Ыйманды жаңыртуу Ыйман Мухаммед алейхиссаламдын Аллаху тааладан алып келгендиги бир добуштан билдирилген нерселердин баарын жүрөктүн тастыктоосу, б.а., ишенүүсү дегенди билдирет. Аллаху тааланы бар жана бир экендигине, кайрадан тирилүү, намаз окуунун, Рамазан айында орозо кармоо фарз экендигине, спирт ичимдиктерин ичүү, аялдардын башы, чачы, буттарын чоочун эркектердин жанында ачып жүрүүнүн харам экендигине ишенүүнү билдирет. Ишенгенин айткан адам “момун”, б.а., “мусулман” деп аталат. Бутка сыйынуу, Курани каримди жаман жерге таштоо, куфур болгон нер- сени кылуу капыр болууга алып барат. Даараты жок экенин билип туруп намаз окуу, сүннөт болгон нерсени жактырбоо да куфур. Аят менен хадистерде ачык айкын билдирилбеген, ачык айкын билдирилсе да ижма (сөз бирдиги, бир добуштан макулдук) аркылуу билдирилбеген нерсени кабыл кылбоо куфур болбойт. Харам экендиги анык билдирилген нерсени адал деп айтуу куфур. Шарап ичүү, чочко этин жеш да ушул сыяктуу. Негизинде адал болгон, бирок, бир себеп менен харам болгон нерсени адал деген адам капыр болбойт. Башкасынын мал-мүлкүн алуу да ошол сыяктуу. Бир мусулмандын бир сөзү же аракети бир канча жактан куфурга жана башка жактан да ыймандуулукка ишара кылса, анын бул сөзү “Тавил” кылынат. Б.а., ыймандуу экендигин билдирген маанисине таянып капыр дебей, тескерисинче, мусулман экендигине өкүм берилет. Ал эми, өзү ошол ыймандуу экенин көрсөтө турган мааниде айтпаганын мойнуна ала турган болсо гана капыр экендиги белгилүү болот. Ушуну менен катар айтылган сөздүн куфурга себеп болуусу же болбоосуна аалымдар эки түрдүү өкүм билдирген болсо, ошол сөздү айткан адам капыр деп эсептелбейт.Мусулман эркек менен аялдын бири муртад болсо, б.а., динден чыкса, никелери бузулат. Андан кийинки балдары никесиз туулган бала бо- луп эсептелет (б.а., велед-и зина болот). Эркек тообо кылса, никелерин жаңыртуулары зарыл. Бирок, аялды никеге турууга мажбурлоого бол- бойт. Эгер аял динден чыга турган болсо, тообо кылууга жана кийин никесин жаңыртууга мажбурланат. Талак кылынбагандыктан хулла керек болбойт. Аалымдардын ижма менен (бир добуштан) билдирбеген бир өкүмдү кабылдабай, кийин тообо кылган адамдын ар ыктымалга каршы никесин жаңыртып алуусу туура болот. Муртад болгон кезде адамдын мүлкү анын ээлигинен чыгат. Бардыгы колунан алынат. Тообо кылса,кайра кайтарылып берилет. Кайтыш болсо, же Франция, Италия сыяктуу капыр мамлекеттерге кете турган болсо, мусулман мурасчыларына берилет. Мусулман болуп, ислам өлкөсүнө кайтып келсе мурасчыларына берилген мүлктүн калганы өзүнө кайтарылат. Муртаддын эч кандай ибадаты кабыл болбойт. Эч кандай аял менен никеси кабыл кылынбайт.Сойгон, уулап алган жаныбарларын жегенге болбойт. Күбөлүгү эч бир жерде өтпөйт. Эч кимге мурасчы боло албайт.Кээ бирөөлөр айтат: Адам намазын окуп, бардык ибадаттарды, бардык жакшылыктарды жасаса да, бир сөз айтуу менен кааапыр болуп калабы?” Кадизада Ахмед “Биргиви шархи” китебинде: “Бир капыр бир таухид калимасын айтуу аркылуу мусулман болгону сыяктуу эле бир мусулман да бир сөз айтуу менен капыр болот. Аял менен эркек адамдын бири куфур аркылуу муртад болсо, никелери бузулат. Бул талак эмес.Ошол себептен ыйманы жана никесин эч кандай хулласыз эле үчтөн көп жолу жаңылап алса болот”. Бир тараптын гана никени жаңыртуусу жетишсиз. Эркек менен аялдын эки күбөнүн алдында никесин жаңыртуусу керек. Шафии мазхабында идда (ажырашкан аялдын экинчи никеге туруусу харам болгон белгилүү бир мезгил) убактысы ичинде тообо кылса, никесин жаңыртуусу керек эмес. Ханафи мазхабында болгон кишинин,керектүү жагдайда никесин оңой жаңыртуусу үчүн, аялынан өкүлдүк алып, эки күбөнүн жанында: “Мурдатан эле никемде болгон аялымды анын өкүлү катары жана мен жактан асыл катары өз никеме алдым”, - деп айтуусу керек. Мечитте жамаат көп жыйналган намаздын дубасынан кийин имам таждиди ыйман жана нике жаңыртууну жамаат менен бирге окуса, жамаат бири-бирине күбө кылган болуп, никелери да жаңыртылат. Жан чыгаар кезде мусулмандын тообосу кабыл кылынат. Бирок, капырдын ыйман келтирүүсү кабыл кылынбайт. Ар бир мусулман күн сайын ыймансыздыктан сактануу үчүн төмөндөгү ыйман дубасын окууга тийиш: “Аллахумма инни аъузу бика мин ан ушрика бика шайан ва ана аламу ва астагфирука лима ла аламу иннака анта ал- ламул гуйуб”. Таңкы дуба түн ортосунан баштап, кечки дуба түш кайткандан баштап окулат. Кишинин муртад экендигин моюндабоосу тообо кылгадыгын билдирет.“Барика” жана “Хадика” китептеринде “тил апааттары” бөлүмүндө жана “Мажма-ул-анхур” китебинде мындай деп айтылган: “Эркек же аял мусулман аалымдардын бир добуштан куфурга себеп боло тургандыгы билдирилген сөз же аракеттердин бирин ыймандын кетүүсүнө себеп болуусун билип туруп, мажбурлоосуз, өз каалоосу менен чындыкта же күлдүрүү үчүн айтса, же жасаса, маанисин түшүнбөсө да, муртад болот.Б.а., ыйманы кетет. Бул “куфри инади” (билип туруп капыр болуу) деп аталат. Мындай адамдын мурда кылган ибадаттарынын сообу жок болот.Тообо кылса да, кайра келбейт. Бай болсо, кайрадан ажылыкка барууга тийиш. Муртад кезинде окуган намаздарын, кармаган орозосун, берген зекетинин казаларын ыйманга келген кезде орундабайт. Муртад болу- удан мурда кылбагандарын каза кылат. Анткени, муртад болгондо мурунку күнөөлөрү жоюлбайт. Муртад кезиндеги кылбагандарын да каза кылбайт. Куфри инади менен муртад болгондордун никеси да бузулат.Кайрадан ыйман келтиргенден кийин эки күбөнүн алдында “таждиди никах” кылуусу (нике жаңыртуусу) керек. Хулла керек эмес. Тообо кылуу үчүн бир гана таухид калимасын (Лаа илааха иллаллах Мухаммадун Расулуллах) айтуу жетишсиз. Куфурга себеп болгон ишине, сөзүнө да тообо кылууга тийиш. Эгер куфурга себеп болгонун билбей айткан, кылган болсо же куфурга себеп болот-болбойт деп аалымдар эки түрдүү бил- дирген сөз жана ишти өз эрки менен айтса-кылса, ыйманынын кетүүсү жана никесинин бузулуусу күмөндүү болуп саналат. Бул жагдайдан сактануу үчүн ыйман менен никесин жаңыртуу жакшы болот. Билбей айтуу “куфр-и жахли” деп аталат. Анткени, ар бир мусулмандын билүүгө тийиш нерселерди үйрөнүүсү фарз.Билбегендик шылтоо эмес, чоң күнөө болот. Куфурга себеп боло турган сөздү жаңылып, адашып, же
башка мааниде айткан адамдын ыйманы менен никеси бузулбайт. Ошон- дой болсо дагы тообо-истигфар окуп, ыйманын жаңылап туруусу жакшы болот. Никесин жаңылоосу шарт эмес”. Мечитке барып жүргөн мусулмандын куфри инади менен муртад бо- луусу мүмкүн эмес.Себеби, мусулман ар дайым илим издеген, билбегенин сурап үйрөнгөн адам. Башка төрт түрдүү куфурга түшүп калуу ыктымалы бар болгондуктан имамдар мечитте жамаатка: “Аллахумма инни уриду ан ужаддидал имана ва никаха таждидан би кавли лаа илааха иллаллах Мухаммадан расулуллах”, - деп окутуп, тообо жана ыйман менен никени жаңылаттырат. Ушуну менен: “Лаа илааха иллаллах деп ыйманды жаңылагыла!” - деген хадистин буйругу орундалган болот. Ыйман дубасы Хадис аалымдарынан Мухаммед Тирмизи айтат: “Кимде-ким таң намазынын сүннөтү менен фарзы арасында бул дубаны ичинен окуса ыйман менен кайтыш болот: Йа хаййу йа каййуму зал жалали вал икрам. Аллахумма инни ас алука ан тухйийа калби би нури марифатика абадан йа Аллах, йа Аллах, йа Аллах жалла жалалух”. Расулуллах (ﷺ) айтат: “Эй, үммөттөрүм жана сахабаларым, таңда туруп мына бул дубаны окугула: Субханаллахи ва бихамди-хи субханаллахил азим”. Бул дуба ошол күндөгү күнөөлөргө каффарат (күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп) болот. Дагы бир хадиси шарифте: “Кимде-ким бул дубаны күнүнө он жолу окуса, Аллаху таала ал адамга кырк миң сооп жазат: “Ашхаду ан лаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарика лаху илахан вахидан самадан лам йаттахиз сахибатан ва ла валадан валам йакун лаху куфуван ахад”, - деп билдирилген. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам айтат: “Катышкан мажлисиңерден (чогулуш) чыгаарда мына бул дубаны окугула: Суб- ханака аллахумма ва бихамдика, ашхаду ан ла илаха илла анта вахдака ла шарика лака ва астагфирука ва атубу илайка. Ошол мажили- стеги күнөөлөр кечирилет”. ❤Жүрөктү өлтүрбөө (сезимсиз, таш жүрөк кылбоо) үчүн мына бул ду-баны оку! Бул дубаны Расулуллах (ﷺ) осуят кылган: “Йа хаййу, йа каййум йа бадиассамавати вал арди йа зал жалали вал икрам, йа ла илаха илла анта ас алука ан тухйийа калби би нури марифатика йа Аллаху йа Аллаху йа Аллаху жалла жалалух”. Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам кайтыш болоор кезинде бул дубаны окуган: “Субханаллахи ва бихамдихи астагфируллаха ва атубу илайх”. Таждиди ыйман дубасы Эй, Раббим! Балагат жашыман азыркыга чейин Ислам душмандарына жана бидат ээлерине алданып, жуктурган бузук ишенимиме жана бидат, күнөө эсептелген сөздөрүмө, тыңдагандарыма,көргөндөрүмө, кылгандарыма өкүнөмүн. Эми мындай бузук нерселерге ишенбөөгө жана кылбоого бел байладым. Пайгамбарлардын алгачкысы Адам алейхиссалам,акыркысы биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам. Ошол эки пайгамбарга жана экөөнүн арасында келген бардык пайгамбар-лардын баарына жана билдиргендерине ыйман кылдым. Алардын барды- гы хак жана айткандарынын баары туура. Аманту биллах ва бима жаа мин индиллах, ала мурадиллах, ва аманту би Расулиллах ва бима жаа мин инди Расулиллах ала муради Расулиллах. Аманту биллахи ва малаикатихи ва кутубихи ва русулихи вал йавмил ахири ва бил кадари хайрихи ва шаррихи миналлахи таала вал басу бадал мавти хаккун ашхаду ан ла илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух. УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ)
📖ИСЛАМ ДИНИ
Ыйманды жаңыртуу
Ыйман Мухаммед алейхиссаламдын Аллаху тааладан алып келгендиги бир добуштан билдирилген нерселердин баарын жүрөктүн тастыктоосу, б.а., ишенүүсү дегенди билдирет. Аллаху тааланы бар жана бир экендигине, кайрадан тирилүү, намаз окуунун, Рамазан айында орозо кармоо фарз
экендигине, спирт ичимдиктерин ичүү, аялдардын башы, чачы, буттарын чоочун эркектердин жанында ачып жүрүүнүн харам экендигине ишенүүнү
билдирет. Ишенгенин айткан адам “момун”, б.а., “мусулман” деп аталат.
Бутка сыйынуу, Курани каримди жаман жерге таштоо, куфур болгон нер-
сени кылуу капыр болууга алып барат. Даараты жок экенин билип туруп намаз окуу, сүннөт болгон нерсени жактырбоо да куфур. Аят менен хадистерде ачык айкын билдирилбеген, ачык айкын билдирилсе да ижма (сөз бирдиги, бир добуштан макулдук) аркылуу билдирилбеген нерсени кабыл кылбоо куфур болбойт. Харам экендиги анык билдирилген нерсени адал деп айтуу куфур. Шарап ичүү, чочко этин жеш да ушул сыяктуу. Негизинде адал болгон, бирок, бир себеп менен харам болгон нерсени адал деген адам капыр болбойт. Башкасынын мал-мүлкүн алуу да ошол сыяктуу. Бир мусулмандын бир сөзү же аракети бир канча жактан куфурга жана башка жактан да ыймандуулукка ишара кылса, анын бул сөзү “Тавил” кылынат.
Б.а., ыймандуу экендигин билдирген маанисине таянып капыр дебей, тескерисинче, мусулман экендигине өкүм берилет. Ал эми, өзү ошол ыймандуу экенин көрсөтө турган мааниде айтпаганын мойнуна ала турган болсо гана капыр экендиги белгилүү болот. Ушуну менен катар айтылган сөздүн куфурга себеп болуусу же болбоосуна аалымдар эки түрдүү өкүм билдирген
болсо, ошол сөздү айткан адам капыр деп эсептелбейт.Мусулман эркек менен аялдын бири муртад болсо, б.а., динден чыкса, никелери бузулат. Андан кийинки балдары никесиз туулган бала бо-
луп эсептелет (б.а., велед-и зина болот). Эркек тообо кылса, никелерин жаңыртуулары зарыл. Бирок, аялды никеге турууга мажбурлоого бол-
бойт. Эгер аял динден чыга турган болсо, тообо кылууга жана кийин никесин жаңыртууга мажбурланат. Талак кылынбагандыктан хулла керек болбойт. Аалымдардын ижма менен (бир добуштан) билдирбеген бир өкүмдү кабылдабай, кийин тообо кылган адамдын ар ыктымалга каршы никесин жаңыртып алуусу туура болот. Муртад болгон кезде адамдын
мүлкү анын ээлигинен чыгат. Бардыгы колунан алынат. Тообо кылса,кайра кайтарылып берилет. Кайтыш болсо, же Франция, Италия сыяктуу капыр мамлекеттерге кете турган болсо, мусулман мурасчыларына берилет. Мусулман болуп, ислам өлкөсүнө кайтып келсе мурасчыларына берилген мүлктүн калганы өзүнө кайтарылат. Муртаддын эч кандай ибадаты кабыл болбойт. Эч кандай аял менен никеси кабыл кылынбайт.Сойгон, уулап алган жаныбарларын жегенге болбойт. Күбөлүгү эч бир жерде өтпөйт. Эч кимге мурасчы боло албайт.Кээ бирөөлөр айтат: Адам намазын окуп, бардык ибадаттарды, бардык жакшылыктарды жасаса да, бир сөз айтуу менен кааапыр болуп калабы?” Кадизада Ахмед “Биргиви шархи” китебинде: “Бир капыр бир таухид калимасын айтуу аркылуу мусулман болгону сыяктуу эле бир мусулман да бир сөз айтуу менен капыр болот. Аял менен эркек адамдын бири куфур аркылуу муртад болсо, никелери бузулат. Бул талак эмес.Ошол себептен ыйманы жана никесин эч кандай хулласыз эле үчтөн көп жолу жаңылап алса болот”. Бир тараптын гана никени жаңыртуусу жетишсиз. Эркек менен аялдын эки күбөнүн алдында никесин жаңыртуусу керек. Шафии мазхабында идда (ажырашкан аялдын экинчи никеге туруусу харам болгон белгилүү бир мезгил) убактысы ичинде тообо кылса,
никесин жаңыртуусу керек эмес. Ханафи мазхабында болгон кишинин,керектүү жагдайда никесин оңой жаңыртуусу үчүн, аялынан өкүлдүк алып, эки күбөнүн жанында: “Мурдатан эле никемде болгон аялымды анын өкүлү катары жана мен жактан асыл катары өз никеме алдым”, - деп айтуусу керек. Мечитте жамаат көп жыйналган намаздын дубасынан кийин имам таждиди ыйман жана нике жаңыртууну жамаат
менен бирге окуса, жамаат бири-бирине күбө кылган болуп, никелери да жаңыртылат. Жан чыгаар кезде мусулмандын тообосу кабыл кылынат.
Бирок, капырдын ыйман келтирүүсү кабыл кылынбайт.
Ар бир мусулман күн сайын ыймансыздыктан сактануу үчүн төмөндөгү ыйман дубасын окууга тийиш: “Аллахумма инни аъузу бика мин ан ушрика бика шайан ва ана аламу ва астагфирука лима ла аламу иннака анта ал-
ламул гуйуб”. Таңкы дуба түн ортосунан баштап, кечки дуба түш кайткандан баштап окулат. Кишинин муртад экендигин моюндабоосу тообо кылгадыгын билдирет.“Барика” жана “Хадика” китептеринде “тил апааттары” бөлүмүндө жана “Мажма-ул-анхур” китебинде мындай деп айтылган: “Эркек же аял мусулман аалымдардын бир добуштан куфурга себеп боло тургандыгы билдирилген сөз же аракеттердин бирин ыймандын кетүүсүнө себеп болуусун билип туруп, мажбурлоосуз, өз каалоосу менен чындыкта же күлдүрүү үчүн айтса, же жасаса, маанисин түшүнбөсө да, муртад болот.Б.а., ыйманы кетет. Бул “куфри инади” (билип туруп капыр болуу) деп
аталат. Мындай адамдын мурда кылган ибадаттарынын сообу жок болот.Тообо кылса да, кайра келбейт. Бай болсо, кайрадан ажылыкка барууга тийиш. Муртад кезинде окуган намаздарын, кармаган орозосун, берген
зекетинин казаларын ыйманга келген кезде орундабайт. Муртад болу-
удан мурда кылбагандарын каза кылат. Анткени, муртад болгондо мурунку күнөөлөрү жоюлбайт. Муртад кезиндеги кылбагандарын да каза
кылбайт. Куфри инади менен муртад болгондордун никеси да бузулат.Кайрадан ыйман келтиргенден кийин эки күбөнүн алдында “таждиди никах” кылуусу (нике жаңыртуусу) керек. Хулла керек эмес. Тообо кылуу үчүн бир гана таухид калимасын (Лаа илааха иллаллах Мухаммадун Расулуллах) айтуу жетишсиз. Куфурга себеп болгон ишине, сөзүнө да тообо кылууга тийиш. Эгер куфурга себеп болгонун билбей айткан, кылган болсо же куфурга себеп болот-болбойт деп аалымдар эки түрдүү бил-
дирген сөз жана ишти өз эрки менен айтса-кылса, ыйманынын кетүүсү жана никесинин бузулуусу күмөндүү болуп саналат. Бул жагдайдан сактануу үчүн ыйман менен никесин жаңыртуу жакшы болот. Билбей айтуу “куфр-и жахли” деп аталат. Анткени, ар бир мусулмандын билүүгө
тийиш нерселерди үйрөнүүсү фарз.Билбегендик шылтоо эмес, чоң күнөө болот. Куфурга себеп боло турган сөздү жаңылып, адашып, же башка мааниде айткан адамдын ыйманы менен никеси бузулбайт. Ошон-
дой болсо дагы тообо-истигфар окуп, ыйманын жаңылап туруусу жакшы
болот. Никесин жаңылоосу шарт эмес”.
Мечитке барып жүргөн мусулмандын куфри инади менен муртад бо-
луусу мүмкүн эмес.Себеби, мусулман ар дайым илим издеген, билбегенин сурап үйрөнгөн адам. Башка төрт түрдүү куфурга түшүп калуу ыктымалы бар болгондуктан имамдар мечитте жамаатка: “Аллахумма инни уриду
ан ужаддидал имана ва никаха таждидан би кавли лаа илааха иллаллах Мухаммадан расулуллах”, - деп окутуп, тообо жана ыйман менен никени жаңылаттырат. Ушуну менен: “Лаа илааха иллаллах деп ыйманды
жаңылагыла!” - деген хадистин буйругу орундалган болот.
Ыйман дубасы
Хадис аалымдарынан Мухаммед Тирмизи айтат: “Кимде-ким таң намазынын сүннөтү менен фарзы арасында бул дубаны ичинен окуса ыйман менен кайтыш болот: Йа хаййу йа каййуму зал жалали вал икрам.
Аллахумма инни ас алука ан тухйийа калби би нури марифатика абадан йа Аллах, йа Аллах, йа Аллах жалла жалалух”.
Расулуллах (ﷺ) айтат: “Эй, үммөттөрүм жана сахабаларым, таңда туруп мына бул дубаны окугула: Субханаллахи ва бихамди-хи субханаллахил азим”. Бул дуба ошол күндөгү күнөөлөргө каффарат
(күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө себеп) болот.
Дагы бир хадиси шарифте: “Кимде-ким бул дубаны күнүнө он жолу окуса, Аллаху таала ал адамга кырк миң сооп жазат: “Ашхаду ан лаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарика лаху илахан вахидан самадан лам йаттахиз сахибатан ва ла валадан валам йакун лаху куфуван ахад”, - деп билдирилген.
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам айтат: “Катышкан
мажлисиңерден (чогулуш) чыгаарда мына бул дубаны окугула: Суб-
ханака аллахумма ва бихамдика, ашхаду ан ла илаха илла анта вахдака ла шарика лака ва астагфирука ва атубу илайка. Ошол мажили-
стеги күнөөлөр кечирилет”.
❤Жүрөктү өлтүрбөө (сезимсиз, таш жүрөк кылбоо) үчүн мына бул ду-баны оку! Бул дубаны Расулуллах (ﷺ) осуят кылган: “Йа хаййу, йа каййум йа бадиассамавати вал арди йа зал жалали вал икрам, йа ла илаха илла анта
ас алука ан тухйийа калби би нури марифатика йа Аллаху йа Аллаху йа
Аллаху жалла жалалух”.
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам кайтыш болоор кезинде бул дубаны окуган: “Субханаллахи ва бихамдихи астагфируллаха ва атубу илайх”.
Таждиди ыйман дубасы
Эй, Раббим! Балагат жашыман азыркыга чейин Ислам душмандарына
жана бидат ээлерине алданып, жуктурган бузук ишенимиме жана бидат,
күнөө эсептелген сөздөрүмө, тыңдагандарыма,көргөндөрүмө, кылгандарыма өкүнөмүн. Эми мындай бузук нерселерге ишенбөөгө жана кылбоого бел байладым. Пайгамбарлардын алгачкысы Адам алейхиссалам,акыркысы биздин сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссалам.
Ошол эки пайгамбарга жана экөөнүн арасында келген бардык пайгамбар-лардын баарына жана билдиргендерине ыйман кылдым. Алардын барды-
гы хак жана айткандарынын баары туура.
Аманту биллах ва бима жаа мин индиллах, ала мурадиллах, ва аманту
би Расулиллах ва бима жаа мин инди Расулиллах ала муради Расулиллах.
Аманту биллахи ва малаикатихи ва кутубихи ва русулихи вал йавмил
ахири ва бил кадари хайрихи ва шаррихи миналлахи таала вал басу бадал мавти хаккун ашхаду ан ла илаха иллаллах ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расулух.
УММАТИ МУХАММАД (ﷺ) тайпасы. ok.ru//ummatimuhammadkg