маалымат болбогондуктан, биз Азирети Хадижанын кайтышынан соң хижрадан үч жыл мурун Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху аълайхи уа саллам) менен баш кошушканын айта алабыз. Бул да пайгамбарлыктын онунчу жылы Шавваль айына туш келет. Нике түнү Мадинада, Шавваль айында хижранын алгачкы жылында болгон.
------Уландысы бар...
📗МОМУНДАРДЫН ЭНЕЛЕРИкитебинен
🌿ЫЙМАН НУРУ

=АЗИРЕТИ АЙША - 848688809776

Комментарии

  • 12 ноя 2016 07:44
    Не болсода Аллахым ыразы болсун мен суйгон инсандар булар Пайганбардын уй булосу эн соонун улгулу болгон уй було. Менда айша энебиздей тарбиялу кыздардан насип кылсын Аамиин.
  • 12 ноя 2016 07:45
    Магада насип этсин айша энебиздей кыздардан.