🍃بسم الله الرحمن الرحيم🍃

🌱Тамактануу адеби🌱
Тамактануудан мурун ойлонолу эмне учун жеп-ичип жаткандыгыбыз тууралуу.
Суроо: Эмне учун жеп-ичебиз?
Жооп: Курсак ачты, ошондуктан. Бул акыбал Аллах Таала тараптан келди. Мен учун ушул убактагы окум - "Жегиле, ичкиле, исраф кылбагыла" (Куран). Курсак ачканда эмне учун тамактанабыз? Себеби, бул Аллахтын окуму, тарика Пайгамбарыбыздыкы.
🌱Адептери🌱
1. Колду жууп аарчыбоо.
2. Бисмиллах айтуу.
3. Дасторкон жайуу.
4. Чогулуп (ижтимайи) жеп-ичуу.
5. Кичинекей балдарды чогу отургузуп жедируу.
6. Аттахиятта же бир бутуна сынар тизелеп отуруп, же эки тизенди которгон абалда отуруп тамактануу.
7. Озунун алдынан жеоо.
8. Тамактан алганда чон же кичине кесим (кусок) алба, орточо ал.
9. Дин жонундо суйлоо жана жеп отуруу.
10. Уч манжа менен жеоо.
11. Жеп-ичкенде жанында отурган кыжалат болбосун.
12. Тамакта бир нерсе болсо, ошол нерсени акырын алып кой, жегенге болсо жей бер, кокус зыян келишине себепчи болсо баарына эскертип кой.
13. Ортосунан жебе, анткени Аллахтын рахматы, берекеси ортого тушуп турат.
14. Бир кесимди коп жолу чайнап анан жут.
15. Чучкургун келсе бетинди башка жакка бур.
16. Туз, калемпир, уксус ж.б нерселерди салгын келсе оз алдына сал.
17. Сууну башында, ортосунда ичуу, акырында ичпоо.
18. Сууну он колуна алып, ичин карап (бисмиллах менен) эки же уч ууртап ичуу, алхамдулиллах деп айтуу.
19. Оозундан тамак тушуп кетсе, алып бир жерге койуп койуу (корунбогон жерге), тазаланса тазалап, корунбогон жерге койуу.
20. Курсак тойсо, башка жебе.
21. Табакта аз эле тамак калса, калган жагын тазалап кой. Уч алымдан коп калса, калган жагын тазалап, бир жакка жылдырып кой.
22. Жер-жемиш турса тандап же.
23. Колдон келишинче кашыкты иштетпе. Эгерде ошол тамак кол менен жегенге болбосо, кашыкты пайдаланууга уруксат.
24. Башында, аягында мисвак кылынат.
25. Тамак жеп бутуп, адегенде дасторконду жыйноо.
26. Эгерде бироо икром кылса, береке учун идиште кичине калтырып койуу.
27. Дубаны окуган сон, анан туруу.
28. Акырында колду жууп, аарчуу.
🌱"Динге мээнет кылуунун адептери" китебинен🌱

📃📃📃Аслидин Анарбаев...

Комментарии