Комментарии
- 29 сен 2024 09:17Жусубали БатыркуловБир соргок эки тойдон кур калатбыы
- 29 сен 2024 10:34Урматкан КулбековаБиронун тамагын сагалап келгенден кийин кысып олтурбайсынарбы тоова тоова
- 30 сен 2024 10:38М Б Жалалдиновна
- 2 окт 2024 21:18Эмил КалыбаевСомодой уч жигит,станцияга барып жук тушурбойт беленер туну бир нан чайга тыйын табат эленер эркек андай болбойт,кыдырып ичкен оной аш,кылып ичкен кыйын аш азыр деле учоон ошо бойдонсунар ал адат калбайт
- 30 ноя 2024 17:27секрет нетОло албай жатып олон айтат болушуптурда
- 25 дек 2024 23:14Ади Алтынбек ответил Урматкану Кулбековой
ошону айтсанар
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Жашоо кызыктары㋡
(Алакандай аңгемелер циклинен)
Ай аяктап, казаныбыз какшып калган маал эле.Стипендия тийерине дагы эки- үч күн бар.Кечээ жыйналып калган сүттүн, лимонаддын бош бөтөлкөлөрүн өткөрүп, нан менен кумшекер алганбыз. Эми өткөрө турган да эчтекебиз жок.Тамак аңдып, кыздардын бөлмөсүнө улам бара бергенге болсо бет чыдабайт...
Бир бөлмөдө чогуу жашаган үч бала:мен, баткендик Мурадил, нарындык Кадыр ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры Алыбектикине бармай болдук.Ал курсташыбыз үй-бүлөлүү, квартирада турчу. Аяшыбыз иштейт, үйлөрүнөн тамак- аш үзүлчү эмес. Демек, азыр барсак ысык тамак болбосо да нан менен чай сөзсүз болот.Студенттин бир тойгону-жарты байыганы.Бүгүн эптеп курсак тойгузсак, эртең дагы бир буюрганы тургандыр деп ойлодук.
Алыбек шаардын четинде, ээн талаа башталган жерде жашачу. Бирок, биз барганда үйүндө жок экен.Келинчеги түнкү сменага кетип(ооруканада иштечү), өзү болсо адатынча китепканада семинарга даярданып отурса керек.Саатты карасак, тогуз болуптур.Китепкана саат ондо жабылат.Ошол замат чыкса, автобус менен антип-минтип келгенче бир саат өтөт.Ошондо саат он бирлерде араң келет.О- уу, ага чейин дагы эки сааттай убактыт бар...
Дарбазанын жанындагы орундукка отуруп, күтө баштадык.Өрүк коро болуп калган маал.Улам үзүп, жеп коебуз.Бирок, кулдураган ач курсакка анын жардамы аз тура, ашказандар ачышып, ого бетер тамак жегибиз келип чыкты.
Бир маалда ылдай жактан бирөөнүн шашыла баскан дабышы угулду.Карасак, Алыбек келатыптыр. Караңгы болсо да куркуйган боюнан, чоң -чоң аттап басканынан тааныдык. Үчөөбүз тең атабызды көргөндөй сүйүнүп кеттик. Ордубуздан атып-атып турдук.Саргара күткөнүбүздүн акыбети кайтып, тамак жейбиз деген кыялыбыз реалдуулукка айланган жатса кантип сүйүнбөйсүң!
Алыбек болсо улам жакындагандан жакындап келатат.
-Жашынгыла!-деди аңгыча Кадыр-Коркутабыз.
Биз да арты эмне болоорун ойлобой, дарактын артына бекинип калдык.Байкуш Алыбек жеткен коркок жигит эле, хулиган, анан жин- шайтан дегенден өзгөчө коркчу.
Жакындап келди. Папкесин колтугуна бекем кысып, эми дарбазаны ачкан жатканда ар жактан Кадырдын улуган сымал бир шумдуктай үнү чыкты:
-У-у-у-у!
Алыбек адегенде селт эте түшүп, үн чыккан тарапты бир карап алды да анан келген жагын көздөй качып жөнөдү.
-У-у-у!-- деди Кадыр үнүн ого бетер катуу чыгарып. Улуп, чаңырып гана тим болбой кудум артынан кууп бараткандай сес көрсөтүп, буту менен жерди тепкилеп -тепкилеп коет. Алыбек болсо чымын- куюн болуп, үрккөн кийиктей безип баратат.
-Эй, Алик, токто, бул бизбиз- дедим мен артынан.Кадыр менен Мурадил да Алик эле Алик деп кыйкырып киришти.
Бирок, Алыбек биздин үндөгүбүздү уккан жокпу, же укса да коркуп кеткен неме аңдап -түшүнбөдүбү, качкан бойдон көздөн кайым болду. Бир заматта коюу караңгылыкка сиңип, жер-куйга житкендей житип кетти.
Отуруп, кайрадан күтө баштадык.Эс-учун жыйган соң кайра келет го деп ойлогонбуз.Бирок, Алыбек келген жок.Май айы, баарыбыз көйнөкчөнбүз.Курсагыбыз ачканы аз келгенсип, эми үшүп да кирдик.Ачуубуз келип, Мурадил экөөбүз кайдагы жорукту баштадың эле деп Кадырды жемелеп, каарып атабыз. Ал болсо дулдуюп, жер тиктейт.Өз жоругуна өзү да өкүнүп жаткандай.
-Кеттик жатаканага -деди бир маалда Мурадил.
-Дагы бир аз күтпөйлүбү. Кадыр күнөөлүүдөй араң үн катты.-Балким, келип калаар.
-Кевейт-деди Мурадил анын сөзүн чорт бөлүп.-Ол эчак шаарга качып кетти, же бир жерге пысып калды бөдөнөдөй болуп.Келсе ям эми саар, таң атканда келет.Шаарга кеткен болсо түз эле сабака барышы ям мүмкүн.Ого чейин биз биетте отура беревизби?
Үчөөбүз кайра жатаканага жөнөдүк.Түн бир оокум, транспорт аттуунун баары эчак токтогон. Салпактап, жөө баратабыз.Сүйлөшкөнгө да шайыбыз келбей, үн- сөзү жок бараттык...
Мамат Сабыров
#тункутамаша_элдик