Кайсы Айда торолгонсуз?
Участников 11 593. Результаты после участия
Январь
Февраль
Март
Апрель
Май
Июнь
Июль
Август
Сентябрь
Октябрь
Ноябрь
Декабрь

Көпчүлүк адамдар жылдыз төлгөгө ишенишет.

Бирок, биз менен сиздин тагдырды бир гана жылдыздар чечүүсү мүмкүн эмес. Көрсө, адамдын кайсы айда төрөлгөнүнө карап, кулк-мүнөзү калыптанат экен. Ошол калыптанган акыл-эс жашообузда тандоо жасообузга, муктаждыктарыбызга, мүнөзүбүзгө таасир этет. Ошол эле убакта, ар айда туулган айымдардын өзгөчөлүгүн эске алып жүрүңүз.
Январда төрөлгөн айымдар
Амбициясы абдан чоң, көп нерсеге туруштук бере алган, чыдамкай болушат. Жашоодогу мамиле менен анын өзүнө олуттуу карашат. Бул айда төрөлгөн кыздар өздөрү жакшы көргөн жана интеллектуалдык деңгээлине тең келе ала турган адамдарды гана өздөрүнө жакын жолотушат. Эгер январда туулган айымдар менен сүйлөшкүңүз келсе, көз карашыңыз алардыкы менен окшош болушу керек.
Февралда төрөлгөн айымдар
Февралда туулган кыздар романтикага берилгендер. Алар менен сүйлөшүү үчүн чыдамдуулук жана сабырдуулук керек. Себеби, ар бир эле эркек алардын табышмактуу жан дүйнөсүн түшүнө бербейт. Алардын маанайы ар бир көз ирмем сайын эмне себептен өзгөрүлө берет экени түшүнүксүз жана мындай айымдарга түз адамдын кереги жок. Аларга өздөрү сыяктуу өзгөчө адам керек. Февралда туулган аялдар абстракттуу ойлоо жөндөмдүүлүгүнө ээ. Аларды алдап же көңүлүн катуу калтырсаңыз сизди көзүнө илбей (тааныбай) кетиши мүмкүн. Ушуну эстен чыгарбоо керек.
Мартта төрөлгөн айымдар
Мартта төрөлгөн кыздар өзгөчө бир жагымдуулукка ээ. Булар абдан ишенимдүү болушат. Ошондуктан, адамдар аларга сырларын көп айтышат. Алардын сүйүп калуусу кыйын. Бир ооз сөз менен таарынтып алышыңыз мүмкүн. Бир тандаган адамына өмүр бою ишенимдүү. Аларга март айында төрөлгөн мырзалар туура келет.
Апрелде төрөлгөн айымдар
Апрелде дүйнөгө келген кыз-келиндердин дипломатиялык жөндөмдүүлүгү жогору. Ар бир адам менен тил табыша алат. Алардын бир кемчилиги өзүнө болгон аёо сезим жогору. Абдан кызганчаак болушат. Кызганычтан улам уруш жаралса, аны улантпай, тез арада токтотуу керек. Анткени, алар өздөрүн кармай албай калышы мүмкүн. Ал эми апрель айында туулган кыз-келиндердин артыкчылыгы эс алууну жакшы уюштура билгендиктеринде. Алар жан дүйнөсүн ишенимге ээ болгон адамдарга гана ачышат.
Майда төрөлгөн айымдар
Май-өзүнө жана сүйлөгөн сөзүнө ишенимдүү кыз-келиндер дүйнөгө келе турган ай. Руханий, психологиялык жактан күчтүү, сырткы келбети жагымдуу келишет. Май айында туулган аялдар ар бир адам үчүн кооптуу. Себеби, кимдир бирөөгө өздөрүндөгү сезим болбосо абал оор болот. Ошол себептен да сиздин жашооңузда май айында төрөлгөн кыз менен байланыш болсо , ал сүйүү сиздин эсиңизде дайыма сакталып калат.
Июнда төрөлгөн айымдар
Чыгармачылыкка жакын, мамилечил келишет. Оюнда болгон нерсени ачык айтышат. Ошондой эле, кооз сүйлөөгө, кимдир бирөөгө жагынууга аракет кылышпайт. Бул айда төрөлгөн кыз-келиндердин колуна түшкөн эркектер алардын “куурчагына” айланышы оңой эле. Ошондуктан, июнь айында туулган кыздарга сөз сүйлөөдө сак болуңуздар.
Июлда төрөлгөн айымдар
Бул айда туулган кыз-келиндер ишенимдүү, жакындарына ачык-айрым мүнөзү менен өзгөчөлөнүшөт. Башкалар үчүн табышмак. Акылына сулуулугу төп келет. Аягына чейин чыдамдуу, сылык болууга аракет кылышат. Ал эми бир жолу алдасаңыз, эч качан кечирбей коюшу мүмкүн.
Августта төрөлгөн айымдар
Бул айда туулган аялдарда эгоизм менен кошо кең пейилдик да бар. Бул айда төрөлгөн кыз-келиндер менен мамиле кылбай эле коюу керек. Себеби ар бир карым-катнашта алар жеңүүчү. Дайыма көпчүлүктүн көңүл чордонунда болууга аракет жасашат. Ошол себептен да алардын айланасында жигиттер көп.
Сентябрда төрөлгөн айымдар
Бул айда туулган кыз-келиндер мээримдүү, адептүү, сулуу келишет. Күйөөсүнө ишенимдүү. Сак, түнт жана кекчил болушат.
Октябрда төрөлгөн айымдар
Октябрда туулган аялдар жигердүү, эмоционалдуу жана кырс мүнөздүү келишет. Элдин көзүнчө ыйлашпайт. Ошол эле убакта абдан акылдуу. Жан дүйнөсүндөгү сырды ар бир адамга эле ача бербейт. Эң жакшы жигиттер ошолордун жанында жүрүшөт. Татыктуу жашай билишет.
Ноябрда төрөлгөн айымдар
Бул айда туулган кыз-келиндер башкалардан бир кадам алдыда жүрүшөт. Активдүү, чымыр. Калп айткан адамдан дароо кол үзөт. Ошондуктан, алардын сезими менен ойноого болбойт. Булар чыныгы өрт сыяктуу. Алар менен эч качан эрикпейсиң. Чындыкты бетке айтышат.
Декабрда туулган айымдар
Бул айда туулган кыз-келиндердин чыдамы жок болот. Табиятынан ийгилик коштоп жүрөт. Кандай гана оор учур болбосун жеңүүчү болуп чыга келишет. Эркектин көңүлүн кантип көтөрүштү билишет. Жүрөгү таза. Алар жашоодон коркушпайт. Өз каалоолоруна жетүүнүн жолдорун билишет.
#опросы
#опросы

Комментарии