10 сен 2019
Күзүндө окуучулар 8 күн эс алышат. - 884106748476

Күзүндө окуучулар 8 күн эс алышат.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, күзгү эс алуу күндөрү 4-ноябрдан 11-ноябрга чейин уланат. Кышында окуучулар 12 күнгө- 30-декабрдан 10-январга чейин эс алышат. Жазында 21-марттан 30-мартка чейин окушпайт.

Биринчи класстын окуучулары үчүн үчүнчү чейректе кошумча бир жума эс алуу жарыяланат.

Комментарии