99-Болум Ооба, өзгөрдүм. Токтоолдум. Тамаша сөздөрүм мени таппай калгандай болду. Ар бир сөздү сүйлөөрдө ойлонуп сүйлөп, ар бир кадамды да ойлонуп таштачу болдум. Кээде гана жердештерди көргөндө, ошол кездеги Мырзайымдын образында боло калам. Баягы тың, бир баля болгон окшойт, жоошуп калыптыр деген сөздөн уялсам керек. Кычыраган суук бүтүп, жаз келди. Келгин куштар сымал, тигүү жумуштарына чакырык көп. Жумуш берүүчүлөрдүн арасынан орус кожоюундарды издейм. Себебин айтпаса да түшүнүктүү. Аларда мен жакшы көргөн тактык бар. Акчасы убагында, эс алуу күну бар. Баланчадан, баланчага чейин деген убакыт менен чектелип иштешет. Ошондой жумуш таптым. Алгач татаал үлгүнү тиктирип көрдү. Өмүрү тигип көрбөгөн тигиштерди, тигип салсам боло! Ошол жерде иштеп калдым. Алар үчүн мен жоош, бир мүнөз, назик, сөзгө жок, бир калыптуу Мырзайыммын. Бул бет кап эмес. Ошол убакта ошондой адам болуп калганыман кабар берет. Жумушка келем, алдыман чыккан кесиптештер менен учурашам, мени кутүп жаткан машинам менен эч кимге угузбай учурашам. Аны сылап,"Сен эски 22-маркадагы машина болсоң да кыйынсың ээ, мени көп убарага салба, макулбу" - деп алып, анын жашыл кнопкасын басам. Ал кнопка бир гана кийим тигүүчү машинаны от алдырбастан, менин ойлорумду кошо от алдырат. Учу кыйыры чексиз ойлор менен алышып атып, кандайча тигип бүткөнүмдү да билбей калам. Кээде ашыкча айкырган радионун үнү тоскоолук кылчу эле. Ордуман секин туруп барып, аны акырындатсам, жаш кыздар кайра чоңойтуп коюушчу. Ойдун тереңине сүңгүп кеткен окшойм, жаныма оверлокчу жапжаш кыз келип: "Сен эмне, дүйлөйсүңбү? " - деп сурады. Анын бул суроосун бир кезде мен да кимдир бирөөгө бердим эле...Көрсө, байкуш Азиза да бир нерседен кыйналып, ойго чөмүлүп жүргөн кезин кеч түшүнүп, жанымды жок болсо да, андан кечирим сурап жаттым. Ошондо эстедим, ал барып, радиону акырындатса, мен барып чоңойтуп, ага акшыңдаган көз караштарымдын баары айланып келип өзүмө тийип жатты. Мен ата-эненин тарбиясы менен эмес, мени жашоо татарбиялап жатканын түшүндүм. Болгондо да тажрыйба түрүндө. Ата-эненин шапалагынан да, жашоонун шапалагы алда канча таасирдүү турбайбы, түшүнгөн адамга. Эми мен эч кимге катуу айтпас жан болдум. Баардык адамдарга, чын жүрөгүм менен кайрылып, алар да мага окшош бактысын издеген пенде экенин билип, жакшысына да, жаманына да аяр мамиле кылып жүрдүм. Кесиптештер ого эле көп. Элүүдөн ашык адам. Эки орус аял ,бир эже, бир жаш кыз, бир байке болуп алтообуз бир бөлмөдө иштейбиз. Кыргыздар өздөрүнчө бир теманы талкуулашат, орустар өзүнчө бир теманы талкуулашат. Бир күну талкууга мен түшүп калыптырмын. Кулагымда азыркыдай кулак бастыргыч болбосо да, башка дуйнөдө жүрүп укпай отура бериптирмин. Көрсө, мени ачык эле ушактап отурушуптур. Бир маалда тигилгендерди үтүккө жеткирейин деп, кызыл кнопканы басып, чыныгы дүйнөгө кайтып, тигилгендерди чогултуп жатсам, күлүп жиберишти. Тиги жаш кыз:"Мен айтсам ишенбейсиңер, точно дүлөй экенби?" деп тигил экөөнү да аргасыз жылмайтты. Үтүккө барып келгиче тиги жаш кызга кандай айтсам таарынбайт жана жеткиликтүү болот деп ойлондум. Жанына басып келдим да, бир аз үшкүрүп, "Сага кандай айтаарымды билбей турам. Бирок, мага сын такпа жана мага көп күлбө! Мен да көп сын айтып, көп күлгөм. Мен сага окшоп шайыр болгом, ачык болгом... калганын өзүң ойлон!" - деп ордума барып отурдум. Томсоруп калган кызга бул сөздөр катууу тийдиби билбейм. Ордунан ыргып туруп, айткан акылыма айтыш сөздөрүн айтып турду. Үнумдү чыгарбай, анын ар бир сөзүн, колумдагы сууну ичип угуп отурдум да: "Сага теңелгим жок. Кийин кеч болсо да түшунөсүң! " -деп сыртка чыгып кеттим. Кезектеги жумушумду күтүп, ары бери басып калдым. Үтүктөгү кыздар көлдүк жердештер экен. Алар дайыма мойнуман кучактап алышып, тамашалаганды жакшы көрүшчү. Бир күнү сырттан кирип келатсам, алардын бири "бав!" деп чочутуп жиберди. Мен кулап калдым. Кулагым баарын эле угуп аткандай... Ары жакта суу, суу деп ары бери чуркап калышты. Мен угуп атам дегендей кол жаңсап, көзүмдү ача албай турууга эрким жетпей жерге кадалып жаттым... Уландысы бар...
Супер Келинчек))
"ЖАРАЛУУ ЖУРОК" (Баштан откон чыныгы окуялар)
99-Болум
Ооба, өзгөрдүм. Токтоолдум. Тамаша сөздөрүм мени таппай калгандай болду. Ар бир сөздү сүйлөөрдө ойлонуп сүйлөп, ар бир кадамды да ойлонуп таштачу болдум. Кээде гана жердештерди көргөндө, ошол кездеги Мырзайымдын образында боло калам. Баягы тың, бир баля болгон окшойт, жоошуп калыптыр деген сөздөн уялсам керек. Кычыраган суук бүтүп, жаз келди. Келгин куштар сымал, тигүү жумуштарына чакырык көп. Жумуш берүүчүлөрдүн арасынан орус кожоюундарды издейм. Себебин айтпаса да түшүнүктүү. Аларда мен жакшы көргөн тактык бар. Акчасы убагында, эс алуу күну бар. Баланчадан, баланчага чейин деген убакыт менен чектелип иштешет. Ошондой жумуш таптым. Алгач татаал үлгүнү тиктирип көрдү. Өмүрү тигип көрбөгөн тигиштерди, тигип салсам боло! Ошол жерде иштеп калдым. Алар үчүн мен жоош, бир мүнөз, назик, сөзгө жок, бир калыптуу Мырзайыммын. Бул бет кап эмес. Ошол убакта ошондой адам болуп калганыман кабар берет. Жумушка келем, алдыман чыккан кесиптештер менен учурашам, мени кутүп жаткан машинам менен эч кимге угузбай учурашам. Аны сылап,"Сен эски 22-маркадагы машина болсоң да кыйынсың ээ, мени көп убарага салба, макулбу" - деп алып, анын жашыл кнопкасын басам. Ал кнопка бир гана кийим тигүүчү машинаны от алдырбастан, менин ойлорумду кошо от алдырат. Учу кыйыры чексиз ойлор менен алышып атып, кандайча тигип бүткөнүмдү да билбей калам. Кээде ашыкча айкырган радионун үнү тоскоолук кылчу эле. Ордуман секин туруп барып, аны акырындатсам, жаш кыздар кайра чоңойтуп коюушчу. Ойдун тереңине сүңгүп кеткен окшойм, жаныма оверлокчу жапжаш кыз келип: "Сен эмне, дүйлөйсүңбү? " - деп сурады. Анын бул суроосун бир кезде мен да кимдир бирөөгө бердим эле...Көрсө, байкуш Азиза да бир нерседен кыйналып, ойго чөмүлүп жүргөн кезин кеч түшүнүп, жанымды жок болсо да, андан кечирим сурап жаттым. Ошондо эстедим, ал барып, радиону акырындатса, мен барып чоңойтуп, ага акшыңдаган көз караштарымдын баары айланып келип өзүмө тийип жатты. Мен ата-эненин тарбиясы менен эмес, мени жашоо татарбиялап жатканын түшүндүм. Болгондо да тажрыйба түрүндө. Ата-эненин шапалагынан да, жашоонун шапалагы алда канча таасирдүү турбайбы, түшүнгөн адамга. Эми мен эч кимге катуу айтпас жан болдум. Баардык адамдарга, чын жүрөгүм менен кайрылып, алар да мага окшош бактысын издеген пенде экенин билип, жакшысына да, жаманына да аяр мамиле кылып жүрдүм. Кесиптештер ого эле көп. Элүүдөн ашык адам. Эки орус аял ,бир эже, бир жаш кыз, бир байке болуп алтообуз бир бөлмөдө иштейбиз. Кыргыздар өздөрүнчө бир теманы талкуулашат, орустар өзүнчө бир теманы талкуулашат. Бир күну талкууга мен түшүп калыптырмын. Кулагымда азыркыдай кулак бастыргыч болбосо да, башка дуйнөдө жүрүп укпай отура бериптирмин. Көрсө, мени ачык эле ушактап отурушуптур. Бир маалда тигилгендерди үтүккө жеткирейин деп, кызыл кнопканы басып, чыныгы дүйнөгө кайтып, тигилгендерди чогултуп жатсам, күлүп жиберишти. Тиги жаш кыз:"Мен айтсам ишенбейсиңер, точно дүлөй экенби?" деп тигил экөөнү да аргасыз жылмайтты. Үтүккө барып келгиче тиги жаш кызга кандай айтсам таарынбайт жана жеткиликтүү болот деп ойлондум. Жанына басып келдим да, бир аз үшкүрүп, "Сага кандай айтаарымды билбей турам. Бирок, мага сын такпа жана мага көп күлбө! Мен да көп сын айтып, көп күлгөм. Мен сага окшоп шайыр болгом, ачык болгом... калганын өзүң ойлон!" - деп ордума барып отурдум. Томсоруп калган кызга бул сөздөр катууу тийдиби билбейм. Ордунан ыргып туруп, айткан акылыма айтыш сөздөрүн айтып турду. Үнумдү чыгарбай, анын ар бир сөзүн, колумдагы сууну ичип угуп отурдум да: "Сага теңелгим жок. Кийин кеч болсо да түшунөсүң! " -деп сыртка чыгып кеттим. Кезектеги жумушумду күтүп, ары бери басып калдым. Үтүктөгү кыздар көлдүк жердештер экен. Алар дайыма мойнуман кучактап алышып, тамашалаганды жакшы көрүшчү. Бир күнү сырттан кирип келатсам, алардын бири "бав!" деп чочутуп жиберди. Мен кулап калдым. Кулагым баарын эле угуп аткандай... Ары жакта суу, суу деп ары бери чуркап калышты. Мен угуп атам дегендей кол жаңсап, көзүмдү ача албай турууга эрким жетпей жерге кадалып жаттым...
Уландысы бар...