КЕКТИ ЖЕҢГЕН МАХАБАТ..

16..АЯГЫ
-- Тим койчу балам, айтса айтып берейин, баланын шагын сындырбайын, - деди Азимбү.
- Тынч отуруп уккула, сүйлөп тажатпагыла.
- Ооба, тынч отурабыз ээ эже, - Тилек болбой эле компойо отуруп калды.
- Илгери, илгери Каргабай деген бай болуптур, анын төрт түлүк малы жер жайнап, жан-жаныбардын тилин билчү экен. Анын бир кедей досу болуптур, алардын дос болуп калышы мындай болуптур. Кедей капкан салып ар кандай жаныбарларды кармап, терисин сатып оокат кылчу экен. Бир жолу капканга бир карга түшүп калыптыр, жини келген кедей:
- Ушу сенин башыңды жулуп салбасам элеби? - деп аны капкандан чыгарып башын жулмак болгондо:
- Жан кыйба досум, жан кыйба! - деп каргага тил бүтүп калат, адегенде чоочуп кеткен кедей сүйлөгөн карганы сынап карап:
- Сен менин жечү тамагымдан ажыраттың, сен түшпөгөндө түлкү же карышкыр түшөт эле, терисин сатмакмын, - дейт.
- Мен сага байлык берем, койо бер мени, - дейт карга.
- Сени кайдан табам?
- Ушу кокту менен кете берсең кыдырата тигилген боз үйлөр бар, ошолордун тең ортосунда үйлөрдөн айырмаланган чоң боз үй турат, ошого барсаң мени табасың, - дейт.
- Болуптур анда, достукту баалай билсең барам, - деп кедей дароо эле жөнөйт. Кете берет, кете берет, жол бойунда толгон мал жайылып жүргөнүн көрөт. Чатырды көрүп ага барат да:
- Бул кимдин малы? - дейт.
- Каргабайдын.
- Ии-ии, тапкан экемин, - деп кете берет, анан уйчумандарга жолугат, алардан сураса да Каргабайдыкы дешет. Акыры төө кайтаргандарга жетет:
- Кимдин төөсү? - дейт кедей.
- Каргабайдын, - дешкенде ал:
- Аа-а таптым, - дейт.
- Кимди таптың?
- Каргабай досумду.
- Каргабай досуңдан эмне сураганы барасың? - дейт бири ага.
- Бергенин алам, - деди тигил камырабай.
- Бергенин албай куруп кал, анын дасторкону бар, ошол дасторконду сура, - дешет төөчүлөр.
- Макул, - деп Каргабайдын өргөөсүнө жетет. Аны бай абдан сыйлап кетээринде:
- Досум, жакшылыкка жакшылык деген, төрт түлүк малымдан ал, - дейт.
- Жо-ок, мага жайыл дасторконуңду берсең болду.
- Ат-таң аа-а, болбостур эми, ал досум, - Бай ары карап ыйлап, бери карап күлүп жайыл дасторконун берет кедейге. Кедей кем акыл эле. Ал жолдо келатып жайыл дасторконду ойноп жаткан балдарга берип:
- Жайыл дасторкон дебей тургула, мен азыр келем, - деп ары барып кайра келет. Балдар дасторконун алмаштырып койот, ал билбей басып кетип үйүнө келип кемпирине:
- Кудай берди кемпир, отун алып, от жакпай оокат жеп жыргай турган болдук буйруса, шыпыр үйдү, - деп дасторконун жайып: "жайыл дасторкон!" десе эчтеке жок, бир айтат, эки айтат жок, үч айтканда козголбогон соң байга барат:
- Ой эмне болду дос?
- Сен мени алдапсың, достукка жарабайт экенсиң.
- Анда малдан ал, алтын күмүш мындан ал, - дейт бай.
- Жо-ок, чыч эшегиң бар экен ошону бер!
- Айла жок, бербесем болбойт, - деген бай сураганын берип узатат. Келатып баягы балдарга дагы жолугуп:
- Чыч эшек дебей тургула, - деп кетет.
Балдар ал кайра келгиче дагы алмаштырып койот. Кедей:
- Чыч эшек деген жоксуңарбы? - дейт.
- Жок, - деп кала беришет. Үйүнө келип:
- Кемпир ач эшикти, төрөтөлү эшекти, төрт түлүк мал багып жанды кыйнабай, базардан азык биз албай оңгону калдык, - деп эшегине, - Чыч, чыч эшек, берчүңдү бер эшек, - деп чапса да жок. Жинденип кайра жөнөйт досуна, бул жолу ачуусу келип урушмак болуп керсейет:
- Дос болом деген өзүңсүң, карганын кара көзүсүң, жулуп койбой ошондо, башыңды жерден көрмөксүң, алдаймын дебе сен мени, эми түшсөң капканга, чукуймун кара көзүңдү! - деп босогодон өтпөй туруп алат.
- Каалаганыңды айт аткарам, - дейт айласы кеткен бай, - төрт түлүк малымдан ал, тез айт, - дейт.
- Эми болгону ур-токмогуңду берсең болду, - дейт кедей.
- Ал, сенден аябайм, сураганыңды ал, - дейт Каргабай, аргасыз, ары карап ыйлап, бери карап күлүп акыры ур-токмогун берет. Кедей келатса баягы балдар шылдыңдап күлүп турат, аларды көргөн кедей:
- Ой балдар муну дагы кармап тургуда, ур-токмок дебей тургула, - деп басып кетет. Кайра келсе баягы балдарды ур-токмок сабап жатат дейт, кедейди көргөн балдар:
- Ата, ата ур-токмокту кой деңиз, жайыл дасторкон менен чыч эшек бизде, - деп жалдырашат. Кедей алардын айтканына таңгалып:
- Качан бересиңер? - дейт.
- Азыр, токтото гөр атаке, - деп ыйлап киришет. Ошондо кедей ичинен ыраазы болуп:
- Токто токмок токтогун,
Мынча тентек болбогун.
Жоготконум табылды,
Балдарды өлтүрүп койбогун, - деп таяктын учунан кармаганда ур-токмок тып токтоп калат да балдардын бирин кармап калат, балдар жүгүрүп кетип заматта жайыл дасторкон менен чыч эшекти алып келип беришет. Ошентип кедей кубанып үйүнө жөнөйт, кемпири наалыйт:
- Жайыл дасторкон деп ооруп калдың,
Кайдагы бир чыч эшекти таптың.
Жомокто гана болчу эле алар,
Мынча эле неге бүгүн далбастадың, - деди.
- Ээ кемпир, айтканым нукура чындык,
Тиги коңшуң көрсө чычалашы анык.
Жайыл дасторконду жайсак,
Чыч эшектин тыйындары менен байып,
Элде жок байлыкты жыйсак, ошондо ишенээр белең? - деп үйүнө кирип эле, - Жайыл дасторкон, жайыл! - дегенде үстүнө дүйүм тамактын түрү толуп калат. Кемпири эси ооп жыгылат. Эс алдырып чыч эшекти: "чыч эшек, чыч!" десе жалаң алтын тыйындарды жаадырат, кемпири тыйындарды кучактап алып ыйлайт:
- Мен жүрдүм ачка кемшийип,
Сен жүрөсүң досуң берген этке семирип.
Эми буларды мага бергин,
Эки-үч күн жатайын бир керилип, - деп жашап калышат, мына балдарым, ошентип капкан салып жүрүп канаттууга айланган бай адамга жолугуп багы ачылып, жыргап куунап жашап калышыптыр.. . . - дегенде Тилек башын көтөрүп:
- Ой-ий чоң апа, укмуш сонун жомок экен, мен болсом карыган кишинин эчтекесин бекитпейм.
- Албаш керек да, алар кедейди убара кылыптыр, - деди Гүлзана. Ошентип бабырашып жомок угуп отуруп уйкулары келип ордуларына жатып уйкуга кирди.
Ырысбек үйүнө Перизатты алып келмек болгон, экөө тең терең ойлонуп бүткөндөй болду, көрсө экөөндө тең сүйүү бар экен, бири бирин кыялбаган жалындаган махабаттын күчү баарын унутууга жардам берди. Көрсө махабаттын улуу касиети жакшылыкка гана үндөп, кек калтырбай жүрөктү жалаң сүйүү деген назик сөз менен тазалап, бүт тулкуңду арам ойдон алыстатып, жалгыз гана сүйүү денеңдеги каның менен жүрүп калган кезде баарын унутууга туура келет экен.
Аягы.

Комментарии