Азырынча үчөөнүкү белгисиз Кечээ, 25-декабрда Москва шаарында катталган кырсык боюнча териштирүү жана иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары полицияга шилтеме берип жазууда. Кырсык катталган аймакта ыкчам кызматы иш алып барды. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 чамасында орун алган. Айдоочунун версиясы боюнча, автобус айдоочунун башкаруусунан чыгып, тайгаланып барып аялдамада турган жарандарды сүзгөн. Андан соң токтоно албай калып автобус менен кошо метрого барчу жер алдындагы өтмөккө кирип кеткен. Шаардын ооруканасында 9 адам медициналык көзөмөлдө. 2 адам медициналык жардам алуудан баш тарткан. Ошондой эле окуя болгон жерден 4 адам каза болгон. Каза болгон 4 адамдын биринин аты-жөнү такталып, үчөөнүкү белгисиз. Алар Москва шаардык мэриясынын порталына жарыяланды.Алар:— Михайлова Елена Геннадьевна, 38 жашта;— белгисиз, болжол менен 45 жаштагы аял;— белгисиз эркек киши;— белгисиз, 18 жаштар чамасында, эркек бала.Жабыркагандар:— Бабич Людмила Викторовна, 54 жашта.— Бузинова Анастасия Андреевна, 16 жашта.— Дороган Морин Витальевич, 45 жаш;— Дронова Алена Александровна, 27 жаш;— Калнишкан Юрий Алексеевич, 41 жаш;— Кузнецов Антон Сергеевич, 20 жаш;— Лысенко Инна Викторовна, 46 жаш;— Титова Наталья Николаевна, 34 жаш;— Тихонов Виктор Владимирович, 58 жаш;— Удалова Людмила Николаевна, 57 жаш;— Щербаков Виталий Юрьевич, 48 жашта
Москвада автобус кишилерди сүзүп жер алдындагы өтмөккө кирип кетти
НЕ ЖАНЫЛЫК
такталууда.
Азырынча үчөөнүкү белгисиз
Кечээ, 25-декабрда Москва шаарында катталган кырсык боюнча териштирүү жана иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары полицияга шилтеме берип жазууда.
Кырсык катталган аймакта ыкчам кызматы иш алып барды. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 чамасында орун алган. Айдоочунун версиясы боюнча, автобус айдоочунун башкаруусунан чыгып, тайгаланып барып аялдамада турган жарандарды сүзгөн. Андан соң токтоно албай калып автобус менен кошо метрого барчу жер алдындагы өтмөккө кирип кеткен.
Шаардын ооруканасында 9 адам медициналык көзөмөлдө. 2 адам медициналык жардам алуудан баш тарткан. Ошондой эле окуя болгон жерден 4 адам каза болгон.
Каза болгон 4 адамдын биринин аты-жөнү такталып, үчөөнүкү белгисиз. Алар Москва шаардык мэриясынын порталына жарыяланды.Алар:— Михайлова Елена Геннадьевна, 38 жашта;— белгисиз, болжол менен 45 жаштагы аял;— белгисиз эркек киши;— белгисиз, 18 жаштар чамасында, эркек бала.Жабыркагандар:— Бабич Людмила Викторовна, 54 жашта.— Бузинова Анастасия Андреевна, 16 жашта.— Дороган Морин Витальевич, 45 жаш;— Дронова Алена Александровна, 27 жаш;— Калнишкан Юрий Алексеевич, 41 жаш;— Кузнецов Антон Сергеевич, 20 жаш;— Лысенко Инна Викторовна, 46 жаш;— Титова Наталья Николаевна, 34 жаш;— Тихонов Виктор Владимирович, 58 жаш;— Удалова Людмила Николаевна, 57 жаш;— Щербаков Виталий Юрьевич, 48 жашта