🖍 Чыланып кызылы чыгып бүткөн чайдын чамасына муздак суу куюп туруп муздаткычка 15 мүнөттөй коёсуз.

Андан кийин чарчап турган же кызарып калган көзүңүзгө бассаңыз көзүңүздү жандантат.
❗Жаңы чыланган чайдын чамасы суугандан кийин денеңиздеги көгала тактарды тез кетирүүгө да жардамы тиет. Анткени кара чайда ийлөө заттары кезиккендиктен шишикти бат таратып, кан тамырлардагы кан айлануу системасын жакшыртат. Жакшы жыйынтык алуу үчүн бул компрессти бир күндө эки жолу жасасаңыз болот.
❗Ошондой эле чайдын чамасын күнгө күйүп калган териңизге да компресс кылсаңыз жакшы болот. Эгер күн нуруна катуу күйүп калсаңыз, чай ваннасын алуу абзел.
❗Сакал же чач алганда кесип алган жерлерге чай баштыкчасындагы чайды муздатып туруп басса, эс алдырып тез калыбына келтирет.
❗Бетиңизге чыккан майда бүдүрлөрдөн арылууну кааласаңыз, көк чайдын чамасын басыңыз.
❗Тишиңизди жулдурганда, бүйлөнүн каноосун токтотууда же оорусун басаңдатуу үчүн чайдын баштыкчасын сууга салып туруп ооруп жаткан жериңизге салып тиштеп же басып туруңуз. Бул ооруну басып, нервди эс алдырууга жардам берет.
❗Чыланган кызыл чайды суутуп туруп оозуңузду чайкасаңыз, ооз көңдөйүндөгү жагымсыз жыттардан арылтат.
❗Мончого түшкөндө буусуна чайдын чамасын таштап койсоңуз, ден соолугуңузга өтө пайдалуу болот.
❗Эгерде териңизди жакшырткыңыз келсе, көк чайдын чамасын таштаңыз.
❗Ромашканын же кара чайдын чамасы болсо нерв системасын жакшыртып, стресстен чыгууңузга жардам берет.
❗Буттун сасык жытын кетирүүдө жылуу сууга чайдын чамасын кошуп бутуңузду 15 мүнөт салып туруңуз. Ошондой эле таң атканча чаманы бут кийимиңиздин ичине салып койсоңуз, уялткан жагымсыз жыттар сиз менен кош айтышат.
❗Чайды чылап, андан соң суутуп, чамасын сүзүп таштап, муздаткычтын атайын калыптарына куюп туруп тоңдурасыз. Күнүгө эртең менен ал муз чай менен бетиңизди сүртсөңүз, бырыш түшүрбөй, нервдериңизди эс алдырып, жансыз болуп бара жаткан клеткаларыңызды тирилтет. . . .

Комментарии

  • 15 мар 13:09
    Азыр чай салсан кыпкызыл болуп краска чыгат,байкап таза оригиналь чай пайдаланбасар,кайра зыяны тийбесин