27 авг 2017

Бишкекте төрт балалуу келин 10 жылдан ашуун убакыттан бери таштандыдан кагаз куту терип жан багат

Бишкекте төрт балалуу 25 жаштагы Чолпонай Орунбаева 16 жаштагы иниси менен 10 жылдан ашуун убакыттан бери таштандыдан кагаз куту терип жан багат. Ал мындай тагдырга апасы каза болуп, жолдошу таштап кеткенден кийин туш болгонун SUPER.KG порталына айтып берди."Апам каза болгондон кийин мени таякелерим 15 жашымда турмушка узатышты. Жолдошум ата-энем менен жакындарымдын жоктугунанбы жакшы мамиле кылбай кордукту көп көргөзүп жүрдү. Ошентип 4 балалуу болдук. Кенже балам боюмда кезимде бизден кетип калды. Азыр башка турмушу бар деп угуп жатам. Кыйынчылык учурда мени менен чогуу жашаган иним менен Бишкектин четиндеги таштандыдан 10 жылдай кагаз куту, баштык, желим бөтөлкө терип сатып, ар кайсы жерде жашап жүрдүк. Азыр иним 16 жашка толду. Таштандынын сасык жытынын таасири тийдиби ооруп калды. Апам менен атам экөө биз жаш кезде ажырашып кеткен экен. Учурда атам менен байланышыбыз жок. 2004-жылы апам каза болгон", - деп билдирди Чолпонай Орунбаева.Чолпонай Орунбаева учурда 25 жашта. Ал Токтогул районунун Терек-Суу айылынын тургуну. Жашоодон жакындарын жоготуп караан тутканы балдары менен иниси гана. Анын балдарынын улуусу 10 жашка чыкса колунда көтөргөн уулу 9 айлык. Учурда Борбор калаадагы Дордой базарына жакын жерде батирлердин биринде жашайт."Ач калбайлы деп кошуналардын же башкалардын килем, паластарын жууп, үйүн жыйнап акча табам. Кээде иш таппай калганда кайыр сураганга туура келет. Күйөөмдүн туугандары бизди карабай койгон. Ар кимден карыз алып карызыбыз 20 миң сомго жетти. Менин паспортум, күбөлүгүм, инимдин күбөлүгү, балдарымдын күбөлүктөрүн магазиндерге күрөөгө коюп азык-түлүк алганбыз. Алдыдагы жашообуз караңгы болуп турат", - деп кошумчалады Чолпонай

Комментарии