11 мар 2017

Бишкек-Ош жолунда 2 унаа сүзүшүп 2 адам каза болду

10-мартта саат 11:00дөрдө Бишкек-Ош жолунун 185-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн 11-мартта кабарлады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгында Мерседес Гелендваген жана Тойота Виш сүзүшкөн. Жыйынтыгында Тойота Виштеги 2 жүргүнчү каза болгон. Бири 1971-жылкы аял Жайыл райондук ооруканада каза болсо, бири 1974-жылкы эркек ооруканага жетпей каза болгон.
Куткаруу иштерине 4 куткаруучу тартылган.

Бишкек-Ош жолунда 2 унаа сүзүшүп 2 адам каза болду - 852704524092

Комментарии

Комментариев нет.