Комментарии
- 2 фев 2018 22:33الأمل الأملБиздин кыргызстан ушундай болсо кана
- 3 фев 2018 07:17Dinara Saparbek kyzy♡ zamujem♡Биздеда ушундай мыйзым кабыл алсынчы
- 4 фев 2018 05:44Aleksandr SashaЖоолукту салса,салбаса айрымасы эмне.Эн негизгиси жүрөгүн ,нээтин таза,тура болсун.Салынмак тургай оронуп алып арам жолдордо жүргөн кыз,келин, аялдарыбыз тилибизди кыска кылып кыргызды булгап жатпайбы.
- 9 фев 2018 13:27элвира сатыбалдиева ответила Dinara Saparbek kyzy♡ zamujem♡Мен кошулбайм
- 9 фев 2018 13:28элвира сатыбалдиева ответила الأمل الأملКойчу
- 9 фев 2018 13:40Dinara Saparbek kyzy♡ zamujem♡ ответила элвире сатыбалдиевойЭмнеге
- 9 фев 2018 13:41Dinara Saparbek kyzy♡ zamujem♡ ответила элвире сатыбалдиевойЖаманбы ыймандуу болуп журсок
- 9 фев 2018 14:17الأمل الأمل ответила элвире сатыбалдиевойЭмне койчу
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
НЕ ЖАНЫЛЫК
Иранда жоолук чечсе, камакка алынат!
Иран полициясы баш кийим кийүүнү талап кылган мыйзамга нааразылыгын билдирип, жоолуктарын чечип салган 29 аялды кармады."Тасним" кабар агенттиги 1-февралда маалымдагандай, тартип коргоочулар камаган аялдар чет жакта жашаган ирандыктардын үгүтүнө сугарылып, жоолуктарынан баш тартышкан.Сөз болгон 29 кыз-келин кайда кармалганы так айтылган жок.1979-жылкы Ислам революциясынан кийин аялдар шарияттын мыйзамдарына ылайык кийинип жүрүшү Иранда милдеттүү болуп калган.Ошондон бери аялзат өкүлдөрүнүн сырткы келбетине такай көз салынат. Аялдардын бардыгы жаш-карысына карабай денесин жана чачтарын жашырган кийим кийиши зарыл.Адеп-ахлак полициясы хижаб тартибин сактабагандарга каршы тез-тез рейд уюштуруп келет. Ушул аптада эле башкалаа Тегеранда алты аял жоолуктарын чечип салганы үчүн кармалган.