Болотбек Акматов

Дубаланган курма же эрке кыздын тагдыры
(Уландысы.4-баян)
Айыл чарба жумушуна барганда эки түн жакшы уктагам,андан соң түшүм бузулду. Уктасам эле Бахид жаныма келет,менден жардам сурайт. Мен ага колумду бербейм,анан ал байкуш бирде сууга агат,бирде өрттүн арасында калат,бирде жардан учуп кетип кансырап жатып калат,бирде кардын арасынан араң туруп келет. Деги түшүмдө көрбөгөн азабы жок.Себебин түшүнбөйм,ушундай азаптанып жүргөнүн көрүп,буркурап ыйлап жанында жүрөм.Ойгонсом тамагым кургап дем алалбайм .Баарынан ушунусу кыйын болду.Кечинде жатканда дайыма башка жакшы түш көргүм келет,бирок баягысы баягыдай кайталана берүүдө.Улам кийинки күндөрү түш көргөндөн коркуп таптакыр түш көрбөгөнгө аракет кыла баштадым. Акыры ичиме батпай кетти көрүнөт,айылдык жоош Батма деген кызга айтып бердим. Ага айтканга чейин далай ойлондум.Башка ылайыктуу эч кимди таппадым.Мен аны эки тарабынан тандап алдым.Биринчиси- айылдан келгендиги,тигиндей-мындай нерселерди шаардык кыздарга салыштырмалуу жакшы билет деп ойлодум.Экинчиси, ал кыз эч ким менен чечилип сүйлөшчү эмес,аны менин айткан сөздөрүмдү эч кимге айтпасына толук ишеним берди.Ал кыз менин түшүмдү абдан кунт коюп укту жана бир топко ойлонуп туруп:
-Түш чын болот дечү эле.Анын кыйналып жүргөнү чын болсо керек.Болбосо сенин түшүңө кайдан кирсин деп ойлойм…-Батма жер тиктеп көпкө ойлонуп калды. Анын сөзү катуу таасир бердиби Бахиддин кыйналып жатканы элестеп “байкуш” деп аяп кеттим. Ал күнү кечке ушул ойлор менен алектенип жүрдүм.
Күн өткөн сайын сагынып жакшы көрө баштадым. Эки-үч сыйра факультеттен адресин алып издеп келсемби деген да ой келди. Канчалык аракеттенип шылтоо издегеним менен ага ылайык келчүсүн таппадым. Бул ойлор чындыкка жакын катары элестеп,ишке ашырууга далбастаганым менен факультеттен Бахиддин адресин сурап алууга ыңгайлуусун таппай башым маң.Улам жаңы ой келет.Бирок ойлоп-ойлоп көрсөм эле чындыкка жакындашпай өзүм шылдың болчудай абал түзүлөт.Ал ойдон баш тартам да,кайрадан жаңысын издейм.Күн өткөн сайын бул менин экинчи кесибимдей болуп калды.Ойлонуп отуруп эмне иш кылганымды да толук билбейм.Жарытып да иштебейм.Талаага баргандан кийин белгилүү бир сапка кирем да,иштемиш болуп отура берем.Мен ойлордон тажап калган мезгилде жаныма Батма келет да,тиги жөнүндө сурап ойлорду кайра жаңыртып коет.Мен ага маанилүү эч нерсе айтып бере албагандан кийин,көрбөгөн-билбеген кишидей унчукпай басып кетет. Ага да жиним келет,билген акылын айтып койбойт деп.Кыялымда кайра ага болушам,менин жан-дүйнөмдө эмне болуп жатканын толук билбесе кантип көңүлүмдү жубатмак эле дейм.
Мурда сүйрөлүп иштээр-иштемексен болгондорду иттей жаман көрчүмүн,ойго алаксып кеткенден кийин өзүм сапта отурган боюнча элдин эң артында калганымды унутуп койчу болдум. Эртерээк байкасам эчтеке эмес,кечирээк билип калсам кадимкидей кызарып уялам.Өзүмө өзүмдүн жиним келет.Бирок кайра өзүмдү-өзүм сооротом. “Менин ичимде эмне болуп жатканын ким билиптир,баары эле азыр мендей”,-деген көз карашка таянып,кыздарды да карап коем.
Менин бул оюмду далилдегендей ар ким өз жумушун кылып жүрүшөт. Иштегиси келбегендер сүйлошүп отурушат.Иштеп жакшы көрүнгүсү келгендер эбак алдыга суурулуп,бириндеп бөлүнүп кеткен.Артта мен жалгыз эмесмин.Анча узап кетпеген жерде дагы өз саптарын минип чакага помидор салымыш болуп,анда-санда кыймылдаган беш-алты кыз бар.Аларды көргөндө жалгыз эмесмин дегендей өзүмдү-өзүм жооткотом.
Баары бир кыздар байкагыч болот.Бир күнү түшкү тамакка жакындап калганда мурда чогуу жүргөн,анча-мынча нерселерди сырдаша коюучу группалаштарым жаныма келишти.Бетке чапма кыялымдан далай кагуу жеген алардын эч кимиси мага батынып сүйлөй алышпады. Сезип турам,алар мага бир нерсе айтчудай болуп турганын.Бир эсе алардын минтип шекшинип келишкени кыжырымды келтирди. Унчукканым жок.Алар ар кимиси өз чакаларына менин эсебиме помидор терип киришти.Теришсин дейм ичимден,мен деле аларга көп жакшылык кылгам.Бирок аларга минтип салмагымды салып калганга бир эсе өзүмө жиним келет.Чындыгында алардын айрымдарына жигит таап,көпчүлүгүнө жигит тандаганга жардам берген мен болчумун.Ар биринин мамилеси оңолуп,табышып кетишине колумдан келишинче көмөк көрсөткөнүм чынында эсиме түштү.Кыздар мен үчүн канчалык жандалбастап жатканын көрүп,аларды тээ түпкүрдөн өзүмө өзүм ыраазы болгон сезим менен башкарып турдум.Мындай ой канчага созулганын билбейм,бирөө жаакка чапкандай эсиме келе түштүм.Уялдым. Мынчалык өзүмө өзүм корстон болуп, жекире карагандай алар мага эмне жамандык кылды эле?Өз кишидей мамиле кылышкандыктарынан ушинтип менин жанымда тегеренип жүрүшөт да,булардын күнөөсү эмне? Өзүмдүн жамандыгымды башкалардан издейминби…
Ушундай ойлордон улам аларга жибип кеткен учурда менин жүзүмдү жылмаюу аралап калса керек,кыздардын баары жылдыздуу карашты.
-Сага эмне болду ,Эмка? (Мени үйдөгүлөр ушинтип эркелетишет),-деди да Асел,менин ага карата мамилемди көзүнүн кыйыгы менен текшерип.
-Сен башкача болуп кеттиң,-тамашага айландыргысы келди көрүнөт.
-Айтсаң,бироөнү сүйүп калдыңбы?-деди да менин дан дүйнөмдөгү нерсени таап алгандай күлүп жиберди.Ушуну эле күтүп тургансып берки кыздар да каткырышты.
Ызага буула түштүм,билгищип койгон экенмин деп коркуп да кеттим.Ызага алдырдымбы,же көп күндөн бери баш аягына чыга албай жүргөн санаанын жыйынтыгыбы,айтор көзүмөн жаш төгүлүп кетти.Ичиме батпай кеткен букту көз жаш менен төгүп да жаттым,кыздарга жооп ьерүүгө шылтоо издеп да жаттым.Алар мындайды далай ьашынан өткөрүшкөнбү же мени бугу чыксын деп күтүштүбү,эч кимиси унчукпай сооронгончо күтүп отурушту.Качан соолуктап басылып келе жатканда гана:
-Эмне болду?-баары үрпөйө түшүшкөнүн байкадым.
-Кой,ыйлаба!
-Айтсаң.
-Сени ыза кылган ким?-жакын турганлары кучактап,соортоп,алыс тургандары сөз менен көңүл айтышты.”Мына мен ушуну сүйүп калып ошонун азабын тартып жүрөм “ деп кантип айтам.Же бир кыздар суктана тургандай неме болсочу.Угул тургандардын баары келесоодой элестеткен немени күндүр-түндүр ойлоп кыйналганыма наалат айтып жаттым. Жүрөгүм бирөө муштап жибергендей мыкчылып кетти.Кайра башынан түшүп өксүп-өксүп жаттым…
(4-баяндын соңу.Уландысы бар).
,

Болотбек Акматов - 919983079224

Комментарии