НАМАЗ=

Кыямат күнү пендеден биринчи болуп намазы суралат. Эгер пенденин намазы толук болсо, калган иштери да кабыл алынат. Намазы кем болсо, башка иштери да четке кагылат. Пайгамбарыбыздын(саллаллооху алейхи ва саллам) намаз тууралуу төмөнкүдөй хадистери бар:
" Парз намаздар тараза сыяктуу, туура тарткан киши пайдасын көрөт"(Абдуллах бин Мубарак, Китабуз Зухд вар Ракаик, 1190).
"Үммөтүмдөн эки кишини ойлоп көргүлө, экөө тең намазга турушат. Рүкү менен саждалары бирдей. Бирок экөөнүн намазынын ортосунда асман менен жердей айырма бар", - деп Алладан айбыгуу менен окулган намаздын маанилүүлүгүн баса белгилеген.
(Уландысы бар...)

Комментарии

Комментариев нет.