19 сен 2017

=АЯЛ ЗАТЫ ТУУРАЛУУ ОЙЛОР=

“Аялдар көлөкө сыяктуу, куусаң качат, качсаң кубалайт.” – Франсуа Рене де Шатобриан
“Сулуу аял көзгө, ал эми акылдуу аял жүрөккө жакшы көрүнөт. Биринчиси жалтырак болсо, экинчиси казына сыяктуу”- Напалеон Бонопарт
“Отко салса күйбөгөн алтын, алтынды көрсө азгырылбаган аял, аялды көрсө азгырылбаган эркек баалуу болот”- М. Горький
“Аялдыкы туура эмес болсо, биринчи иретте, андан кечирим сураш керек”- Франсис де Круассе.
“Үй оокатка жок аял үйүнөн бакыт таба албайт. Үйүнөн бакыт таба албаган аял, башка эч жерден бакыт таба албайт”- Л. Толстой.
“Атактуу адамдардын көпчүлүгүнүн энелери мыкты болгондугу таң калаарлык далил; алар атасына караганда энелеринен көп тарбия алышкан”- Г. Бокль.
“Бир туугандарыбызды, түгөйүбүздү, атабызды сүйгөнүбүз менен, жан кыйнылганда ар дайым оозубузга биринчи энебиз келет”- Н. А. Некрасов.
“Эне деген атка татыктуу аялга даңк; анын сүйүүсүнө чек жок, анын эмчек сүтү менен бүткүл дүйнө азыктанган. Адам баласындагы баардык асыл нерселер күндүн нуру менен эненин сүтүнөн жаралган. Ошондуктан биз жашоону сүйүүгө мажбурбуз”- М. Горький.
“Мен үчүн аялдын эки гана түрү маалим: Биринчиси бизди азапка салса, экинчиси биздин азабыбызды тартат. Биздин азабыбызды тарткандардан мен бирөөнү гана билем. Ал - менин энем”- Эзоп.
“Улуттун келечеги энелердин колунда”- (О. Бальзак)
Оо аялдар, бирөөң жыттуу миң гүлдөн
Сулуусуңар суктандырып сүйдүргөн.
Эриш-аркак кайда болсо ээрчишип
Эсен болсун эркегиңер бир жүргөн. (Б.Сарногоев)
“Өмүрүмдүн кайталангыс күлгүн курагын кайра жаралгыс таланттуу, акылдуу, ажарлуу айымдар коштоду”- Ч. Айтматов
“Күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аял турат”- британ макалы.
💻интернет булагынан...
🌿ЫЙМАН НУРУ медиа порталы

=АЯЛ ЗАТЫ ТУУРАЛУУ ОЙЛОР= - 860623633712

Комментарии