Кыз бала кадырлуу.
🔹Суроо?
Мураста башкача болгондой эле эркек бала учун эки, кыз бала учун бир акыйка мал союлууда.
Бул балдарды бири-биринен жогору эсептегендик эмеспи? Кыз бала эмне учун азыраак бааланат?
🔸Жооп:
Динибизде аял мурас алууга мактаж калтырылбаган.
Анын бардык муктаждыктарын куйоосу, атасы, эркек ага-инилери жана атасынын ага-иниси сыяктуу жакындары берууго мажбур жана жоопкер кылынган. Каралаша турчу эч бир жакыны болбосо анын муктаждыктарын Байт-ул-мал деп аталган мекеме камсыздаган.
Аял киши иштеп акча табууга мажбур эмес.
Эркектердин бул оор милдеттен улам мурастын баарын алуулары керек болсо да динибиз аялдарга экиден бир болугун берди.
Эки акыйка сойуунун ордуна бир акыйка сойулуусу кыз баланын пазилетин корсотот.
Башкача айтканда кыз бала учун союлган бир акыйка уул бала учун союлган эки акыйканын сообуна тете. Динибиз аялга озгочо кадыр берген.
Бир нече хадиси шарифтин мааниси мындай :
"Кимдин кыз балдары болуп, алардын кыйынчылыктарына чыдаса, жакшы чонойтуп жана тени менен уйлонтсо бул кыз балдар ал киши учун Жаханнамга парда болот".
(Тирмизи).
"Биринчи перзенттин кыз болуусу аялдын берекесинен".
(Ибни Асакир).
"Уч кыз баланы тарбиялап уйлондургон жана аларга жакшылык кылган киши Жаннатка кирет".
(Бухари).
Аялдарды, кыздарды баалабагандар - Мусульмандыкты билбеген жахилдер (сабатсыздар).
Динин билген бир Мусульман адам кыз балдарын жана жубайын ылайыктуу турдо кадырлайт.
Уч хадиси шарифтин мааниси мындай :
"Аялдарды бир гана тектуу жана намыстуу адам баалайт.
Аларды бир гана жаман жана пас кишилер томон корот".
(Ибни Асакир).
"Аллах Тааладан кайырлуу перзент тиледим. Мага кыз перзенттерин ихсан кылды".
(Шир'а).
"Кыз балдарды томонсунтпогуло себеби, мен - кыздардын Атасымын".
(М. Жинан).
Суйуктуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) кыздардын Атасы болуу менен сыймыктанууда.
Ушунча далилди коруп туруп эч бир адам Исламиятта кыз балага, аял кишиге баа берилбейт деп айта албайт.
Эски доорлордогу элдер 300, 500 жада калса 1000 жыл жашап, Ибадат кылышчу.
Суйуктуу Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам) :
"Йа, Рабби, менин уммотумдун омурлору кыска.
Калган уммоттор коп жашашты, коп сооп табышты.
Уммотумдун абалы кандай болот?"- деп собол кылганда Аллах Таала :
"Мен уммотуно мин айдан да кадырлуу болгон Кадыр тунун бердим"- деди.
Мин ай 83 жыл болот.
50 жыл Ибадат кылган бир Мусульман 4000 жылдан ашык Ибадат кылгандай сооп табууда.
Бул уммоттун аз жашоосу, аз Ибадат кылуусу кемчилик катары эсептелбейт. Бул уммоттун аз Ибадаты калган уммоттордун коптогон Ибадаттарынан дагы бийик болгондугу сыяктуу кыз бала учун союлган бир акыйка мал уул бала учун союлган эки акыйка малга тен келуудо.
Динибиз кыз балдар учун бул женилдикти билдирген.
Бул болсо кыз балдардын канчалык кадырлуу экендиктерин корсотуудо.
Жалгыз кыз балага жетпей жургондор канча.
А кыз балага жеткендер,
Уулум жок деп наалыгандар канча,