боксер 8-болум

Корооз менен адам баласынын эрегиш мушташы окшош турбайбы. Байкуш чаар корооз жеңүү үчүн кандай жан талашты эле. Бирок кызыл аябагандай күчтүү экен да.Акырында үстүнө чыгып отуруп алганын айтпайсыңбы деп ичинен ойлонуп жатып, өзүн өзү токтото албай күлүп жиберди.
— Көңүлүң көтөрүңкү го Мисир. Сага эмне болду?
— Баягы корооздордун урушканын эстедим да.
— Баятан бери мен да эстеп отургам. Максим Трофимович Мисирден беш бетер ыкшып жатып күлдү.
— Азыр үчүнчү раунд. Сенин төлгөң келеби?
— Мүмкүн. Кудайдан болуп кызыл корооздой жеңишке жетсем кана.
Үчүнчү раундга эч кандай мушташ болуп өтпөгөндөй Мисир рингге сергек чыкты. Жанагы эки муштумдун өчүн кайтарып, ал турсун ушул раундда бүтүрөм деген ой менен ачуун ташкындатат Жек. Бирок ар кимдин ойлонгону боло бербейт окшобойбу. Муштумун жаак талаштыра жөнөтөрдө Мисир андан ыкчамдык кылып ичке эки жолу уруп калды эле ыңк, ыңк дей түшүп ичин баса калды. Табарсыкка тийип калдыбы деп ортодогу судья дароо оюнду токтото салды. Жок жеңил накдаунд экен. Судья билип туруп унчуккан жок. Бокс кайра башталды.Мисир качырып барып бир соккондо артка чалкалай кетенчиктей түштү. Экинчи соккусу ээкке таамай тийип Жек чалкасынан жыгылды.Буттарын тыбырчылатып турайын деди эле туралбады. Бул чаар корооздун абалы Жектин абалына окшошуп кетти.
Европа, Азиянын жана дүйнөнүн үч жолку чемпиону Мисир Абды-ы-рахмано- ов!
Микрофондон айтылган катуу үн стадионго гана эмес, сыртта да жаңырды. Ортодогу судья Мисирдин колун көтөрдү.Стадион дүңгүрөп кетти. Өз элинде, өз жеринде жеңилген Жек уялганынан ордунан араң көтөрүлүп, бурчка барып, элди карай албай башын шылкыйтып турду. Максим Трофимович менен Виктор Мисирди колдоруна көтөрүшүп, рингди бир айланды. Мисир болсо алардын үстүндө бужуйган булчуңун, таштай түйүлгөн муштумун көрсөтүп сүрөткө тартылып жатты. Жеңиш жана дүйнөлүк атак даңк жүгөн салдырбаган азоо аттай адамды көптүрүп да, өзүнөн башка кишини киши дебей акшыңдатып коет эмеспи.Эгер Мисирдин ордунда башка киши болсо дал ошентмек. Бирок Мисир таптакыр андай мүнөз жок. Бокста гана каардуу көрүнгөнү менен андан чыккандан кийин жөнөкөй эле манжапыс адам. Эл менен аралашып, эл менен баарлашканды жакшы көрөт. Бул интелегент, же бул бай, же бул кембагал экен деп бөлүп жарбайт. Баары менен бирдей мамиле кылат. Максим Трофимович Мисирдин ушул жагын баалап, “сенин айтканыңдан кайтпаганың болбосо, башка жагыңды жүз пайызга жактырам” деп калат.
Үйдө баары бар, жетиштүү болгону менен Светанын төрөбөй келатканы Мисирди ойлонтпой койгон жок.
— Качан балалуу болобуз,— деп калат кээде Светага.
— Эмнеге ашыгабыз. Али жашпыз,-дейт Света.
— Каяктагы жаштык. Жыйырма жетиге чыгып калбадымбы.
— Отузга чыкканыңда балалуу болсоң деле кеч эмес.
— Ай сен, дарыланып жүргөндөн соо эмессиң го дейм. Жашырбачы.
— Кайдан билип жүрөсүң,— Света Мисирдин мойнунан кучактай калып эркелей кетти, — эми мындан ары антпейм.
— Биротоло төрөбөй калабы деп жаным чыгып жүрсө, ой шайтандын кызы десе-е-е. Мисир сүйүнгөнүн жашыра албай Светаны алдына отургузуп алып бетинин эч жерин койбой өөп жатты. Убакыт бат өтөт тура. Светанын оорлоп калганы көп болуп, төрөтүнүн күнү жакындап келатты. Өткөндө эки жолу барып доктурларга көрүнүп келген. Азыр эрте, кийин бир келип кет деген эле.
Ошол күнү Света эрте туруп алыптыр. Мисир кызуу уйкуда болчу.
— Мисир, мени доктурга жеткизип келбейсиңби. Света жылаач жаткан Мисирди адатынча кучактап, бетинен өөп ойготкусу келди. Мисир ныксырап, ары бери ооналактады да:
— Дайыма сен ушинтип тынчымды ала бересиң. Машинаң туру го, айдап кете бербейсиңби, — деп ордунан тургандан эринип койду.Ошондон эки саат өтпөй Света авариядан катуу жаракат алып ооруканага түшүп калганын кабарлашты. Светанын үстүнө доктурлар зорго киргизишти.
— Аялың менен коштошуп кал. Ал көз жуумп баратат,— деди медсестралардын бири.Чыны менен эле эч нерсени билбейт. Бир жолу гана көзүн жылтыратып ачты.
— Света-а-а! Көзүңдү дагы аччы. Мени укчу. Мени таштабачы... Сенден айрылсам кайгыда жүрүп өлөм. Кетпечи. Мени карачы, жаным...
Башы шылк эткенде өкүрүп өксүп ыйлады Мисир. Айласы кетип жер тепкилей баштаганда ошердегилер чогулуп алышты.
— Кайрат кыл жигит. Эми аны кайра кайрып ала албайсың. Жайын даярдагыла, — деп дарыгер сыртка чыгып кетти.
— Келинди Кыргызстанга алып кетели. Сага да эртеби, кечпи өлүм келет. Экөөңөрдүн жаткан жайыңар жанаша болсун,— деп акыл салды Абдырахман ата.
— Жок ата, Света өз мекенинде эле кала берсин. Эгер тиги дүйнөдө чыны менен эле жашоо болсо, экөөбүз табышып алабыз, — деди. Абдрахман ата менен Батма апа Светаны койгондон кийин да кеткен жок. Баласынын кайгысы экөөнүн тең жүрөгүн тилип турду. Анын үстүнө Мисир уйкусунан чоочуп көп ойгончу болду. Света, Светочка сен кайда кетип баратасың. Кое турчу. Мына, мына жетейин деп калдым,— деп колун созуп ордунан тура калат. Ушинтип жүрүп акыл эстен ажырап калабы деп ата-эненин жаны калсачы.
Кайгымды басамбы деп бир күнү Мисир кафеге кирди. Өзүнчө бир столдо ээн эркин отуруп арак ичип кызып калганда, жанына үч жигит отура калды.
— Биз сизди тааныйбыз деди,— тигилер, — сиз тамак албай эле коюңуз. Биз сизди сыйлайлы деп атайы келдик.
— Эмне, менин акчам жок деп отурасыңарбы? Кана айткылачы, канча бөтөлкө ичүүгө кудретиңер бар. Авицантка кел бери. Столго баарын жайнат. Доллар десең, доллар мына, керек болсо бул кафени толугу менен сатып алам.
Мисир чөнтөгүнөн пачкасы менен акчасын алып чыгып столдун үстүнө таштап койду. Жигиттин бирөө ордунан тура калды да:
— Байке биерге мынча акчанын кереги жок. Азы эле кетет. Андан көрө ичип жеп отуралы. Сиздей чемпион менен бир отурган кандай сыймык,— деп тиги жигит акчаны чөнтөгүнө салды.
— Во, түшүнөт экенсиңер. Куйгула арактан, түнү менен отуруп арак ичебиз. А-а, силердин араңарда боксер барбы?
— Үчөөбүз тең боксербуз.
— Абдан жакшы болду. Кимиңер мени менен чыгасыңар?
— Курсакты толтуруп, арактан ичип алалы байке. Андан кийин күч сынашып көрөлү. Кана алып жиберели.
Тиги жигиттин алып жиберели дегени эле бүтпөй койду. Ошетип отуруп Мисир бокска чыкмак түгүл бирөөнүн бетинен шалпылдатып өөп жатканын бир билет... Түшүндө Светаны кубалайт. Жетпейт. Кар баскан бийик тоонун үстүнө чыгып кетет Света. Жан талашып ага чыгып мына жетейин дегенде көздөн кайы болуп кетет. Албуут аккан дайрадан көрөт Светаны. Агып кетем деп ойлобой дайрага түшөт. Жетейин дегенде дагы көздөн кайым болот. Ушинтип кыйналып жатып ойгонуп көзүн ачты. Эки жагын карады. Жалаң бомуждардын арасында жатканын көрдү. Оңгондору жок баары апсайган-сапсайган. Экөө тиги жерде куса албай термелип турат. Жанында жаткан картаң киши:
— Сен чемпион Мисир Абдырахманов эмесиңби? Тиги ордунан туруп Мисирди карап калды,— заманың менен куруп кал э-э-эй, ушундай кишилер да түшөт экен ээ бул жерге.
— Аксакал, мен ал эмесмин. Анын инисимин.
— А-а ошондой дейм да.
Мисирдин башы айланып баратат. Тамагы кургап, суу ичкиси келген менен эч ким бир тамчы да суу таап бере турган эмес. Ары бери басып кайсалактай берген соң жанагы киши:
— Арак бар. Ичип алсаң башың басыла түшүп, денең жайылып, жыргай түшөсүң, — деп стакан менен бөтөлкөнү шагыратып так Мисирдин маңдайына тура калды. Экөө эки стакан ичишти. Мисирдин башы басылбай эле кайра катуу ооруп, ал мээни кемирип кесип жеп баратат.
— Эшикте сизди кишилер күтүп жатат, — деди милиционер жигит кирип келип. Сыртта Виктор менен Максим Трофимовичтер туруптур. Экөөнүн тең кабагы кар жаагандай бүркөк. Дулдуюп унчукпай келатып чөнтөгүн карады. Бир тыйыны да калбаптыр. Кечээги үч
жигиттин кандайча жанына отура калганын ошондо гана түшүндү.
— Мунуң жеткен уят ко,— деп, анан күлдү Максим Трофимович, — соолуктуруучу жай жакшы бекен?
Мисирден жооп болгон жок. Үйгө түксүйүп кирип келгенде Абдырахман ата да, Батма апа да унчуккан жок. Кантсин күйүттөн го. Бир жолу мас болсо мас болгондур деп койду өздөрүнчө. Мисир да арак жаман жакка апарарын жакшы түшүнгөн менен отуруп отуруп ичи күйүп чыкканда, ал өрттү басам деп кайра эле ичип алат. Ал турсун өмүрүндө тартпаган тамекини оозунан түшүрбөй калды. Мисирдин мындан аркы келечеги кандай болорун Максим Трофимович да түшүнбөй, келет, аракты кой, тамеки тартканды ташта, машыгууну өткөрөйлүк, дүйнө эли аренадан көргүсү келип жатат дейт. Света менен менин карьерам кошо куруду. Мен эми чаар корооздой бутумду тыбыратып жаткым келбейт дей салат. Мейли аренага чыкпасаң чыкпа, аракты таштачы, ушуну эле суранам дейт Максим Трофимович. Арак кимди гана оңдуруп коймок эле. Ал күчтөн тайып баратканын билип жүргөнү менен көптөн бери өзүн күзгүдөн да карабаптыр. Мына күзгүнүн жанына келди. Баягы Мисир жок, өзүн өзү тааныбай турду. Болтойгон бети шылынып, көздөрү үлдүрөп, кулактары эле делдейет.
— Биз сен деп келсек, бул жерде жашоо болбой калды,— деди бир күнү Абдрахман ата,— биз эми кетели. Аракты таштап адам болуп калсаң бизди издеп барарсың. Барбасаң эмне демек элек, өз билгениңди кылып жүрө бер.
— Эмне деп жатасыз ата?
— Уккан жоксуңбу? Биз кетели деп жатабыз.
— Чыдабай калдыңарбы?
— Ооба.
— Сиз эки айга чыдабай жатасыз? Апам канча жылга чыдады эле. Мен канча жылга чейин чыдап жашадым эле. Эми мунун баары сиздин эсиизден чыгып кеттиби?...
— Кой Мисир, атаң менен айтышпа. Биз эч жакка кетпейбиз. Сенден башка дагы колубузга кармаар бала болсо анда иш башка эле. Маңдайыбызга бүткөн жалгызыбыз болгондон кийин баарын көтөрөбүз Мисир. Суранаарыбыз эле аракты таштачы.
— Светадан ажырагандан бери жашагым келбей жүрбөйбү. Ал кандай сүйкүмдүү, жароокер жан эле. Эми андайды издеген менен эч жерден таба албайм.
— Минтип мөңкүрөй берсең өзүңдү жоготуп аласың балам. Ансыз да келечегиңдеги даңгыр жолуңду буудуң окшойт. Эгер ишенимден кете элек болсоң айтчы, ага да макул болойлук.
— Ишеним бир убакта келсе келер. Азыр өзүмдүн ал абалымды түшүнүп турам. Мен мурункудай эмесмин. Анын үстүнө Ксеня апаны, Светаны каралачу элем. Эми каралай турган эч кимим жок. Краноярскинин элине, жерине ыраазычылыгымды билдирип, мекениме, Кыргызстаныма кетишим керек. Ал эми аракты болсо бүгүндөн баштап кан буугандай токтотоюн.Максим Трофимович үйгө киргенде Мисирдин соо отурганын көрүп сүйүнүп кетти. Мейли ичип жүрдү. Ал, күчүн жоготту. Бирок анын баарын кайра жарым жылдабы, бир жылдабы калыбына
келтирсе болот да. Демек анда дагы бир шанс бар деп өзүнчө ойлонуп койду машыктыруучу.
Батма апа дасторкондун үстүнө бар тамагын жайнатып, бир бөтөлкөнү кое салды.
— Муну ким ичет?— деп Максим Трофимович Мисирди карап койду.
— Конок шаанисин кылып ичип койбойсузбу Максим Трофимович.
— Мейли, сен ичсең менда ичем. Жалгыз ичип түк көрө элекмин.
— Мен бүгүндөн баштап ичпейм деп убада берип койдум ата-энеме. Мен бир гана сүйлөйм го. Аны жакшы билесиз Максим Трофимович.
— Билем, билем. Анан боксту эмне кылабыз? Семен Клименко беттешүүгө чакырып жатыптыр.
— Айтып кой Максим Трофимович стадиону жок эле жерде, беттешүүгө чыгат деп. Ал мени мындан ары Краснояскиден эмес, Бишкектен издесин.
Максим Трофимовичтин көзү чакчайып кетти.
— Тамашалабасаңчы.
— Тамашасы жок Максим Трофимович. Шарт ушундай болуп калды. Мен сизге өмүр бою ыраазымын. Ушул даражага жеткизген сиз болдуңуз.
Максим Трофимович тилин жутуп алгандай эч нерсе дебей туруп калды...
#баксер

Пікірлер