3- аяккы бөлүм Он күндүк лагер соңуна чыкты. Бүгүн балдардын жакындары алып кетишмек. Негедир Сабырдын жүрөгү тызылдап чыкты. Он күн ичинде булардын ар бирине байланып калган экен. Ар дайым кабагы салынып турса да ак көңүл Элдоско. Өзү да ысымындай жаз болуп турган Жазайым. Сүйлөгөн сөздөрүн тил менен айтпаса да, кагазга сөздүн берметтерин төгүп жазган Улан. Өзгөчө кийимдерди өз колдору менен тигип кийип алган назик кыз Назел, жана булардын эң кичинеси, эркеси мукам үндүү Зарема. Баары өз балдарындай болуп калган экен. Ар биринин кылыктары, көз алдына тартыла түштү. Эми түшүндү кызы Дарияны. Көрсө бирөө бактылуу болгонун көрүү, анан да ошол бакытына сен себепчи болсоң чыныгы ырахат бакыт туура. Эрте менен баары менен кучакташып коштошту. Көздөрүнө жаш алган балдар томсоруша бирин - бири кыя алышпай араң үзүлүштү. Акырында калган Назел эжесин күтүп аткан, негедир эжеси да кечигип жатты. Аңгыча жанына Бекбол пайда боло калды. -Жеткирип келейин? -Жок, убара болбоңуз. -Назиии... Ары караган Назел көздөрүн жумду. "Назиии! Ошол кездегидей жагымдуу, мээримдүү чакырды! Суранам кыйнабачы?! " - деп алды ичинде. -Эжем келди, - деди кыз эжесин көрүп кубана алдыга кадам таштап. Жанына келген эжеси кыздын сумкасын көтөрүп унаага салды да, Сабыр менен коштошуп кете беришти. Унаага түшөөрү менен томсоргон кыз, терезеден сыртты карап көздөрүнөн жаш тамып кетти. Бул жерден канчалык кетүүнү каалап турса, экинчи тараптан ошончолук кетпөөнү да эңсеген. Бекболдун жанына алыстагысы келбесе да, алыстап кетүүгө мажбур эле. Бул не деген карама - каршы сезим. Бири - бирине туура келбеген жагдай менен абал?... Балдар кетишти. Сабырдын колунда алардын ар биринин сүрөттөр менен биргеликте жасаган кол эмгектери видеолору калды. Видеону көрүп олтуруп Элдостун колдорун толкун сымал кылып бийлегенин көрдү. Эсине бир нерсе кылт эте шашыла ноутбуктан изденип жатты. Лагерден келгенден кийин Элдос жакшы тарапка өзгөргөнүн көргөн апасы кубанды. Ал уулу мурункудай бөлмөсүнө камалбай булар менен чогуу олтуруп, карындаштары менен ойноп жатканына жетине албай сүйүнүп жатты. Ал тургай кээ күндөрү сыртка арабасы менен айланганы да чыкчу. Эми үйдүн алдындагы футбол ойногондорду терезеден ызалуу карабай, тескерисинче жанынан кубанып карап турду. -Кандай жигит? - деген үндөн артына бурулган ал Сабырдын жылмайып турганын көрүп кубанып кетти. -Сиз? Кандайсыз байке? -Мен жакшы, сенчи? - деди да Элдостун жанына олтургучка олтура кетти. -Жакшы. -Элдос, бир жерге барып келбейлиби? - деди Сабыр сырдуу жылмайып. -Кайда? -Барганда көрөсүң да. Чакан имаратта жайгашкан, кенен залга киришти. Залдын ичи жапжарык анан бийик экен. Жогору жактагы терезеден күндүн нуру түшүп, ылдый жагындагы бөлмөнү айланта коюлган күзгүлөргө чагылып турат. Жогору жактан ылдый көздөй илинген ак чоң кездемелер турат. Кудум цирк оюндарындагы акробаттар ойной турган аянтка окшош. Аларды алдынан жаш жигит тосуп алды. -Келиңиз Сабыр байке. Кол алышып көрүшүштү да тиги жигит Элдоско бурулду. -Сиз айткан таланттуу жигит ушулбу? -Ии ушул жигит болот. -Аман! - деген жигит Элдоско кол сунду. -Элдос! - деп алып Сабырды тиктеди эч нерсеге түшүнбөй. -Элдос, канча жашыңдан бийге кызыгасың? - деген Аман сүйлөгөнчө илинип турган ак кездемелерге асылып айлана баштады. -Кичинемден эле. -Бий курсуна баргансыңбы? -Жок! - деп башын чайкады Элдос. -Өзүм эле телевизордон көргөнүмдү туурап, андан кийин интернеттен таап көрүп өздөштүргөм. -Эң жакшы! Айтчы азыр да бийлегиң келеби? - деген Аман кездемеге байланган буту менен төмөн көздөй эки колун эки жака керип алып кулады. Мунун баары Элдостун көзүнө укмуш сонун көрүндү. Илинген ак кездемелердин улам бирине өтүп, жумшак ошол эле убакта ыкчам кыймылдаган жигит мунун көзүнө кудум ак куштай көрүнүп турду. Залдан жаңырган музыкага айланып Аман көздөрүн жумуп алып бийлеп жатты. Элдос да өзү ошол жигиттин ордуна болгондой музыканын ыргагында термелип денеси жеңил тартып учуп бараткандай. Берилүү менен көздөрүн жумуп алып элестетип жатты. Бир убакта музыка бүттү. Көздөрүн ачкан Элдос маңдайында турган Аманды көрдү.. -Каалайсыңбы сен да? -Ооба,бирок бул абалымда бийлөө мүмкүн эмес, - деп башын шылкыйтты. -Жок жаңылышасың! Эң негизгиси каалоо болсо жетиштүү! Бардык нерсенин мүмкүнчүлүгү, бардык жагдайдын айласы табылат. Сенде максат, каалоо анан эрк гана болсо жетиштүү, - деди Аман Элдосту шыктандырып. -Жардам бересизби? Элдостун жүрөгүндө кандайдыр бир үмүттүн, жакшылыктын учкуну ойгонду. -Сөзсүз жардам берем! Ошол күндөн Сабыр баягы лагердеги таланттуу балдарын чогултууну көздөдү. Элдосту, Уланды сүйлөшүп келүү оңойго турганы менен Назелге барышканда ал көнбөй койду. -Назел айтчы эмнеге каалабай жатасың? -Байке бул такыр мүмкүн эмес. -Эмнеге? -Дени соо адамдар араң үйрөнгөн бийди, биз кантип бийлейт элек. Анан да мен кызыкпаймын. -Назел, баллар сурансачы? - деди Сабыр жалооруп. -Жок, байке. Баары бир көнбөй койду. Анын мынтип көгөргөнүн себеби Бекбол эле. Кайрадан ошол жигиттин жалындуу каректерине кабылуудан коркту. Араң басып, кармап турган ичиндеги бир алоолонгон жалын атылып чыгып бүт жакты жалмап кетүүсүнөн коркуп жатты. Бекболдун алдында мындай абалда көрүнүүдөн, анын көздөрүнөн сүйүү эмес, өзүн аяп тиктеген аянычтуу сезимди көрүүдөн качты. Балдар чогулду. Баары бириккени менен чын эле бул нерсе оңой эмес болчу. Кандайдыр бир жыйынтыкка жетүү үчүн канчалаган көз жаш, маңдай тер, аракет керек болду. Эчен жолу Элдос бийиктиктен кулады. Канча жолу колун шилтеп кеткиси келди. Аларга дем күч берип сүрөгөн Аман менен Сабыр. Жыгылып, жеңилип баратканда сөйөп тургузуп, кулаганда кармап калып эмне гана кыйынчылыктарды көрүшпөдү дейсиң. Бир ай, эки айда гана бир аз жылыш болду. Бирок кептин баары жалгыз жыйынтыкта эмес болчу. Балдар бул аралыкта бирге болушуп, эң жакын адамдарга айланышты. Бирге ыйлашты, күлүштү, жыгылышты, кайра бирге турушту. .. Кечинде ар кандай жаңылыктарды окуп олтурган Сабыр интернет желесинде жүргөн видео роликке көзү түштү. Шаардын жер астындагы өтмөктөрдүн биринде турган кыздын ырдап жатканы экен. Үнүнөн эле тааныды Зарема! Жупжука кийинип алып, ырдап жатыптыр. Ары бери өткөн адамдар алдында турган эски кутуга акча таштап өтүп кетип жатышат. Сабырдын жүрөгү ачышып кетти. Кызды аяп, анын көрбөгөн көздөрү менен көктү тиктеп ырдап жатканын көрүп көздөрүнөн жаштар куюлуп кетти. Эртеси эле ошол өтмөккө жетип барган ал кызды таппай калды. Жалдырап ошол күнү кечке кыз ырдаган жерди айланчыктап жүрө берди. Бул убакта Зарема чоң, кымгуут түшкөн базарда жүргөн эле. Аны апасы Салкын күнүгө шаардын ар кайсы райондоруна коюп кетчү. Ошону менен Сабыр кызды бир жума ошол жерде күттү. Күн сайын келип күткөндөн тажабайт... Бүгүн да келди Сабыр. Башын шылкыйта үмүтсүз бараткан анын кулагына шак деген Зареманын дабышы угулду. Башын көтөргөн Сабыр узун көйнөк менен үстүнө жука күрмө кийип, көздөрүн жумуп ырдап жаткан Зареманы көрдү. Маңдайына келип кыз ырын соңуна чыкканга чейин карап тура берди. Өткөн адамдардын кээ бири кызды аяп тыйын таштап өтсө, кээ бири жөн гана анын булбулдай мукам үнүнө суктана карап өтүп жатышты. Сабыр кыздын жанына жакын келип, сууктан муздап калган аппак ичке колдорун кармады. Алгач дир эте колдорун тартып алган кыз шашып кетти. -Тийбеңиз! - деди доошу титиреп. -Зарема! Кыз көздөрү көрбөсө да бактылуу бажырайа алдыга колдорун сунду. -Сабыр байкеее?! -Ооба мен. Тааныдың ээ? -Кантип сизди унутайын? Кайдан жүрөсүз бул жакта. -Жумуштар менен өтүп баратып, сени көрүп, - деди Сабыр, кызды атайын издеп жүргөнүн жашырып. Оңтойсуз абалга салгысы келбеди. Өзү али наристе болсо да, ушул турган абалынан уялып кетти кыз. -Мен.. мен бул жакта апама жардам берип, - деп сүйлөгөн кыз андан ары сөзүн улай албай турду. -Зарема жүр үйгө жеткирем. -Жоо- жоок! Мен бүгүн акча табуум керек, - деген кыз чоочуп кетип, кыйкырып жибергенин билбей калды. -Бүгүн эс ал, сүйлөшчү сөздөр бар, - деген Сабыр кызды колдон жетелеп унаасына салды. Үйүнүн алдына токтогон унаанын үнүнөн улам сыртка чыккан Салкын Зарема менен Сабырдын кирир келе жаткандарын көрдү. -Эмне болду? Дагы бир нерсеге кабылыптырбы? Ай кыз мен сени ордуңдан жылба дебедим беле? - деген Салкын Зареманы жулкуп алды. -Мен өзүм алып келдим ырдап турган жеринен, - деди Сабыр Зареманы калкалап. -Эмнеге? Силер кимсиңер өзү? -Мен Сабыр Аликжанов боломун. Сабыр унаасынан эки баштыкка салынган белек бечкектерин түшүрдү. Чакан бөлмөдөгү дасторкон үстүндө олтурушту. -Зарема боюнча сүйлөшөйүн деп келгем, - деди Сабыр. -Ага эмне болуптур? - Мен Зарема барган лагердин уюштуруучусу болом. Зарема абдан таланттуу кыз. -Ооба, - деди Салкын маңдайындагы адамдын эмнеге келгендеги максатын түшүнбөй. -Ал окуусу керек. Атайын мектептен билим алуусу керек.. -Аа, силер муну айтып жатасыңарбы? Атабыз көзү тирүү кезинде окуткан. Андан соң менин чамам келбей эле жүрөм, - деди Салкын калптан көз жашын агызып жашып. -Эгер сиз макул десеңиз, мен Зареманы алып кетсем. Окутат элем. -Ыя? Койгула айланайындар. Аны окутсам мага оокатыма ким жардам берет? Көп болбосо да бир жагымды илештиргенге көмөгү тийип жатат. Анан муну окутканда эле эмне? Азыр эки көзү көрүп, эки диплом алгандарың жумуш таба албай жүрүшөт, - деген Салкын кол шилтеди. -Мен сизге жардам беремин, - деген Сабыр дасторкон чекесине акча коюп Салкындын астына жылдырды. -Эмии, - деген Салкын акчаны көргөндө көздөрү калимкидей жайнап, Заремага күйгөн адам болуп көп нерсени божурап, көз жаш төгүп алды. Азыр Сабырга бул аялдын эмне жорук жасаганы деле маанилүу эмес болчу, негизгиси Зареманы бул жактан алып кетсе болду. Жол катар унаада бараткан кыздын кубанычында чек жок эле. -Мен окууга барамынбы? - деген суроону кеминде он жолу берди. Анын кубанычын көргөн Сабырдын да көңүлү көтөрүлө кыңылдап ырдап коюп баратты. Машинасына илинген Дариянын сүрөтүн колу менен сылап койду. Зареманы жетелеп кирген Сабырды көргөн балдардын кубанганын айтпа. Бири - бирин бекем кучакташып ыйлап да алышты. -Мени да кошосуңарбы? - деген ундөн баары жапырт карап босогодо жөлөнүп турган Назелди көрүштү.... -Сабыр байке биз чын эле даярбызбы? - деген Аман тызылдап жиберди. -Сен эмне өзүңө ишенбей жатасыңбы? Буга окшогон канча кароо сынактарга катышып жүрдүң эле? -Жок мен го мен. Балдарчы? -А балдарга эмне болуптур? -Дегеним алар даярбы? -Даяр болбой анан? Сабыр басып бараткан жеринен токтоп Аманды тиктеди. -Бул биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Сынакка тезинен арыз таштообуз керек. -Сабыр байке, балким атайын ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн өткөзүлчү сынакка катышаарбыз? -Жок! - деди Сабыр кесе. -Андай болбойт Аман, менин балдарымдын башка адамдардан эч жери кем эмес. Аларга өзгөчө мамиле да керек эмес. Мен атайы ушул сынак үчүн аларды топтодум. Анткени каалоо болсо, аракет болсо баарын жасоо мүмкүн экендигин көрсөтүү максатында. Буларды мына коом айланып өтпөй, бөлүп карабай кабыл алуусу үчүн. Аман унчуга албады. Анткени менен балдардын даяр же даяр эместигин өзү да билбейт эле. Бул өтө чоң тобокел болчу. Ташталган арызды сынактын калыстары карабай койсочу, же болбосо канааттандырбай койсо булардын үмүтүнүн өчкөнү ошол. Аман ушуларды ойлоп алгач атайы мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн өтүүчү сынака катышууну сунуш кылган эле. Өздөрүнүн чакан машыгуу залында баары олтурганда Сабыр кубанычтуу кирип келди. -Кана балдар менде жаңылык бар! -Кандай? Баары Сабырдын оозун карап калышты. -Украинада таланттуу балдардын сынагы өтөт, арыз таштайбыз катышууга. Ал үчүн кичинекей видео ролик тартуубуз кажет. Зал тымтырс боло түштү. Баары кимден биринчи кандай сөз чыгаар экен деп бири - биринин оозун тиктейт. Бирок эч кимиси даап "бул биздин колдон келчү иш эмес" - деп айта албай турушту. -Эң сонун! - деди Элдос Сабырдын кубанычтуу жүзү булардын үнсүздүгүн көрүп сумсайып баратканын туя калып. -Бизди катыштырабы? Назел азыр баарынын ичинде турган бирок, эч кимиси бере албаган суроону берди. -Албетте ал сынак баары үчүн. Болгону биз машыгуу учурунан видео, анан бир номер даярдап жиберүүбүз керек. -Ошондо бизге эки номер керек болуп калабы? - деди Жазайым. -Ооба, бирин сынака жиберебиз. Экинчисин сынакка өтсөк сахнадан бийлегенге. -Анан да форма да керек. -Кызык кандай музыка тандасак экен? Азыр эле баарынын ичтеринде турган күмөн менен санаркоо жоюлуп адатынча бака - шака түшө талкууга киришишти. -Форларыбызды Назел тигет, ал эми Улан бизге ыр жазып берет. Аны мыкты обончуга тапшырабыз, Зарема аткарат ошол ыр менен бийлейбиз. -Колумдан келер бекен? - деди Назел экиленип. -Эмнеге келбейт? Сен деген мыкты дизайнерсиң! -Зареманын үнүнө болсо баарыбыз ишенебиз! -Рахмат! - деди Зарема. Ал али мектеп окуучусу болгондуктан, сабактан келип анан булар менен машыгат. Ошөл күндөн кайра булардын жашоосунда бир максат пайда болду. Алдыга жетелеген үмүт кирди. Балдар кайра машыгууну күчөтүштү. Аман күнү түнү балдар менен болот. Назел да формалардын эскиздерин тартып, кайра өчүрүү менен убара. Өздөрүнө ылайыктуу музыка таба алышпай кыйла убара болушту. Сынака катышууга жибере турган видеону тартуу да оңойго турган жок. Он күндө араң тартып бүтүшүп жиберишти. Эми күтүү гана калды. -Сабыр байке? - деди Зарема бир күнү унаада сабактан кайтып келе жатышканда. -Оов Зарема? -Сизге рахмат! -А эмне үчүн? -Баары үчүн. Биз үчүн, мен үчүн. Бизге тартуулаган кубаныч, шооладай жарык үмүт үчүн. Биз бири - бирибизди билбесек да бирок ар кай жерде бирдей тагдырды жашап жатканбыз. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө үмүт учкундары өчүп бараткан эле. Сиз жандырдыңыз. Бизге жакындарыбыз, атүгүл өзүбүзгө өзүбүз ишенбей олтурганда сиз бизге ишендиңиз. Бизди баарыбызды тартып сүйрөдүңүз. Жашоонун башка тарабын көрүүнү үйрөттүңүз. Мен мурун ааламда көрө албайм деп өкүнсөм, азыр сиз аркылуу жаратылыштын ар бир кубулушун көөдөнүм менен көрөм, туям... -Сен ыйлап жатасыңбы? -Жоок! -Тентегим, ыйлаба да. Азыр биз кайда баратабыз билесиңби? -Кайда? -Үн жаздыруучу студияга, сенин ырың даяр болду. -Чын элеби? -Ооба да. Зареманы колдон жетелеп студияга киришти. Атайы кыз алдын ала жаттаган ырды обонго салып ырдай баштады. Ырдын аты "Үмүт" эле. -Балдааар! Сабыр чуркап кирди. -Биз, биз өттүк! - деди энтиге. -Урааааа! Бири - бирине жакын келип кучакташып алышты. -Алар биздин номерди жактырышты. Сынакка катышууга уруксат берилди эми мыкты даярдануубуз керек. Бир айдан соң сынак, - деген Сабыр колундагы кабыл алынгандыгы тууралуу факс кагазды балдарга көрсөттү. -Назел форманы тездет. Бир четинен бир айдын өтмөгү тозок болсо, экинчи жагынан ошол күн жакындаган сайын ар биринин жүрөгүндө коркуу, санаркоо, толкундануу сыяктуу айкалышкан сезимдер болуп жатты. Назел форманы апакай үлбүрөгөн кездемеден тикти. Кыздарга кең болуп жайылып кеткен көйнөк, уул балдарга шым сыяктуу кылып, бийлегенде өздөрүнө ыңгайлуу болуу үчүн бир аз кең кылып тикти. Мына ошол күн. Сахна артында турушат. Бул сынакка дээрлик дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келишиптир. Баары буларды башкача тиктеп өтүп жатышты. Кезектери келгенде сахнага чыккан алып баруучулар буларды элге тааныштыра баштады. -Азыркы катышуучуларыбыз өзгөчө десек болот. -Ооба "Украина дүйнө таланттарын издейт" - долбоорубуздун тарыхындагы биринчи өзгөчө команда. Анда эмесе тосуп алыңыздар Кыргызстан, Бишкек "Канатсыз куштар" Дүркүрөгөн кол чабууларга улай сахнанын жарыгы өчүрүлүп, жай сыбызгыган музыка коюлду. Жогору тараптан ак кездемеге оролуп Элдос түшүп келе жатты. Ага каратылган бир гана жарык. Андан соң залга арабасы менен дагы бир жарыктын коштоосунда Жазайым чыкты. Элдос жогорудан ылдыйга колун созуп Жазайымды арабасы менен айландыра музыкага термелип бийлеп жатышты. Аңгыча дагы бир кездеме менен Аман түшүп, ыйлдый жактагы балдак менен баскан Назелди назик көтөрүп айландыра бийлеп жатты. Булардын катарына Зарема менен Улан да кошулуп баары кол кармаша жай ойноп жаткан музыканын ыргагы менен бийлеп жатышты. Музыка Зарема ырдаган ыр болчу. Анын жумшак үнү залды каптап, көрүүчүлөр бир дем менен көрүп жатышты. Алар бул бийлери менен өздөрүнүн тагдырын чагылдырып беришти. Көздөрү көрбөй көптөгөн элдердин арасында түртүлүп жүргөн кыз, сүйүүсүн үнүн чыгарып, кыйкыра айта албаган жигит, бийиктиктен түпсүз караңгылыкка кулаган жигит, жана авто кырсыктан буттарынан ажыраган кыз, өзүнүн оорусу деп сүйүүсүнөн баш тартууга мажбур болгон кыз. Төрт мүнөткө созулган бул ырдын ичинде ушул тагдырлардын баарын өзгөчө чеберчилик менен укмуштуудай көрсөтүп беришти. Бий соңунда баары жалгыз күйгөн шамды көздөй бара жатышканы менен аякташты. Музыка өчүп, жарыктар жандырылды. Залдагы миңдеген эл, атүгүл калыстар тобу ордуларынан туруп кол чаап жатышты. Айрымдары көздөрүнө ирмелген жашты сүртүп да алышты. -Эң сонун! -Керемет! -Укмуштуудай актердук чеберчилик! Калыстар тобу баары бир ооздон ушул сөздөрдү айтышты. -Кайжактан келдиңер? Дагы бир жолу суроого уруксат этиңиздер? Калыстар тобу орус тилинде буларга кайрылды. -Кыргызстан, Бишкек. -Оо Кыргызстан, биз ал жакта талантуу адамдар көп деп укканбыз, - деди калыстар тобундагы бир аял. -Ооба биздин эл таланттарга бай, - деп жөоп берди Элдос. -Силер аткарган номер керемет. Менин дагы бир суроом ыр эмне деп аталат? -Үмүт. Өзүбүздүн кыз аткарган, - деген Элдос Зареманы көрсөттү. -Азамат,суктанарлуу үн ээси экенсиз! Зарема башка жакты карап башын ийкегилеп жатты. -Көздөрү көрбөйт, - деди кайра Элдос. -Оо, силер эмнеге бул сынакка катышууну кааладыңар? -Жер жүзүндө бизге окшоп мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар абдан көп. Биз аларга ар кандай учурда да ийгиликке, максатка жетүүгө болоорун көрсөткүбүз келди. Бизди өзгөчө сындап, бөлүп караган коомго биз дагы силер сыяктуу тандоо, бийлөө, ырдоо мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин жетикирели дедик. Азыр ушул жерде ар бирибиздин ден соолукта кемчилигибиз бар. Зарема көздөрү көрбөйт, бирок эң жакшы ырдайт. Улан, сүйлөй албайт бирок ырларды жаратат. Назел өз алдынча баса албайт, бир нече операцияны башынан өткөргөн ал укмуш дизайнер, Жазайым эки бутунан ажыраган сүрөтчү. Мен буттарым бактысыз кокустуктан улам баспай калган мен бийге кызыгам! Элдос баары жөнүндө маалымат берди. Ушул залда олтурган эл, теледен буларды көргөн миллиондогон адамдар көз жашына ээ боло албай олтурушту. -Биздин машыктыруучубуз Аман гана сиздердей дене мүчөсү соо! - деп сөзүн жыйынтыктады Элдос. Балдар финалга өтүштү. Бир күндүн ичинде булардын аткарган номери интернет булактарында эң көп каралган, талкууга түшкөн видеого айланды. Атактуу болуп кетишти. Кызыгы кетип бара жатышканда иштери да жок болгон бийлик өкүлдөрү, Бишкекке кайтып келишкенде өзгөчө салтанат менен тосуп алышты. Зареманын ырдаган ырын көчүрүп алып уккандар көбөйдү. Кызды студияда ыр жаздырып жатканда ошол жердегилер кыскача кылып тартып алышкан экен, тез эле ал видеосу да тарап кетти. Эми балдар финалга даярданып баштоолору керек. Кыргызстандагы белгилүү гезит, телевидениелерге улам чакыруулар түшө баштады. Ошондой күндөрдүн биринде Сабырдын эсин оодарган жаңылык интернет, гезит беттерин каптады. Чакан пресс жыйындар өтүлүүчү жайда Зареманын апасы деп аталган Салкын Сабырга нааразы экенин сүйлөп жатыптыр. Ал өз сөзүндө Сабыр анын үйүнө барып, Салкынга акча сунуштап Зареманы алып кеткенин айтып, жана окутам деген убадасына ишенип кызын тапшырганын кошумчалаптыр. Элдин көзүнө калп эле күйгөн апанын ролун аткарып, көз жашын да төгүп олтурат. Сабыр Зареманы акча табуунун булагына айлантып, анын талантынан пайдаланып жатат деп билдирди. Кызын окутам деп, бирок окутпай эле ар кандай гастролдорго алып чыгып жатканын, бир эле Зарема эмес атактуу болгон балдардын баарын колдонуп жатат деп жалаа жааптыр. Эл эмне кайсы тараптан үн катуу чыгып, кайсы тарап байкуштун кейпин кийип койсо ошол тарапка ишенип кете беришет. Телеге чыккан бул интервьюдан соң ар кандай туура эмес маалыматтар таралып интернет бетин каптады. Сабырдын ушунчалык зээни кейиди. Адамдардын көрө албастыгына, пейилинин бузукулугуна баш чайкап гана кала берди. Белгилүү телевидение чакырган программага келишкенде да ушул суроо берилди. -Сабыр мырза, айтыңызчы акыркы убакта айтылып жаткан маалыматтардын канчалык деңгээлде туура жагы бар? Албетте тыйындын эки тарабы болот эмеспи? -Ооба, бул суроону бергениңиз жакшы болду. Учурдан пайдаланып таркалып жаткан ар кандай туура эмес маалыматтарга жооп берейин. Мына балдарым ушул жерде баары, мен эч кимисин үй бүлөөсүнөн сууруп алып, мажбурлоо жолу менен кармап олтурганым жок. Зарема кызды мен алгач лагер ачканымда көргөм. Андан соң интернетке тараган анын видеосунан издеп бардым. Чындыгында бул сөздөр балдарымдын алдында сүйлөнбөөсү керек эле, бирок ырас кырдаал ушундайбы мажбурмун. Азыр силер көргөн балдарды мен биринчи жолу көргөнүмдө ар биринин көздөрү үмүтсүз, чарчасыз, көңүлдөрү кирдеп, жашоого кызыгуусу калбаган абалда болушкан. Булардын ар бири менен иштешкем, көңүлдөрүнө жол тапкам, өздөрүнө гана тиешелүү дүйнөсүнө кирүүгө уруксат алып ишенимине киргем. Ар биринин өзгөчө таланты бар, ошону ачып өнүктүрүүгө жардам бердим десем болот. Балдардын жолун эч качан тоспогом, алар каалаган учурда үй бүлөөсүнө барып, алар менен жашап келе алышат. Менин булар үчүн ачкан үйүм жөн гана фонд десем болот. Булар мага эч нерсеге милдеттүү эмес. Мен идея бердим, балдар аны өнүктүрүштү. Мурун мен түзгөн фонд "Сен жалгыз эмессиң!" - деп аталса, азыр балдарымдын суранычы менен "Канатсыз куштар" - деп өзгөрүлгөнү жатат. Ал эми Салкын эже жыйын өткөрүп айткан сөздүн чындыгы мен ага акча бергем туура. Бирок. Бирок ал акчаны эмне максатта бердим. Зарема кызым окуусу кажет, бирок анын ордуна Салкын эже муну көчөгө ырдатып коюп акча таап келген. Мен кыздагы талантты көрүп, аны өнүктүрүүгө салымымды кошууну сунуштагам. Салкын эже кабыл албай койгон. Менин тиричилигиме ким жардам берет муну окутсам деген, ошондо гана мен акча бергем. Азыр буларды угуп жаткан ар бир адамда "эмне үчүн мындай кылды? Ага бул кыздан пайда болгону үчүн ушундай кылды да" - деген суроо пайда болоору турган кеп. Бирок менин андай оюм жок эле. Мен жөн гана үмүтсүз каректерге үмүт берип, аларды кубантууну, аларга бакыт тартуулоону каалагам. Булар менин балдарым ар биринин жүрөгүмдө өзүнчө орду бар. Сабыр бул сөздөрдү сүйлөп жатып үнү титиреп кетип жатты. Канчалык өзүн токтоо, сабырдуу кармаганы менен баары бир көзүнөн агып түшкөн тамчы жаш көөдөнү толо таарынычын билдирип койду. -Айтсаңыз эмне үчүн "Канатсыз куштар" - деп аталды? - деди алып баруучу кыз абалды өзгөртүү үчүн. -Мен жооп берсем болобу? - деген Элдос Сабырды карап турду. -Бул суроонун жообун балдарымдын өз оозунан угуңуздар. -Биз канатсыз куштарбыз. Биз дегенибиз ушул команда гана эмес ,тагдырдын оор сыноосуна кабылган биз сыяктуу миңдеген адамдар. Канатыбыз кайрылды, уча албайбыз. Бирок биз ошол менен тагдырга тан берип жатып кала албайбыз, же аскадан өзүбүздү таштай албайбыз го. Биз жерде басууну үйрөндүк, күрөшүүнү, аракет кылууну, жеңүүнү ошол эле убакта шүгүр келтирүүнү үйрөндүк. Биз сахнага чыкканыбыздын себеби дүйнө элине канатсыз куштардын күчсүз эмес экенин далилдөө, биз сыяктуу уча албай, ошону менен дүйнөсүн караңгылап жатып алган куштарга үмүт бергибиз, аларга келгиле тургула деп чакырык жасагыбыз келди. Бизди бул деңгээлге жетүүбүзгө Сабыр байкенин кызматы чоң. Анткени бул жыйынтык канчалаган көз жаш менен маңдай терден жаралган. Эчен жолу жыгылдык, ар биринде Сабыр байке жөлөп тургузаар эле. Болбосо биз биринчи кулаганда эле кол шилтеп кетмек элек. -Рахмат сиздерге кызыктуу маек үчүн. Эми көптөгөн көрөрмандардын суранычы менен мукам үндүү кыздан бир шиңгил ыр уксак. -Албетте... Зарема обон созуп жандуу үн менен ырдап берди. Ушул окуядан соң Сабыр Зареманы өз карамагына биротоло өткөрүп алуу үчүн чуркай баштады. Салкын адатынча каршылык көргөзүп, акыры бул иштин аягы сотко чейин келди. Сотто Сабырдын жактоочусу Зарема тууралуу маалымат чогултуп, анын көчөдө ырдап жүргөндөрү, Салкындын кызга жакшы мамиле кылбаганын коңшулары аркылуу билип далилдеп берди. Бирок соттун акыркы чечими Зареманын жеке оюнан көз каранды эле. Кыз кимди тандаса ошол жака өткөрүлүп берилет. Зарема Сабыр менен жашай турганын айтты. Ошентип Сабыр кызды өз фамилиясына өткөрүп алды. Улан ошол жайдан дагы кызды акмалап карап турду. Аруужан адатынча жадырап күлүп сүйлөп жатыптыр. Суктанып алды. Анан бар күчүн жыйнап колундагы гүл менен баракты кызга берүү үчүн ал тарапка кадам таштап баратты. Кызга жете берерде кайра артына бурулуп тез - тез кадам таштап жөнөп калды. Бир убакта артына күп эте кар келип тийди. Ачуусу менен бурула караган ал селейди. Анткени колуна карды кармап Аруужан өзүн жылмайып карап турган экен. -Канчага чейин качасың? - деди кыз колдору менен жаңсап. Улан көргөн көздөрүнө ишенбей карап тура берди. -Эмне сүйлөгүң келбейби? Кыз дагы колдору менен ушул сөздү айтты. -Мени аңдып жүргөнүңдү билем. Коркок экенсиң! Сени дайым күттүм жаныма келериңди. Сен үчүн бул тилди да үйрөндүм! - деди кыз колдору менен. Улан унчукпастан келип кызды кучактап алды. Назел өз алдынча көйнөктөрдү сызып, тигип олтуруп цех ачып, андан чакан мода үйүн ачууга жетишти. Өлкөнүн атактуулары келип заказ менен тиктирип кетишет. Кагаздарга үңүлүп эскиз сызып жаткан кыз өзүн бирөө берилүү менен карап турганын сезди. Башын көтөрүп Бекболдун өзүн мээрим менен эзиле карап тураганын көрдү. -Чарчадыңбы? - деди мээримдүү. -Жок, ырахат алган иштен адам чарчачу беле? Шүгүр дейин. -Жүр, кеттик. Бекбол кыздын жанына келип ордунан турууга көмөктөштү. Дөмпөйгөн курсагын сылаган кыз Бекболду колтуктап басып баратты. Ооба бир жыл мурун Назел Бекболго турмушка чыкты. Ушунча жыл жанында айланчыктап жүргөн Бекбол, сезимдерине кызды акыры ишендирген эле. Жазайым визажисттике окуп салондордун биринде иштеп калган. Бүгүн да салондо олтурса кыздардын баары ызылдапч күбүр, шыбыр болуп жатышат. Башын көтөрүп, эшик оозунда Элдос гүл көтөрүп турганын көрдү. Арабада эмес, буту менен тике туруптур. -Элдос байкеее? -Кандайсың? Сулуулуктун периштеси? -Сииз? -Ооба, өзүм да ишене албай турам. -Сиз үчүн кубанычтамын. -Рахмат. Жүр сейилдеп келебиз? -Макул. Жазайымды арабасын Элдос сүдүрөп экөө аппак карларга оролгон бакты аралап баратышты. -Үшүгөн жоксуңбу? - деди Элдос Жазайымдын алдына өтүп олтуруп. -Жок, - кыз башын чайкады. Элдос кыздын колдорун алып оозуна алып келип жылуу деми менен үйлөп жатты. -Жазайым. -Оов? -Мага турмушка чыкчы?-... -Жазайым жок дебечи? Мен сени сүйөм! -Элдос байке, мен... Мени эмне кыласыз? Сизге алты саны аман кыздар...- деп келе жатканда жигиттин жалындуу илеби кыздын эринине тийди. -Чыыш...сен макул эле дечи. Сөз берем, сени бактылуу кыламын. Суранам жок дебе? -Макулмун... -Чынбы? -Чын. Элдос кызды арабасынан колуна алып көтөрүп айлантып жиберди. -Жазым менин! Сүйөөөм сени! - деген жигиттин шаңдуу кыйкырыгы ааламды каптады... Израил. Белгилүү госпиталдардын биринде Сабыр бир орунга тура албай каршы терши басып жүрдү. Бир убакта тушундагы бөлмөнүн эшиги ачылып медайым кыз ичкериге кирүүсүн сурады. -Кириңиз. Аппак, кенен жарык бөлмөнүн ортосунда көздөрү таңылуу Зарема олтурган. -Зарем, - деди кыздын созулган колдорун кармап жанына келе. -Баштадыкпы? - деген дарыгер Сабырды карады. -Ооба.. Атайын аспап жана маздын жардамы менен Зареманын көзүндөгү байланган бинтти чечип алышты. -Зарема көзүңүздү ачыңыз? Кыз андан катуу жумуп алды көздөрүн. -Зарем, баары жакшы мен жаныңдамын. Кыз акырын көздөрүн ачып ирмегилеп атып кайра жумуп жиберди. -Жок, Зарема коркпоңуз. Ачыңыз. Зарема кайра ачты. Алгач эле бозоргон анан кара сөлөкөттөр урунду. Бир нече жолу көздөрүн жумуп ачып жиберген кызга эми айлана тунарып көрүнө баштады. Маңдайында көздөрү жашка толуп, чачын ак аралап турган адамды көрдү. -Атта! - деди шыбырап. -Зарем, кызым!. Кыз титиреген колдору менен Сабырдын жүзүн сылай берди. -Атаа! Мен сени көрдүм! -Куттуктайм кызым! Биз жеңдик. -Баары жакшы, - деди дарыгер жеңиштүү. Анткени кызды алып келишкенде үмүт өтө аз дешкен. Атүгүл операция бүткөндө да баары кудайдан дешкен. Чоң ресторан. Назел менен Бекбол уулу менен, Улан ак жоолукчан жубайы Аруужан менен, Зарема атасы Сабыр экөө олтурушту. Бир убакта кара костюм шым кийген Элдос аппак келин көйнөк кийген Жазайымды арабада сүдүрөп жар - жардын коштоосунда кирип келишти. Аягы...
Жашоо кызыктары㋡
КАНАТСЫЗ КУШТАР
3- аяккы бөлүм
Он күндүк лагер соңуна чыкты. Бүгүн балдардын жакындары алып кетишмек. Негедир Сабырдын жүрөгү тызылдап чыкты. Он күн ичинде булардын ар бирине байланып калган экен. Ар дайым кабагы салынып турса да ак көңүл Элдоско. Өзү да ысымындай жаз болуп турган Жазайым. Сүйлөгөн сөздөрүн тил менен айтпаса да, кагазга сөздүн берметтерин төгүп жазган Улан. Өзгөчө кийимдерди өз колдору менен тигип кийип алган назик кыз Назел, жана булардын эң кичинеси, эркеси мукам үндүү Зарема. Баары өз балдарындай болуп калган экен. Ар биринин кылыктары, көз алдына тартыла түштү. Эми түшүндү кызы Дарияны. Көрсө бирөө бактылуу болгонун көрүү, анан да ошол бакытына сен себепчи болсоң чыныгы ырахат бакыт туура.
Эрте менен баары менен кучакташып коштошту. Көздөрүнө жаш алган балдар томсоруша бирин - бири кыя алышпай араң үзүлүштү. Акырында калган Назел эжесин күтүп аткан, негедир эжеси да кечигип жатты. Аңгыча жанына Бекбол пайда боло калды.
-Жеткирип келейин?
-Жок, убара болбоңуз.
-Назиии...
Ары караган Назел көздөрүн жумду. "Назиии! Ошол кездегидей жагымдуу, мээримдүү чакырды! Суранам кыйнабачы?! " - деп алды ичинде.
-Эжем келди, - деди кыз эжесин көрүп кубана алдыга кадам таштап. Жанына келген эжеси кыздын сумкасын көтөрүп унаага салды да, Сабыр менен коштошуп кете беришти.
Унаага түшөөрү менен томсоргон кыз, терезеден сыртты карап көздөрүнөн жаш тамып кетти. Бул жерден канчалык кетүүнү каалап турса, экинчи тараптан ошончолук кетпөөнү да эңсеген. Бекболдун жанына алыстагысы келбесе да, алыстап кетүүгө мажбур эле. Бул не деген карама - каршы сезим. Бири - бирине туура келбеген жагдай менен абал?...
Балдар кетишти. Сабырдын колунда алардын ар биринин сүрөттөр менен биргеликте жасаган кол эмгектери видеолору калды. Видеону көрүп олтуруп Элдостун колдорун толкун сымал кылып бийлегенин көрдү. Эсине бир нерсе кылт эте шашыла ноутбуктан изденип жатты.
Лагерден келгенден кийин Элдос жакшы тарапка өзгөргөнүн көргөн апасы кубанды. Ал уулу мурункудай бөлмөсүнө камалбай булар менен чогуу олтуруп, карындаштары менен ойноп жатканына жетине албай сүйүнүп жатты. Ал тургай кээ күндөрү сыртка арабасы менен айланганы да чыкчу. Эми үйдүн алдындагы футбол ойногондорду терезеден ызалуу карабай, тескерисинче жанынан кубанып карап турду.
-Кандай жигит? - деген үндөн артына бурулган ал Сабырдын жылмайып турганын көрүп кубанып кетти.
-Сиз? Кандайсыз байке?
-Мен жакшы, сенчи? - деди да Элдостун жанына олтургучка олтура кетти.
-Жакшы.
-Элдос, бир жерге барып келбейлиби? - деди Сабыр сырдуу жылмайып.
-Кайда?
-Барганда көрөсүң да.
Чакан имаратта жайгашкан, кенен залга киришти. Залдын ичи жапжарык анан бийик экен. Жогору жактагы терезеден күндүн нуру түшүп, ылдый жагындагы бөлмөнү айланта коюлган күзгүлөргө чагылып турат. Жогору жактан ылдый көздөй илинген ак чоң кездемелер турат. Кудум цирк оюндарындагы акробаттар ойной турган аянтка окшош. Аларды алдынан жаш жигит тосуп алды.
-Келиңиз Сабыр байке.
Кол алышып көрүшүштү да тиги жигит Элдоско бурулду.
-Сиз айткан таланттуу жигит ушулбу?
-Ии ушул жигит болот.
-Аман! - деген жигит Элдоско кол сунду.
-Элдос! - деп алып Сабырды тиктеди эч нерсеге түшүнбөй.
-Элдос, канча жашыңдан бийге кызыгасың? - деген Аман сүйлөгөнчө илинип турган ак кездемелерге асылып айлана баштады.
-Кичинемден эле.
-Бий курсуна баргансыңбы?
-Жок! - деп башын чайкады Элдос.
-Өзүм эле телевизордон көргөнүмдү туурап, андан кийин интернеттен таап көрүп өздөштүргөм.
-Эң жакшы! Айтчы азыр да бийлегиң келеби? - деген Аман кездемеге байланган буту менен төмөн көздөй эки колун эки жака керип алып кулады.
Мунун баары Элдостун көзүнө укмуш сонун көрүндү. Илинген ак кездемелердин улам бирине өтүп, жумшак ошол эле убакта ыкчам кыймылдаган жигит мунун көзүнө кудум ак куштай көрүнүп турду. Залдан жаңырган музыкага айланып Аман көздөрүн жумуп алып бийлеп жатты. Элдос да өзү ошол жигиттин ордуна болгондой музыканын ыргагында термелип денеси жеңил тартып учуп бараткандай. Берилүү менен көздөрүн жумуп алып элестетип жатты. Бир убакта музыка бүттү.
Көздөрүн ачкан Элдос маңдайында турган Аманды көрдү..
-Каалайсыңбы сен да?
-Ооба,бирок бул абалымда бийлөө мүмкүн эмес, - деп башын шылкыйтты.
-Жок жаңылышасың! Эң негизгиси каалоо болсо жетиштүү! Бардык нерсенин мүмкүнчүлүгү, бардык жагдайдын айласы табылат. Сенде максат, каалоо анан эрк гана болсо жетиштүү, - деди Аман Элдосту шыктандырып.
-Жардам бересизби?
Элдостун жүрөгүндө кандайдыр бир үмүттүн, жакшылыктын учкуну ойгонду.
-Сөзсүз жардам берем!
Ошол күндөн Сабыр баягы лагердеги таланттуу балдарын чогултууну көздөдү. Элдосту, Уланды сүйлөшүп келүү оңойго турганы менен Назелге барышканда ал көнбөй койду.
-Назел айтчы эмнеге каалабай жатасың?
-Байке бул такыр мүмкүн эмес.
-Эмнеге?
-Дени соо адамдар араң үйрөнгөн бийди, биз кантип бийлейт элек. Анан да мен кызыкпаймын.
-Назел, баллар сурансачы? - деди Сабыр жалооруп.
-Жок, байке.
Баары бир көнбөй койду. Анын мынтип көгөргөнүн себеби Бекбол эле. Кайрадан ошол жигиттин жалындуу каректерине кабылуудан коркту. Араң басып, кармап турган ичиндеги бир алоолонгон жалын атылып чыгып бүт жакты жалмап кетүүсүнөн коркуп жатты. Бекболдун алдында мындай абалда көрүнүүдөн, анын көздөрүнөн сүйүү эмес, өзүн аяп тиктеген аянычтуу сезимди көрүүдөн качты.
Балдар чогулду. Баары бириккени менен чын эле бул нерсе оңой эмес болчу. Кандайдыр бир жыйынтыкка жетүү үчүн канчалаган көз жаш, маңдай тер, аракет керек болду. Эчен жолу Элдос бийиктиктен кулады. Канча жолу колун шилтеп кеткиси келди. Аларга дем күч берип сүрөгөн Аман менен Сабыр. Жыгылып, жеңилип баратканда сөйөп тургузуп, кулаганда кармап калып эмне гана кыйынчылыктарды көрүшпөдү дейсиң. Бир ай, эки айда гана бир аз жылыш болду. Бирок кептин баары жалгыз жыйынтыкта эмес болчу. Балдар бул аралыкта бирге болушуп, эң жакын адамдарга айланышты. Бирге ыйлашты, күлүштү, жыгылышты, кайра бирге турушту. ..
Кечинде ар кандай жаңылыктарды окуп олтурган Сабыр интернет желесинде жүргөн видео роликке көзү түштү. Шаардын жер астындагы өтмөктөрдүн биринде турган кыздын ырдап жатканы экен. Үнүнөн эле тааныды Зарема! Жупжука кийинип алып, ырдап жатыптыр. Ары бери өткөн адамдар алдында турган эски кутуга акча таштап өтүп кетип жатышат. Сабырдын жүрөгү ачышып кетти. Кызды аяп, анын көрбөгөн көздөрү менен көктү тиктеп ырдап жатканын көрүп көздөрүнөн жаштар куюлуп кетти.
Эртеси эле ошол өтмөккө жетип барган ал кызды таппай калды. Жалдырап ошол күнү кечке кыз ырдаган жерди айланчыктап жүрө берди. Бул убакта Зарема чоң, кымгуут түшкөн базарда жүргөн эле. Аны апасы Салкын күнүгө шаардын ар кайсы райондоруна коюп кетчү. Ошону менен Сабыр кызды бир жума ошол жерде күттү. Күн сайын келип күткөндөн тажабайт...
Бүгүн да келди Сабыр. Башын шылкыйта үмүтсүз бараткан анын кулагына шак деген Зареманын дабышы угулду. Башын көтөргөн Сабыр узун көйнөк менен үстүнө жука күрмө кийип, көздөрүн жумуп ырдап жаткан Зареманы көрдү. Маңдайына келип кыз ырын соңуна чыкканга чейин карап тура берди. Өткөн адамдардын кээ бири кызды аяп тыйын таштап өтсө, кээ бири жөн гана анын булбулдай мукам үнүнө суктана карап өтүп жатышты. Сабыр кыздын жанына жакын келип, сууктан муздап калган аппак ичке колдорун кармады. Алгач дир эте колдорун тартып алган кыз шашып кетти.
-Тийбеңиз! - деди доошу титиреп.
-Зарема!
Кыз көздөрү көрбөсө да бактылуу бажырайа алдыга колдорун сунду.
-Сабыр байкеее?!
-Ооба мен. Тааныдың ээ?
-Кантип сизди унутайын? Кайдан жүрөсүз бул жакта.
-Жумуштар менен өтүп баратып, сени көрүп, - деди Сабыр, кызды атайын издеп жүргөнүн жашырып. Оңтойсуз абалга салгысы келбеди. Өзү али наристе болсо да, ушул турган абалынан уялып кетти кыз.
-Мен.. мен бул жакта апама жардам берип, - деп сүйлөгөн кыз андан ары сөзүн улай албай турду.
-Зарема жүр үйгө жеткирем.
-Жоо- жоок! Мен бүгүн акча табуум керек, - деген кыз чоочуп кетип, кыйкырып жибергенин билбей калды.
-Бүгүн эс ал, сүйлөшчү сөздөр бар, - деген Сабыр кызды колдон жетелеп унаасына салды.
Үйүнүн алдына токтогон унаанын үнүнөн улам сыртка чыккан Салкын Зарема менен Сабырдын кирир келе жаткандарын көрдү.
-Эмне болду? Дагы бир нерсеге кабылыптырбы? Ай кыз мен сени ордуңдан жылба дебедим беле? - деген Салкын Зареманы жулкуп алды.
-Мен өзүм алып келдим ырдап турган жеринен, - деди Сабыр Зареманы калкалап.
-Эмнеге? Силер кимсиңер өзү?
-Мен Сабыр Аликжанов боломун.
Сабыр унаасынан эки баштыкка салынган белек бечкектерин түшүрдү.
Чакан бөлмөдөгү дасторкон үстүндө олтурушту.
-Зарема боюнча сүйлөшөйүн деп келгем, - деди Сабыр.
-Ага эмне болуптур?
- Мен Зарема барган лагердин уюштуруучусу болом. Зарема абдан таланттуу кыз.
-Ооба, - деди Салкын маңдайындагы адамдын эмнеге келгендеги максатын түшүнбөй.
-Ал окуусу керек. Атайын мектептен билим алуусу керек..
-Аа, силер муну айтып жатасыңарбы? Атабыз көзү тирүү кезинде окуткан. Андан соң менин чамам келбей эле жүрөм, - деди Салкын калптан көз жашын агызып жашып.
-Эгер сиз макул десеңиз, мен Зареманы алып кетсем. Окутат элем.
-Ыя? Койгула айланайындар. Аны окутсам мага оокатыма ким жардам берет? Көп болбосо да бир жагымды илештиргенге көмөгү тийип жатат. Анан муну окутканда эле эмне? Азыр эки көзү көрүп, эки диплом алгандарың жумуш таба албай жүрүшөт, - деген Салкын кол шилтеди.
-Мен сизге жардам беремин, - деген Сабыр дасторкон чекесине акча коюп Салкындын астына жылдырды.
-Эмии, - деген Салкын акчаны көргөндө көздөрү калимкидей жайнап, Заремага күйгөн адам болуп көп нерсени божурап, көз жаш төгүп алды. Азыр Сабырга бул аялдын эмне жорук жасаганы деле маанилүу эмес болчу, негизгиси Зареманы бул жактан алып кетсе болду.
Жол катар унаада бараткан кыздын кубанычында чек жок эле.
-Мен окууга барамынбы? - деген суроону кеминде он жолу берди.
Анын кубанычын көргөн Сабырдын да көңүлү көтөрүлө кыңылдап ырдап коюп баратты. Машинасына илинген Дариянын сүрөтүн колу менен сылап койду.
Зареманы жетелеп кирген Сабырды көргөн балдардын кубанганын айтпа. Бири - бирин бекем кучакташып ыйлап да алышты.
-Мени да кошосуңарбы? - деген ундөн баары жапырт карап босогодо жөлөнүп турган Назелди көрүштү....
-Сабыр байке биз чын эле даярбызбы? - деген Аман тызылдап жиберди.
-Сен эмне өзүңө ишенбей жатасыңбы? Буга окшогон канча кароо сынактарга катышып жүрдүң эле?
-Жок мен го мен. Балдарчы?
-А балдарга эмне болуптур?
-Дегеним алар даярбы?
-Даяр болбой анан?
Сабыр басып бараткан жеринен токтоп Аманды тиктеди.
-Бул биз үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Сынакка тезинен арыз таштообуз керек.
-Сабыр байке, балким атайын ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн өткөзүлчү сынакка катышаарбыз?
-Жок! - деди Сабыр кесе.
-Андай болбойт Аман, менин балдарымдын башка адамдардан эч жери кем эмес. Аларга өзгөчө мамиле да керек эмес. Мен атайы ушул сынак үчүн аларды топтодум. Анткени каалоо болсо, аракет болсо баарын жасоо мүмкүн экендигин көрсөтүү максатында. Буларды мына коом айланып өтпөй, бөлүп карабай кабыл алуусу үчүн.
Аман унчуга албады. Анткени менен балдардын даяр же даяр эместигин өзү да билбейт эле. Бул өтө чоң тобокел болчу. Ташталган арызды сынактын калыстары карабай койсочу, же болбосо канааттандырбай койсо булардын үмүтүнүн өчкөнү ошол. Аман ушуларды ойлоп алгач атайы мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн өтүүчү сынака катышууну сунуш кылган эле.
Өздөрүнүн чакан машыгуу залында баары олтурганда Сабыр кубанычтуу кирип келди.
-Кана балдар менде жаңылык бар!
-Кандай?
Баары Сабырдын оозун карап калышты.
-Украинада таланттуу балдардын сынагы өтөт, арыз таштайбыз катышууга. Ал үчүн кичинекей видео ролик тартуубуз кажет.
Зал тымтырс боло түштү. Баары кимден биринчи кандай сөз чыгаар экен деп бири - биринин оозун тиктейт. Бирок эч кимиси даап "бул биздин колдон келчү иш эмес" - деп айта албай турушту.
-Эң сонун! - деди Элдос Сабырдын кубанычтуу жүзү булардын үнсүздүгүн көрүп сумсайып баратканын туя калып.
-Бизди катыштырабы?
Назел азыр баарынын ичинде турган бирок, эч кимиси бере албаган суроону берди.
-Албетте ал сынак баары үчүн. Болгону биз машыгуу учурунан видео, анан бир номер даярдап жиберүүбүз керек.
-Ошондо бизге эки номер керек болуп калабы? - деди Жазайым.
-Ооба, бирин сынака жиберебиз. Экинчисин сынакка өтсөк сахнадан бийлегенге.
-Анан да форма да керек.
-Кызык кандай музыка тандасак экен?
Азыр эле баарынын ичтеринде турган күмөн менен санаркоо жоюлуп адатынча бака - шака түшө талкууга киришишти.
-Форларыбызды Назел тигет, ал эми Улан бизге ыр жазып берет. Аны мыкты обончуга тапшырабыз, Зарема аткарат ошол ыр менен бийлейбиз.
-Колумдан келер бекен? - деди Назел экиленип.
-Эмнеге келбейт? Сен деген мыкты дизайнерсиң!
-Зареманын үнүнө болсо баарыбыз ишенебиз!
-Рахмат! - деди Зарема.
Ал али мектеп окуучусу болгондуктан, сабактан келип анан булар менен машыгат.
Ошөл күндөн кайра булардын жашоосунда бир максат пайда болду. Алдыга жетелеген үмүт кирди. Балдар кайра машыгууну күчөтүштү. Аман күнү түнү балдар менен болот. Назел да формалардын эскиздерин тартып, кайра өчүрүү менен убара. Өздөрүнө ылайыктуу музыка таба алышпай кыйла убара болушту. Сынака катышууга жибере турган видеону тартуу да оңойго турган жок. Он күндө араң тартып бүтүшүп жиберишти. Эми күтүү гана калды.
-Сабыр байке? - деди Зарема бир күнү унаада сабактан кайтып келе жатышканда.
-Оов Зарема?
-Сизге рахмат!
-А эмне үчүн?
-Баары үчүн. Биз үчүн, мен үчүн. Бизге тартуулаган кубаныч, шооладай жарык үмүт үчүн. Биз бири - бирибизди билбесек да бирок ар кай жерде бирдей тагдырды жашап жатканбыз. Ар бирибиздин жүрөгүбүздө үмүт учкундары өчүп бараткан эле. Сиз жандырдыңыз. Бизге жакындарыбыз, атүгүл өзүбүзгө өзүбүз ишенбей олтурганда сиз бизге ишендиңиз. Бизди баарыбызды тартып сүйрөдүңүз. Жашоонун башка тарабын көрүүнү үйрөттүңүз. Мен мурун ааламда көрө албайм деп өкүнсөм, азыр сиз аркылуу жаратылыштын ар бир кубулушун көөдөнүм менен көрөм, туям...
-Сен ыйлап жатасыңбы?
-Жоок!
-Тентегим, ыйлаба да. Азыр биз кайда баратабыз билесиңби?
-Кайда?
-Үн жаздыруучу студияга, сенин ырың даяр болду.
-Чын элеби?
-Ооба да.
Зареманы колдон жетелеп студияга киришти. Атайы кыз алдын ала жаттаган ырды обонго салып ырдай баштады. Ырдын аты "Үмүт" эле.
-Балдааар!
Сабыр чуркап кирди.
-Биз, биз өттүк! - деди энтиге.
-Урааааа!
Бири - бирине жакын келип кучакташып алышты.
-Алар биздин номерди жактырышты. Сынакка катышууга уруксат берилди эми мыкты даярдануубуз керек. Бир айдан соң сынак, - деген Сабыр колундагы кабыл алынгандыгы тууралуу факс кагазды балдарга көрсөттү.
-Назел форманы тездет.
Бир четинен бир айдын өтмөгү тозок болсо, экинчи жагынан ошол күн жакындаган сайын ар биринин жүрөгүндө коркуу, санаркоо, толкундануу сыяктуу айкалышкан сезимдер болуп жатты. Назел форманы апакай үлбүрөгөн кездемеден тикти. Кыздарга кең болуп жайылып кеткен көйнөк, уул балдарга шым сыяктуу кылып, бийлегенде өздөрүнө ыңгайлуу болуу үчүн бир аз кең кылып тикти.
Мына ошол күн. Сахна артында турушат. Бул сынакка дээрлик дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келишиптир. Баары буларды башкача тиктеп өтүп жатышты. Кезектери келгенде сахнага чыккан алып баруучулар буларды элге тааныштыра баштады.
-Азыркы катышуучуларыбыз өзгөчө десек болот.
-Ооба "Украина дүйнө таланттарын издейт" - долбоорубуздун тарыхындагы биринчи өзгөчө команда. Анда эмесе тосуп алыңыздар Кыргызстан, Бишкек "Канатсыз куштар"
Дүркүрөгөн кол чабууларга улай сахнанын жарыгы өчүрүлүп, жай сыбызгыган музыка коюлду. Жогору тараптан ак кездемеге оролуп Элдос түшүп келе жатты. Ага каратылган бир гана жарык. Андан соң залга арабасы менен дагы бир жарыктын коштоосунда Жазайым чыкты. Элдос жогорудан ылдыйга колун созуп Жазайымды арабасы менен айландыра музыкага термелип бийлеп жатышты. Аңгыча дагы бир кездеме менен Аман түшүп, ыйлдый жактагы балдак менен баскан Назелди назик көтөрүп айландыра бийлеп жатты. Булардын катарына Зарема менен Улан да кошулуп баары кол кармаша жай ойноп жаткан музыканын ыргагы менен бийлеп жатышты. Музыка Зарема ырдаган ыр болчу. Анын жумшак үнү залды каптап, көрүүчүлөр бир дем менен көрүп жатышты. Алар бул бийлери менен өздөрүнүн тагдырын чагылдырып беришти. Көздөрү көрбөй көптөгөн элдердин арасында түртүлүп жүргөн кыз, сүйүүсүн үнүн чыгарып, кыйкыра айта албаган жигит, бийиктиктен түпсүз караңгылыкка кулаган жигит, жана авто кырсыктан буттарынан ажыраган кыз, өзүнүн оорусу деп сүйүүсүнөн баш тартууга мажбур болгон кыз. Төрт мүнөткө созулган бул ырдын ичинде ушул тагдырлардын баарын өзгөчө чеберчилик менен укмуштуудай көрсөтүп беришти. Бий соңунда баары жалгыз күйгөн шамды көздөй бара жатышканы менен аякташты. Музыка өчүп, жарыктар жандырылды. Залдагы миңдеген эл, атүгүл калыстар тобу ордуларынан туруп кол чаап жатышты. Айрымдары көздөрүнө ирмелген жашты сүртүп да алышты.
-Эң сонун!
-Керемет!
-Укмуштуудай актердук чеберчилик!
Калыстар тобу баары бир ооздон ушул сөздөрдү айтышты.
-Кайжактан келдиңер? Дагы бир жолу суроого уруксат этиңиздер?
Калыстар тобу орус тилинде буларга кайрылды.
-Кыргызстан, Бишкек.
-Оо Кыргызстан, биз ал жакта талантуу адамдар көп деп укканбыз, - деди калыстар тобундагы бир аял.
-Ооба биздин эл таланттарга бай, - деп жөоп берди Элдос.
-Силер аткарган номер керемет. Менин дагы бир суроом ыр эмне деп аталат?
-Үмүт. Өзүбүздүн кыз аткарган, - деген Элдос Зареманы көрсөттү.
-Азамат,суктанарлуу үн ээси экенсиз!
Зарема башка жакты карап башын ийкегилеп жатты.
-Көздөрү көрбөйт, - деди кайра Элдос.
-Оо, силер эмнеге бул сынакка катышууну кааладыңар?
-Жер жүзүндө бизге окшоп мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар абдан көп. Биз аларга ар кандай учурда да ийгиликке, максатка жетүүгө болоорун көрсөткүбүз келди. Бизди өзгөчө сындап, бөлүп караган коомго биз дагы силер сыяктуу тандоо, бийлөө, ырдоо мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин жетикирели дедик. Азыр ушул жерде ар бирибиздин ден соолукта кемчилигибиз бар. Зарема көздөрү көрбөйт, бирок эң жакшы ырдайт. Улан, сүйлөй албайт бирок ырларды жаратат. Назел өз алдынча баса албайт, бир нече операцияны башынан өткөргөн ал укмуш дизайнер, Жазайым эки бутунан ажыраган сүрөтчү. Мен буттарым бактысыз кокустуктан улам баспай калган мен бийге кызыгам!
Элдос баары жөнүндө маалымат берди. Ушул залда олтурган эл, теледен буларды көргөн миллиондогон адамдар көз жашына ээ боло албай олтурушту.
-Биздин машыктыруучубуз Аман гана сиздердей дене мүчөсү соо! - деп сөзүн жыйынтыктады Элдос.
Балдар финалга өтүштү. Бир күндүн ичинде булардын аткарган номери интернет булактарында эң көп каралган, талкууга түшкөн видеого айланды. Атактуу болуп кетишти. Кызыгы кетип бара жатышканда иштери да жок болгон бийлик өкүлдөрү, Бишкекке кайтып келишкенде өзгөчө салтанат менен тосуп алышты. Зареманын ырдаган ырын көчүрүп алып уккандар көбөйдү. Кызды студияда ыр жаздырып жатканда ошол жердегилер кыскача кылып тартып алышкан экен, тез эле ал видеосу да тарап кетти.
Эми балдар финалга даярданып баштоолору керек. Кыргызстандагы белгилүү гезит, телевидениелерге улам чакыруулар түшө баштады. Ошондой күндөрдүн биринде Сабырдын эсин оодарган жаңылык интернет, гезит беттерин каптады.
Чакан пресс жыйындар өтүлүүчү жайда Зареманын апасы деп аталган Салкын Сабырга нааразы экенин сүйлөп жатыптыр.
Ал өз сөзүндө Сабыр анын үйүнө барып, Салкынга акча сунуштап Зареманы алып кеткенин айтып, жана окутам деген убадасына ишенип кызын тапшырганын кошумчалаптыр. Элдин көзүнө калп эле күйгөн апанын ролун аткарып, көз жашын да төгүп олтурат. Сабыр Зареманы акча табуунун булагына айлантып, анын талантынан пайдаланып жатат деп билдирди. Кызын окутам деп, бирок окутпай эле ар кандай гастролдорго алып чыгып жатканын, бир эле Зарема эмес атактуу болгон балдардын баарын колдонуп жатат деп жалаа жааптыр. Эл эмне кайсы тараптан үн катуу чыгып, кайсы тарап байкуштун кейпин кийип койсо ошол тарапка ишенип кете беришет. Телеге чыккан бул интервьюдан соң ар кандай туура эмес маалыматтар таралып интернет бетин каптады.
Сабырдын ушунчалык зээни кейиди. Адамдардын көрө албастыгына, пейилинин бузукулугуна баш чайкап гана кала берди. Белгилүү телевидение чакырган программага келишкенде да ушул суроо берилди.
-Сабыр мырза, айтыңызчы акыркы убакта айтылып жаткан маалыматтардын канчалык деңгээлде туура жагы бар? Албетте тыйындын эки тарабы болот эмеспи?
-Ооба, бул суроону бергениңиз жакшы болду. Учурдан пайдаланып таркалып жаткан ар кандай туура эмес маалыматтарга жооп берейин. Мына балдарым ушул жерде баары, мен эч кимисин үй бүлөөсүнөн сууруп алып, мажбурлоо жолу менен кармап олтурганым жок. Зарема кызды мен алгач лагер ачканымда көргөм. Андан соң интернетке тараган анын видеосунан издеп бардым. Чындыгында бул сөздөр балдарымдын алдында сүйлөнбөөсү керек эле, бирок ырас кырдаал ушундайбы мажбурмун. Азыр силер көргөн балдарды мен биринчи жолу көргөнүмдө ар биринин көздөрү үмүтсүз, чарчасыз, көңүлдөрү кирдеп, жашоого кызыгуусу калбаган абалда болушкан. Булардын ар бири менен иштешкем, көңүлдөрүнө жол тапкам, өздөрүнө гана тиешелүү дүйнөсүнө кирүүгө уруксат алып ишенимине киргем. Ар биринин өзгөчө таланты бар, ошону ачып өнүктүрүүгө жардам бердим десем болот. Балдардын жолун эч качан тоспогом, алар каалаган учурда үй бүлөөсүнө барып, алар менен жашап келе алышат. Менин булар үчүн ачкан үйүм жөн гана фонд десем болот. Булар мага эч нерсеге милдеттүү эмес. Мен идея бердим, балдар аны өнүктүрүштү. Мурун мен түзгөн фонд "Сен жалгыз эмессиң!" - деп аталса, азыр балдарымдын суранычы менен "Канатсыз куштар" - деп өзгөрүлгөнү жатат. Ал эми Салкын эже жыйын өткөрүп айткан сөздүн чындыгы мен ага акча бергем туура. Бирок. Бирок ал акчаны эмне максатта бердим. Зарема кызым окуусу кажет, бирок анын ордуна Салкын эже муну көчөгө ырдатып коюп акча таап келген. Мен кыздагы талантты көрүп, аны өнүктүрүүгө салымымды кошууну сунуштагам. Салкын эже кабыл албай койгон. Менин тиричилигиме ким жардам берет муну окутсам деген, ошондо гана мен акча бергем. Азыр буларды угуп жаткан ар бир адамда "эмне үчүн мындай кылды? Ага бул кыздан пайда болгону үчүн ушундай кылды да" - деген суроо пайда болоору турган кеп. Бирок менин андай оюм жок эле. Мен жөн гана үмүтсүз каректерге үмүт берип, аларды кубантууну, аларга бакыт тартуулоону каалагам. Булар менин балдарым ар биринин жүрөгүмдө өзүнчө орду бар.
Сабыр бул сөздөрдү сүйлөп жатып үнү титиреп кетип жатты. Канчалык өзүн токтоо, сабырдуу кармаганы менен баары бир көзүнөн агып түшкөн тамчы жаш көөдөнү толо таарынычын билдирип койду.
-Айтсаңыз эмне үчүн "Канатсыз куштар" - деп аталды? - деди алып баруучу кыз абалды өзгөртүү үчүн.
-Мен жооп берсем болобу? - деген Элдос Сабырды карап турду.
-Бул суроонун жообун балдарымдын өз оозунан угуңуздар.
-Биз канатсыз куштарбыз. Биз дегенибиз ушул команда гана эмес ,тагдырдын оор сыноосуна кабылган биз сыяктуу миңдеген адамдар. Канатыбыз кайрылды, уча албайбыз. Бирок биз ошол менен тагдырга тан берип жатып кала албайбыз, же аскадан өзүбүздү таштай албайбыз го. Биз жерде басууну үйрөндүк, күрөшүүнү, аракет кылууну, жеңүүнү ошол эле убакта шүгүр келтирүүнү үйрөндүк. Биз сахнага чыкканыбыздын себеби дүйнө элине канатсыз куштардын күчсүз эмес экенин далилдөө, биз сыяктуу уча албай, ошону менен дүйнөсүн караңгылап жатып алган куштарга үмүт бергибиз, аларга келгиле тургула деп чакырык жасагыбыз келди. Бизди бул деңгээлге жетүүбүзгө Сабыр байкенин кызматы чоң. Анткени бул жыйынтык канчалаган көз жаш менен маңдай терден жаралган. Эчен жолу жыгылдык, ар биринде Сабыр байке жөлөп тургузаар эле. Болбосо биз биринчи кулаганда эле кол шилтеп кетмек элек.
-Рахмат сиздерге кызыктуу маек үчүн. Эми көптөгөн көрөрмандардын суранычы менен мукам үндүү кыздан бир шиңгил ыр уксак.
-Албетте...
Зарема обон созуп жандуу үн менен ырдап берди.
Ушул окуядан соң Сабыр Зареманы өз карамагына биротоло өткөрүп алуу үчүн чуркай баштады. Салкын адатынча каршылык көргөзүп, акыры бул иштин аягы сотко чейин келди. Сотто Сабырдын жактоочусу Зарема тууралуу маалымат чогултуп, анын көчөдө ырдап жүргөндөрү, Салкындын кызга жакшы мамиле кылбаганын коңшулары аркылуу билип далилдеп берди. Бирок соттун акыркы чечими Зареманын жеке оюнан көз каранды эле. Кыз кимди тандаса ошол жака өткөрүлүп берилет. Зарема Сабыр менен жашай турганын айтты. Ошентип Сабыр кызды өз фамилиясына өткөрүп алды.
Улан ошол жайдан дагы кызды акмалап карап турду. Аруужан адатынча жадырап күлүп сүйлөп жатыптыр. Суктанып алды. Анан бар күчүн жыйнап колундагы гүл менен баракты кызга берүү үчүн ал тарапка кадам таштап баратты. Кызга жете берерде кайра артына бурулуп тез - тез кадам таштап жөнөп калды. Бир убакта артына күп эте кар келип тийди. Ачуусу менен бурула караган ал селейди. Анткени колуна карды кармап Аруужан өзүн жылмайып карап турган экен.
-Канчага чейин качасың? - деди кыз колдору менен жаңсап.
Улан көргөн көздөрүнө ишенбей карап тура берди.
-Эмне сүйлөгүң келбейби?
Кыз дагы колдору менен ушул сөздү айтты.
-Мени аңдып жүргөнүңдү билем. Коркок экенсиң! Сени дайым күттүм жаныма келериңди. Сен үчүн бул тилди да үйрөндүм! - деди кыз колдору менен.
Улан унчукпастан келип кызды кучактап алды.
Назел өз алдынча көйнөктөрдү сызып, тигип олтуруп цех ачып, андан чакан мода үйүн ачууга жетишти. Өлкөнүн атактуулары келип заказ менен тиктирип кетишет. Кагаздарга үңүлүп эскиз сызып жаткан кыз өзүн бирөө берилүү менен карап турганын сезди. Башын көтөрүп Бекболдун өзүн мээрим менен эзиле карап тураганын көрдү.
-Чарчадыңбы? - деди мээримдүү.
-Жок, ырахат алган иштен адам чарчачу беле? Шүгүр дейин.
-Жүр, кеттик.
Бекбол кыздын жанына келип ордунан турууга көмөктөштү. Дөмпөйгөн курсагын сылаган кыз Бекболду колтуктап басып баратты. Ооба бир жыл мурун Назел Бекболго турмушка чыкты. Ушунча жыл жанында айланчыктап жүргөн Бекбол, сезимдерине кызды акыры ишендирген эле.
Жазайым визажисттике окуп салондордун биринде иштеп калган. Бүгүн да салондо олтурса кыздардын баары ызылдапч күбүр, шыбыр болуп жатышат. Башын көтөрүп, эшик оозунда Элдос гүл көтөрүп турганын көрдү. Арабада эмес, буту менен тике туруптур.
-Элдос байкеее?
-Кандайсың? Сулуулуктун периштеси?
-Сииз?
-Ооба, өзүм да ишене албай турам.
-Сиз үчүн кубанычтамын.
-Рахмат. Жүр сейилдеп келебиз?
-Макул.
Жазайымды арабасын Элдос сүдүрөп экөө аппак карларга оролгон бакты аралап баратышты.
-Үшүгөн жоксуңбу? - деди Элдос Жазайымдын алдына өтүп олтуруп.
-Жок, - кыз башын чайкады.
Элдос кыздын колдорун алып оозуна алып келип жылуу деми менен үйлөп жатты.
-Жазайым.
-Оов?
-Мага турмушка чыкчы?-...
-Жазайым жок дебечи? Мен сени сүйөм!
-Элдос байке, мен... Мени эмне кыласыз? Сизге алты саны аман кыздар...- деп келе жатканда жигиттин жалындуу илеби кыздын эринине тийди.
-Чыыш...сен макул эле дечи. Сөз берем, сени бактылуу кыламын. Суранам жок дебе?
-Макулмун...
-Чынбы?
-Чын.
Элдос кызды арабасынан колуна алып көтөрүп айлантып жиберди.
-Жазым менин! Сүйөөөм сени! - деген жигиттин шаңдуу кыйкырыгы ааламды каптады...
Израил. Белгилүү госпиталдардын биринде Сабыр бир орунга тура албай каршы терши басып жүрдү. Бир убакта тушундагы бөлмөнүн эшиги ачылып медайым кыз ичкериге кирүүсүн сурады.
-Кириңиз.
Аппак, кенен жарык бөлмөнүн ортосунда көздөрү таңылуу Зарема олтурган.
-Зарем, - деди кыздын созулган колдорун кармап жанына келе.
-Баштадыкпы? - деген дарыгер Сабырды карады.
-Ооба..
Атайын аспап жана маздын жардамы менен Зареманын көзүндөгү байланган бинтти чечип алышты.
-Зарема көзүңүздү ачыңыз?
Кыз андан катуу жумуп алды көздөрүн.
-Зарем, баары жакшы мен жаныңдамын.
Кыз акырын көздөрүн ачып ирмегилеп атып кайра жумуп жиберди.
-Жок, Зарема коркпоңуз. Ачыңыз.
Зарема кайра ачты. Алгач эле бозоргон анан кара сөлөкөттөр урунду. Бир нече жолу көздөрүн жумуп ачып жиберген кызга эми айлана тунарып көрүнө баштады. Маңдайында көздөрү жашка толуп, чачын ак аралап турган адамды көрдү.
-Атта! - деди шыбырап.
-Зарем, кызым!.
Кыз титиреген колдору менен Сабырдын жүзүн сылай берди.
-Атаа! Мен сени көрдүм!
-Куттуктайм кызым! Биз жеңдик.
-Баары жакшы, - деди дарыгер жеңиштүү.
Анткени кызды алып келишкенде үмүт өтө аз дешкен. Атүгүл операция бүткөндө да баары кудайдан дешкен.
Чоң ресторан. Назел менен Бекбол уулу менен, Улан ак жоолукчан жубайы Аруужан менен, Зарема атасы Сабыр экөө олтурушту. Бир убакта кара костюм шым кийген Элдос аппак келин көйнөк кийген Жазайымды арабада сүдүрөп жар - жардын коштоосунда кирип келишти.
Аягы...