Эки жаш тойдун ырысы,

Эргитет тоо кымызы.
Эки жашты достоштурган,
Кыргыздын бир сулуу кызы.
Келин бала саламатсың,
Чоң жашоо көздөй баратасың.
Ишиңди колдон ала коюп,
Маңдайыңды толо бала бассын.
Барган жериңен багың ачылсын,
Банкаңан варенье, салат чачылсын.
Байытып кайын журтуңду,
Бакыт нур, ыйман силерге кабылсын.
Жылдын кызыгы жаз болсун,
Жин шайтан жерде аз болсун.
Короо толо кой маарап,
Жылкы, уй, өрдөк, каз болсун.

Комментарии