🌼 Маршруткада ортодогу олтургучта бара жаткамын.

Телефонго чалуу келип, акырын сүйлөшүп башымды ылдый кылып ийип шыбырап олтуруп көзүмө бир жалтырак көрүндү, жакшылап карасам шакек жатыптыр. Көлөмдүү көрүнөт...
...бижутерияга окшоду.
Сүйлөшүп бүтүп колума алдым.
Оор экен, жалбырактуу оор гүл экен. Шакек алтындан экени дароо эле сезилди.
Дароо эле Кимдики?- дедим...
Менден ылдый олтурган жашы улуу эжеке үн катты:- Ой,меники...жана телефон алганда түшкөн тура, деп шашкалактады.
Колумда күйүп чок тургансып дароо кармата койдум.
Маршруттун ичиндеги адамдар бир мени, бир тиги аялды суроолуу көздөрү менен кыйлага чейин карап турушту😄
Наркы эже кандай абалда болду билбейм, бирок мени "лохсуңбу" дегендей көз караштар тигилип тургансыды😅⁉️
Үйгө шаардан чыгып жеткенге чейин кеч болуп кетти, келип эч кимге деле айтпадым.
Оюмдан кетпей койду бирок...туура эле бердимби, же сурап туруп беришим керек беле,
... кандай эле Сиздин шакек деп сурасам болмок? ...деген ойлор куртка окшоп башымдан кетпей койду.
Оо, түн болоюн дегенде кызыма айттым...
...айтсам күлөт кызым😅
- да, выбросьте это из головы.
Вы все правильно сделали.
Аны бербей коюу мумкун эмес, ал аялдыкы болсо деле, болбосо деле ал өзүнүн мойнунда.
Балким, сиз аны эч кимге айтпай алып алганынызда өзүңүздүн андан чоңураак нерсеңизди жоготуп жиберишиңиз мумкун эле...ну вот, это вдруг , - деп коет дагы.
😅
*****************
🌀 Бул алтын шакек жерде 120 жыл жатыптыр.
Шакекте адамдын аты, жылы жазылган...
Тапкан айым жөн олтура албай издеп жүрүп , шакектин ээсинин чебересин таап жолугушуп колуна тапшырыптыр.
👍👍👍🌹🍀🌼🍀🌹🌼🍀🌹
Америкада болгон окуя🌺

Комментарии

  • 18 апр 16:16
    Сонун экен го, бул окуя
    Мен дагы илгери айылыма барып калдым
    1990 же 1991-жылдар болчу
    Апамдын колунда майда үч кызыл көзү бар жалтылдаган килтейген российский шакек салынып алганын көрүп, "Ии, апама бул шакекти ким берди экен..
    Жеңелерим бербейт эле..."деп ойлонуп отуруп калдым
    Анан кетээримде, ,,апа бул шакекти сизге ким берди?"деп сурадым
    Менин атам айылда ,,Мураб" болуп иштечү
    Элге суу бөлүштүрүп, кезек менен айыл элине ,,суугарып алгыла огородуңарды" деп суу берчү
    Бир күнү жогорку Мазардан да өйдөңкү алыштан суу буруп келейин деп, атчан кетип баратса алдындагы бир таман жолдо капчык жатыптыр
    Атам улакчы болчу
    Баягы капчыкты эңип алыптыр
    Ичинде бир ,,3" сом бар экен (рубль
    Аны өзү алыптыр
    Капчыкты апама келип берип коюптур
    ,,Ме, капчык кылып ал
    Ичинде эч нерсе деле жок экен
    Анан бир шакек бар экен" дептир
    Апам баягы шакекти жалтылдатып тагынып алыптыр
    Анан кошуна, колоң таң калып сурашыптыр
    ,,Ааиий, бул алтын шакекти сизге ким алып келип берди?"дешсе
    Апам таңкалыптыр
    ,,Апей, бул алтын бекен?"деп
    Анан апам айылдык магазинчиге алып барып таштап келиптир
    ,,Ээсин таап сураштырып берип койчу" деп
    Бир айдан ашык жүрүп шакекти деле унутуп калыптыр момун апам
    Бир күнү магазинчи да куулук шумдугу жок эже
    ,,Алып кетиңиз
    Ээсин тапкан жокмун " дептир
    Апам кайра айылдык почтого алып барып таштаптыр
    Ээсин таап берип койгула деп
    Ал жерде да бир эки ай жатыптыр
    Анан апам барыптыр почтого
    ,,Ээси жок болсо өзүм алып кетейин анда" деп, ошо менен апам салынып жүрүптүр
    Ошондо мага айтты
    ,,Ме, сен тагын" деп
    Мен болбой койгом
    Шаарга келип, кийинки жылы кайра айылга бардым
    Барып эле апамдын колун карасам жаркылдатып тагынып жүрүптүр
    Ошондо мага берген
    Мен көпкө тагынып жүрдүм
    Бир жылы иним үйлоном деп, ошол шакекти улам сурап туруп алды
    ,,Сизге башка алып берем
    Биз сатып эки шакек кылып алалы " деп алган
    Бирок мага кайра алып берген эмес иним
    Айылга барсам апам атамдар эмне бересиң ага дешкен