24 дек 2017

Жекшемби күнү таң атпай бул кызга жин тийгенби?

Бүгүн 24 декабрда, эртең менен Токомбаев жана Сухэ Батор көчөлөрүнүн кесилишинде, көп кабаттуу үйлөрдүн жанынан өтүп бараткан адамдарга бир кыз бир нерселерди айтып жатканын жанан ал жөндөн-жөн эле аларга асылып жатканын күбөлөр тартып алышкан.Окуя "Асанбай" микрорайонунда жайгашкан сейил бактын жанында болгон. Күбө: "Жаңжал чыгарган кыз эртең мененки саат 8.30да башталган ошону менен 11.00го чейин басылган жок. Ал жөн эле кыйкырып туруп калбастан, бейтааныш адамдарды сумкасы менен да чапканга жетишип жатты. Ошентип ал кароолчуну дагы сокконго жетишти. Тургундар тартип сакчыларын чакырганга мажбур болушкан. Андан соң кыздын тааныштары келип, аны жеңил унаага алып кетип тынышкан ", — дейт күбө.Кыз өзүнө кол салууга аракет жасаган дешет мындагы тургундар.Баары бүткөндөн кийин гана тартип сакчылары келишкен.

Жекшемби күнү таң атпай бул кызга жин тийгенби? - 861740549436

Комментарии

  • 26 дек 2017 10:19
    Жин тийибей элэ мумкун стресс болгондур