Комментарии
- 13 мар 2024 09:49Тушумдо апам екообуз эшек арабага отуруп кетип бараткан екенбиз кандай чечмелесе болот билгендер айтып койосуздарбы?
- Комментарий удалён.
- 11 июн 2024 19:12Семейный проблема (чыр чатак оор маселени чечип беруу / кыргызчылыка тиешелуу кеп кенеш, туш жоору / Аян билип беруу, ар кандай оорулар медицина жардам бере албай калган учурда, зордук, зомбук, Жумуш маселеси, Жашоодон оор кундорду откоруп жаткан болсонуз, турмуш / жол ачуу (жарашуу же ажырашуу / маселесин карап чыгуу ) бир адамды жакшы коруп аны кайтаруу болсо, же бир адамдын ойун билип толго салуу керек десениз, мистикалык нерселерге кабыл болсонуз!Жана башка B Whatsapp +996505372733
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- 26 июл 2024 15:49Жогоруда окуудум окшойт мүрзө казса деп турат
- 23 авг 2024 14:26Түшүндө кандайдыр эсеп ,сан,число көрсө эмне болот,сураныч жооп берип коюнуздарчы
- 2 окт 2024 16:12Саламатсызбы, турмушта сизде маселе жаралып, мисалга толго салуу, туш жооруу, жол ачуу же жакшы коргон адамынызды кайтаруу, жакшы жашоодо жашоону кааласаныз! ысытма суутма сыяктуу нерселер болсо, ырымдоо же эмдоо, жана башка кыргызчылыка тиешелуу коп нерселерди бизде бар! Сизде эмне маселе болсо биз ошону чечууго аракет кылабыз! онлайн кайрылсаныздар болот гарантия кепилдик 200% берилет #онлайнгадание#гадания#таро Ватсап В +996505372733
- Комментарий удалён.
- 10 дек 2024 01:05Саламатсызбы, турмушта сизде маселе жаралып, мисалга толго салуу, туш жооруу, жол ачуу же жакшы коргон адамынызды кайтаруу, жакшы жашоодо жашоону кааласаныз! ысытма суутма сыяктуу нерселер болсо, ырымдоо же эмдоо, жана башка кыргызчылыка тиешелуу коп нерселерди бизде бар! Сизде эмне маселе болсо биз ошону чечууго аракет кылабыз! онлайн кайрылсаныздар болот гарантия кепилдик 200% берилет #онлайнгадание#гадания#таро Ватсап В +996505372733
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Кызыктуу жана керектүү маалыматтар.
ТУШ ЖООРУУ.
ТУШУНУЗ ТОП КЕЛЕБИ??
Адамзаттын уктаганда түш көрүүсү уйкудагы жашоо сыяктуу көрүнүш менен катар эле кээ бир учурларда аян берүү менен адамдарды таң калтырып жүрөт. Бирок көргөн түштүн баары эле дал келе бербейт.
Анан да түш жооруган жакка оойт, демекчи жаман түш болсо да жакшылыкка жоруу керек. Көргөн түшүңүздү өзүңүз эле акылга салып, жакшы жакка жоруу үчүн төмөнкү макала жардамга келет.
Китеп - илимий болсо – илимпозго жолугуу.
Мугалим – илим, жаңы тааныш.
Тил – узуну –душманды жеңүү, кесилсе –жеңилет, ача болсо илим, өзү кесип алса –жаман сөз айтуудан сак болуу керек.
Ак тон - байлык, карасы- аброй, сарысы-санаа.
Бут кийим – малдуу болуу, жыртыгы-жаман.
Кызыл кийим – аялдар үчүн шаттык, жакшылык, эркектер көрсө- жакшы болбойт.
Кийим - тазасы- таза көңүл.
Асман - өзүңүздү асмандан көрсөңүз падышага жакын болосуз.
Булут - падышаны көрүү. Акыл, илим.
Тоо – чыксаң - бийлик.
Суу - узундугуна жараша өмүр. Муздак суу –ден соолук. Суунун көп жыйылганы –молчулук, саламатчылык. Жылуу суу ичсе –жагымсыздык.
Дарыя - урмат-сыйлуу өмүр.
Деңиз - толкуса тынчы кеткен турмуш, жээкке чыкса-душманы багынат, үстү менен жүрсө - падышаны жеңет.
Кайык - башка өлкөгө саякатка баруу.
Шамал – буйрук. Өтө катуу бороон болсо –азаптуу көрүнүш, коркунуч.
Жер - бийлик, күчтүүлүк. Казса - алдамчылык менен тапкан мал.
Сел -душман, качса - качып кутулат.
Аял -(ажырашса) абийир кетет, (үйлөнсө) кубаныч. Аял киши өзүн эркек сыпаттуу көрсө уулдуу болушу мүмкүн.
Арбак - түшүңүзгө кирсе дөөлөттүү болосуз.
Өлүк көрсө - өмүрү узун болот.
Өлгөн адамды көрүү - таза кийими болсо - бейиште болот, кийим кир болсо-азаптан кутулушун тилеп, садага бер.
Өлгөн адамдан бир нерсе алса - ырыскы келет. Кийимин кийсең - жаман.
Тирүү адам өлсө - өмүрү узун, дени сак болот.
Мүрзө казса – жаңы үй курат.
Пайгамбарларды көрүү - бейишке жол ачылат, тозок оту арам болот.
Тумар – жакшылыктын белгиси. Ооруса айыгат, карыз болсо кутулат, аял көрсө перзенттүү болот.
Бейиш – дини тазалык. Окумуштуулук. Жемишин жесе –кадыр-барк.
Тозокту көрсө –кудай алдында күнөөңдү сезүү. Түшсө -азап. Кээде күнөөдөн арылат дейт.
Селде - дин, туура иш, тазалык.
Намаз окуса –жакшылык келет.
Азан –дини катуу, көкүрөгү тазалык.
Алтын – түйшүк, санаа. Садага бергениңиз оң.
Күмүш - байлыкка ээ болуу.
Бермет - кыз перзент.
Ай - максатыңыз ишке ашат. Эрсиз аял көрсө турмушка чыгат.
Жылдыз - мартаба.
Булак - бакыт, байлык.
Кийик – жакшылык.
Арстан - ийгиликтин чоңу, салабаттуулук.
Жолборс – качсаң тилегиң аткарылат, көп учурда душман.
Ит – тиштесе - урушасыз, үрсө - ушак, кас адам.
Жылан - байлык, кээде душман деп коёт.
Курт - байлык.
Кумурска - саякат, киреше.
Канат –кадыр-барк.
Аары - ушакчы душман.
Бал аары - киреше кирет.
Бал – мал-дөөлөттүү болуп, максатыңыз ишке ашат, жакшы турмуш.
Балык – майдасы - түйшүк. Чоң-чоң көбү - буюм-терим, мүлк.
Чымчык - капалануу.
Түлкү -куу адам, терисин алса мал-мүлк. Аял киши көрсө кыздуу болот.
Төө - сапарга чыгуу, амалдуу болуу.
Бака –капысынан табылган байлык.
Чычкан - кас адамдар, ууру.
Ат минип жүрсө - кадыр-барк, амал.
Ээр - жубайлуу болуу, бийлик.
Кулун - эркиндик.
Коён - балалуу болуу.
Эшек минсеңиз - кадыр-баркыңыз көтөрүлөт.
Бит - байлык деп коюшат.
Атыр - жагымдуу кабар, жакшы сөз.
Гүл - пайдасы болбогон эле иш. Дарак гүлдөгөн болсо- байлык.
Бак - курма жыгачы - илимдүү адам, жүзүм - ден соолук, байлык.
Алма - жүз көрүшүү. Жакшы көрүнсө-бейкуттук. Ак болсо - соодагерден келген жардам. Ачуусу - тынчсыздануу.
Коон - турмуштун ийгилиги, ачуусу –кордук.
Ашкабак - урмат-ызат көрүү.
Өрүк - бышканы-ошончолук алтын, быша элеги-оору.
Пияз - ачуу сөз, кызылы - эң жаман.
Алмурут - жакшылык, мансап.
Күрүч - ишке ашкан максат, ийгилик.
Жаңгак - иштеги чатак.
Анар - мал-мүлк, соодадагы ийгилик.
Мисте - душмансыз болот, шаттуулук.
Бадам – оорулуу көрсө айыгат, соо адам көрсө ооруйт.
Пахта - бактылуулук, багы ачылуу.
Урук –аял алуу, балалуу болуу, дүнүйө табуу, өсүп-өнгүгүү.
Чөп – сатса - санаа.
Тегирмен - максатынын ийгиликтүү жүзөөгө ашуусу.
Ичимдик – ачуусу - жаман турмуш, ширини - жакшы турмуш.
Шербет - ичсеңиз жакшы сөз угасыз.
Айран -ырыскы, мал. Төгүлсө –жаман.
Жаз -ыраактагы туугандардын бири келиши ыктымал.
Кар -ак эмгектен келген пайда, өмүрү узун болот.
Нан - ырыскы, жакшылык, үйгө алып келсеңиз ырыскы кирет.
Май -сары май - санаа, өсүмдүк майы - ишке ашкан максат, куйрук май - адал мал.
Бука - киреше.
Кой - сойсо-белек алуу, кээде байлыгы артат.
Козу - жетимчилик.
Мышык - аймаса - оору, бир нерсе жесе үйүнө ууру кирет.
Короз - аял алат.
Жип – агы - эң жакшы, жол.
Ач калуу – түйшүктөн кутулуу.
Куш - кармап алсаңыз бийликке жетишесиз, куштан жакшы белги сезилсе жакшылык болот.
Жүк көтөрүү - жеңил жүк көтөрсө кадырлуу болот, оор жүк көтөрсө күнөөсү көптүгүнөн кабар берет.
Жамгыр - береке болот.