Комментарии
- 25 дек 2017 18:20Жылдызбек Салкын Латифа Адилет Нурперитобо кылдым жазасын алышсын шумшуктор балдарына жалко
- 25 дек 2017 18:38Sss JjjjjjЧакымчы адам кандай акмак адам а ошонун айынан олум болду милиционерлердагы сорго эле турушатта
- 26 дек 2017 04:23Гульмира БердибековаКафеде иштеген кызда да куноо бар ал эмнеге звонок кылат. Ал кыздан дагы сурак алыш керек.
- 26 дек 2017 14:24К РДоктор лорда карабайт акча алмайынча . дон болушун керек же жазуучу болушун керек макоолор
- 28 дек 2017 10:38Ilyas ParpievЭх Мусулман бир туугандар асынып олуу эн куноо ал ошол кундон тарта кыяматка чейин асылып турат аркы дуйнодо Сабыр этели туугандар болор болбос озунун жанын кыйуу туура эмес .Олум бизге сабак
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
НЕ ЖАНЫЛЫК
Милициянын колунан таяк жеген жигит өзүнүн өмүрүн кыйды
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын 29 жаштагы тургуну Айбек Сейитказиевдин өз өмүрүнө кол салышына милиция кызматкерлеринин ур-токмогу себеп болгон. Бул тууралуу маркумдун жакындары аймактык кабарчыга билдиришти.
Алардын айтымына караганда, окуя 19-декабрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Чаек айылындагы кафелердин биринде болгон чырдан улам келип чыккан.
«Ал ошол күнү эки таанышы менен кафеде тамактанып отурган. Ошол учурда кафенин бир кызматкери анын аялына чалып, «күйөөң бул жакта кыздар менен майрамдап отурат» деген. Андан кийин телефон аркылуу колуктусу менен сүйлөшкөн Айбек жини менен жалган айткан кафенин кызматкерин урушуп кирген. Ортодон чыр чыккан. Аңгыча Жумгал РИИБдин эки кызматкери жана бир бейтааныш адам келип, Айбекти жулкулдатып өздөрү менен чогуу алып чыгып кетишкен. Бул окуя толугу менен кафенин видеокамерасына тартылып калган», - деп билдиришти жакындары.
Жумгал РИИБдин убактылуу кармоочу жайында камалган Айбекти эртеси атасы 3 миң сом төлөп чыгарып кетет.
«Айбек өзү жоош, кудуң-мудуңу жок бала эле. Аны жерге 22-декабрь күнү бердик. Милициялардын бул кылганы туура эмес. Бала кызуу болсо да, аны соолуккуча камап коет. Айбекти тескерисинче кафеден бери сабап, көрбөгөндү көрсөтүшкөн. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, денесинде көк ала тактар бар, башка-көзгө койгулашкан. Бул милициялар сөзсүз жазаларын алышы керек. Оорукананын дарыгерлери да карабай коюшкан. "Мен элден чыгып калган турбаймынбы" деп сарайга кирип, асынып алыптыр», - деп кошумчалашты жакындары.
Ал эми бул окуя боюнча Жумгал РИИБдин тергөө тобу Айбек каза болгон күнү Кочкор, Жумгал аралык соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, учурда иш тергелип жатканын айтышты. Ошондой эле, Жумгал районунун прокурору бул иш анын көзөмөлүндө экенин, адам өлүмүнө күнөөлүүлөр сөзсүз жаза ала турганын кабарлады.
Айдоочу болуп иштеген Айбектин артында 2 кызы калды