3- БӨЛҮМҮ.... - 921770135729

3- БӨЛҮМҮ....

Балдар уйуно тушкон, же ал жерде чонойгон ар бир бала оздорунун белгисиз ата-энесин кутуп жашайт. Арасынан оздорунун атасы же апасы келип алып кеткендери коп эле кездешесе, кээде жат эле балага зар болуп жургон адамдар алып кетишчу. Кетип бара жаткан бала баары менен бактылуу коштошуп, кубанычы койнуна батпай секирип жоноп кетет. Андайда бул жердеги балдарга ансайын умут бутуп, баары эле ушул жерден созсуз бир куну ушинтип кетерине бекем ишенип алышат. Бирок бул турмуш, тагдыр баары эле бул наристелердин кыялындай таза анан бае эмес да. Кана эми бутун дуйно ушул жердеги балдардын журогундой аруу болсо...
Адамдар балдарды коргону киргенде кээ бир балдар же кыздар аларга жагуу учун оздорун корсотуп алышчу. Бир гана Камила,алардан болунуп тураар эле. Ал бул жердеги башка балдардан озгочолонуп, кимдир бироону кутпойт. Жада калса "бироо алып кетет" - деп умут да артпайт болчу. Анткени кутоор эч кими жок, атасы ошол уйуно акыркы жолу келгенде эле кайра кайрылбасын, тушунгон. Апасы болсо... Ал эми багып алчу адамдардан умут кылмак тургай, алар келгенде таптакыр корунбой качып кетчу. Бир эки жолу тарбиячылар урушту эле, андан кийин жашына турган болуп калды. Камилага кайра бул жерде жургон женилдей. Ар дайым жийикене карап, кагып, туртуп мамиле кылган чон адамдарга аралашпай мобу мотурайган, журогу таза, дили кирдей элек периштелердин арасында жашоо кыйла жакшы. Анткени бул жерде бул балдар болбойт, алар урушпайт "сен цыгансын" - деген кепти айтпайт...
Келгенден баштап колунан кыягы тушпой жада калса уктаганда да кучактап уктаган тармал чачтуу, коздору балбылбап турган куурчак кыз Жамиланын козуно урунду. Ага карап олтуруп "кареги мундуу, бул кичинекей али дуйнонун башын тааный элек кыздын коздорундо ушунча мун кайдан топтолду десен?" - деп ойлоно калат. Ар бир кыймылын кузотуп журот. Башка балдарга окшоп чуркап ойногонун бир корбоптур. Ар дайым тынч журот. Чонойгон сайын кыягын тартууну баштады. Алгач жон гана кынылдаган узул-кесил куу чыкса бара-бара ал куу созулуп бир ыргака тушо баштаган эле. Кээде тун бир оокумду баары уктаганда короого чыгып алып коздорун жумуп термеле мундуу кууну ойночу. Андайда Жамила да кыз менен бирге ыргала, мундуу кууго таасирленип анын кайгысыныр сырын тушунгондой ыйлап да алчу. Кыз бой жеткен сайын озгочо сулуу, ажарлуу боло баштады. Ойногон куусу тим эле керемет! Жамила гана боор тартып, чачын оруп, койнокторду алып келип берет. Музыкалык окуу жайга да Жамиланын таанышы аркылуу кирип калган.
Баянын сонуна чыгарган Камила Маратка тигилди. Кыздын балбылдап жанып турган коздорундогу озуно болгон чексиз умутту, суйууну ошол эле убакта ишенимди коруп турду. Мандайынан суйду Марат. Жигитти жалындуу ыссык демине ансайын эреркеп кетти Камила. Козунон тамчы кулап тушту.
-Мен жанындамын! - деди жигит жалындуу шыбырап.
-Эч качан сени таштабаймын! Мага ишен. Биз бактылуу болобуз!
Марат азыр кызга убада берип жаткан создоруно озу ишенбесе да суйлоп жатты. Озу ишенбеген бул создорго кызды ишендиргиси келди. Ал менин озу да ишенип, озу да умут кылып жатты.
Марат олкого белгилуу композитор Кайым Жунусовтун уулу. Апасы да чон кызматта иштейт. Жакында эле тектуу жердин кызын айтып, сунуштап коргондо Камила жонундо соз козгоду эле, суруштуруп кенешебиз деп койгон апасы. Ошондо эле "кантер экенбиз" - деп кыжаалатка тушкон жигиттин дили азыр кыздын баянын угуп ого бетер, тупойул боло калды. Бирок ошентсе да такыр, Камиладан баш тарткысы келбей турду. "Кантип ушул жанды кыя аламын" - деди журогу орттоно. "Жок кандай кун болсо да, мейли бут аалам каршы чыксын, баш тартпайм! " - деп ичинен озуно озу соз берип, сыртынан болсо озуно ишенип дирилдеп турган кичинекей периштесин ансайын бекем кучактап алды.
***
Окуу жайда уюштурулган белгилуу бир иш чарага алгачкы жолу Камила катышты. Биринчи жолу сахнага, озун карап турган жуздогон коздордун алдына чыкты. Кичинекей болсо да баары бир сахнанын озуну суру болоорун ошондо биринчи болу туйду. Буттары болор болбос титиреп, колдору тердеп чыкты. Жузу албыра, ансайын муну карап суктанып турган адамдарды коруп коздору жайнай чыкты. Кошого артында озун кубанычтуу карап турган Маратты бир карап алды. Ал жылмайып колун которду анын коздорундо "мен сага ишенем!" - деген соз жаткан эле. Сахнанын ортосуна жетип кыягын алып коздорун жумуп ойноп баштады. Жанатан ызы-чуу тушуп, анчейин маани бербей олтурган залды кыяктын уну басты. Дым боло тушту. Жумулуу коздору менен мунун баарын сезип турган кыз ансайын кууго кошулуп, ичине сунгуп кирип бара жатты. Адамдар баары бир дем менен тыншап олтурушат. Аппак узун койнок кийип, тармал чачын жазып, сахнанын ортосунда ыргала куу ойноп жаткан кызды баары карап олтурушту. Кыяк сыйкырдуубу же андан таралган куубу, балким сахнада турган кичинекей кыякчы кызда кандайдыр бир керемет бар чыгаар? Айтоор белгисиз, кимди болсо да тыншап угууга мажбур кылган бул кыякчы кыз биринчи жолу ушинтип элдин журогуно, назарына тушту. Эки кууну ойногон сон, сахнага Марат чыгып пианино ойноп жатты, андан сон кайра Камила кыягын ойноду. Экоо бир кууну эки аспапта залга ушунчалык сонун кылып жеткирип беришти. Алар буткондо шатыраган кол чабуулар кыйлага дээри токтогон жок.
Мындай концерттин далайына катышышты экоо. Анткени мындай озгочо жуптар, пианино менен кыяктын айкалышы чанда болчу. Экоонун суйуу мамилеси бут Университетке дастан болду.
Марат кундогудой эрте мененки тамака олтурганда апасы кошо олтурду. Адатта бул убакта апасы иште болуш керек эле. Шашпай окуусун, сурап соз акыры Камилага келип такалды.
-Сен айткан кызын ошолбу? - деди чай сунуп жатып.
-Кайсыл?
-Суйгонун, биз айткан кыздарды карабай кунго тенеген периштенди айтам.
-Апа баштабачы, - деп ордунан туруп кетерди апасы кыйкырды.
-Олтур жайына!
Кайра унчукпай олтурган Марат унсуз чайын ууртады.
-Экоон кошулуп, тим эле бутун окуу жайга аныз боло баштапсынар. Балким музыканы жаздырып телеге чыгаарсынар?
-Апа эмнеге болбосун? Камила таланттуу, жакшы кыз. Таанышып корчу сага жагат.
-Камила дечи? Кыргызбы? Ата-энеси кайда? Кандай адамдар?
-Апа...
Калган созду же айтаарын билбей буйтала тушту.
-Эмне болду? Айтпайсынбы?
-Койчу апа, озун эле суруштуруп болсон керек.
-Жок, чын айтамын. Сени куттум.
Бир аз экоо унсуз олтурган сон, Марат апасынын жанына отуп колдорун кармап:
-Апа мен аны суйом! - деди.
-Камила балдар уйундо оскон.
Башын жерге салып акырын унчукту.
-Эмне дейсин?
-Ооба апа, бирок анын эмне айырмасы бар. Жакшы кыз, тарбиялуу.
-Эй бала, козунду ач! Кимдин уулусун сен? Унуттунбу же? Мен балама тексиз кыз алып бербеймин! Апасы таштап кетсе...
-Апасынын козу откон.
-Кыргызбы деги?
-Маанилуубу ушул сизге апа? Ооба апасы цыган болгон. Атасы кыргыз.
-Эмнеее?
Мараттын апасы кантип кыйкырып жибергенин билбей калды.
-Сенин акылын ордундабы? Балам сен ошол кызды алып биздин тукумду булгайын дегени турасынбы?
-Апа кандайча? Ал кыргыз болуп жатпайбы?
Марат эки жака басып суйлонуп жаткан апасынын артынан ээрчип журду.
-Апа эмне айырмасы бар, биз, мен бактылуу болсом болду го?
-Сага айырмасы жок болсо мына бизге бар! Атандын, менин кадырымды ойлодунбу? Цыганды келин кыламбы мен?!
-Кыргыз дейм!
-Токтот ушунчанда! Атан укпасын.
Апасы кармап турган баласынын колун силкип алып басып кетти.
***
Марат менен Камила ар кандай сынактарга катышып журушту. Марат айрыкча Камиланын осуусуно болгон аракетин жумшап жатты. Бара бара кыяк которгон кичинекей кыз олкого тааныла баштаган эле. Алгач анча чон эмес концерттерге чакырылып жатса акырындан, шоу бизнестин чон чойросуно да аралаша сунгуп кирип барды. Белгилуу ырчылар оздорунун концерттерине чакырышып, атугул ырларынын музыкасын кыяк менен ойноону суранган сунуштар тушуп Камила атактуу боло баштады. Анын озгочолугу кууну ушунчалык жеткирип жандили менен ойногонунда. Марат дайым жанында болуп, кенешин айтып журчу. Анын бир созу бар "эч качан денгээлинди тушуруп тойлорго чакырууга барба" - деген. Чынында эле олконун менмин деген элитасы оздорунун тойлору болобу же туулган кун Камиланы чакырып, атугул баш тартса жаман болоорун эскертип опузалап да кетишчу болушкан. Жашаган жатаканасынан чыгып, Марат алып берген бир болмолуу батирге кочуп келип жашап калды. Камила экинчи курска откондо Марат окууну бутуп, бирок окуу жайда иштеп калды. Олкого белгилуу бир чон ырчынын концертине чакыруу тушкондо Камиланын суйунгонун айтпа. Зал толо эл. Буга чейин деле сахнага чыгып жургонун менен негедир бул жолу озгочо толкунданып жатты. Концерт ортолоп калганда Камиланын кезеги келди. Ага чейин ырчы кыздар олтурган гримдоочу болумдо аларга кошулбай кыягын кармалап четте турду. Шандуу каткырып атугул кичинекей рюмкада куюлган ичимдиктен ууртап кызарып олтурган мобу ырчы кыздарды коруп оозу ачылды. Тим эле сахнага суйкайып чыгып ырдашып, элге калп жасалма болгон булардын чыныгы жузун коруп жийиркене тушту. Умут менен концерт коробуз деп келген элге чыгып, калптан ооздорун кыймылдатып фонограмма ырдап коюп кирип кетишкен бул ырчылардын томон денгээлин коруп конулу тушту. Арасында озу суктанып, идеал ундун ээси деп мактаган ырчы кыздар да бар. "Окунучтуу" - деди ичинде. Концерттерине чакырып, бирок келбей койгон ырчы кыздар Камиланы бул жерден коргондо эле мурдуларын чуйруп, коздорун сузуп калышкан. Ошондуктан эч кимисине суйлобой олтурду. Чон сахнага аппак койногун кийип тармал чачтарын артка корктуу кылып туйуп алган кичинекей кыякчы кыз чыкканда залда олтургандар дуркурото кол чаап жиберишти. Жаркырап турган сахнанын туркун жаркытары очурулуп, жалгыз Камилага жарык берилди. Кыягын ээгине алып келип коздорун жумуп ойноп баштады. Ошол эле убакта турган ордунда ыргалып жузуно болор болбос кулку уялап турду. Бул сапар коз алдына Марат экоонун бактылуу кундорун элестеп ойноп жатты. Анын коздорун, озун жалооруп тиктеген каректерин. Анан алдыдагы таттуу келечегин кыялдана кууну берилуу менен ойноп жатты. Узака созулган куу бутуп, кол чабуулар дагы эле токтобой кайра кучоп, дагы бир кууну суранып жаткандай. Башын бери буруп караган ал кошого артында турган Маратты корду. Ал жылмайып башын ийкеп койду эле. Дагы бир кууну ойноду. Бул куу да сонуна чыкканда алып барычуу "Камила! " - деп тааныштырды. Ошол кундон фамилиясы кошулбай жон гана Камила болуп тааныла баштаган.
Сахнанын артына отуп, жаны гана кийимин которууга кетип жатканда концертти уюштуруучулар токтотуп калышты.
-Камила сизди мумкунбу?
-Макул.
-Сиздерди тааныштырайын бул Сэм, Лондондон келген конок.
-Саламатсызбы, сиздин аткаруунуз кайталангыс! - деди жанагы киши англис тилинде. Аны жанында жургон жаш котормочу кыз которуп берип жатты.
-Рахмат, - деген Камила уну титиреп чыгып жатканынан толкундоосу дагы эле басыла элек экенин туйду.. Анткени дайым толкунданса же катуу кыжаалат болсо суйлой албай уну титиреп чыгат.
-Сиздей таланттуу кыздарды осуусу керек, - деген жанагы киши колундагы визитканы карматты да сылык коштошуп кетип калды.
Эч нерсеге тушуно албай, коздорун балбылдатып ордунда катып турган Камиланы жанындагы концерттин уюштуруучусу кучактап алды.
-Билесинби бул сага эн сонун мумкунчулук!
Озуно келип кандай сунуш экенин сурап улгуро электе Марат келип Камиланы алып жоноду. Тунку Бишкекте бийик такалуу туфлисин колуна кармап алып Мараттын жанында баратты кыз. Марат устундогу костюмун Камилага жаап койгон. Экоо тен оз ойлору менен унсуз. Бир убакта Камила кынылдап ырдай баштады. Камила бир аз алдыга басып кетип, Марат анын артында келе жатып токтоп калды.
-Бактылуусунбу?
Турган ордунда сурады жигит. Артына жалт бурула берип Маратты тиктеди. Кайра жанына келип акырын колдорун жузуно койду. Негедир Марат капалуудай сезилди. Дайым Камиланы кулуп караган коздору кандайдыр бир сырды катып алгандай мундуу.
-Эмнеге капалуусун?
Кыз жооп бергендин ордуна кайра озуно суроо берди.
-Канча айтамын сага, алгач суроого жооп берип анан суроо бер деп.
-Кечир.
-Эмнеге?
-Айтканынды кылбай унутканым учун.
Камила жер тиктеп туруп калды.
-Кичинекейим!
Марат кайра кызды кучагына алды. Чыдабай кетти. Кичинекей болуп кучагында турган ушул жанды кантип таштап кете алат? Бирок апасы...
Камила Мараттын кучагынан бошонуп, катар турган олтургучка чыгып алды. Кичинекей бою эми Марат менен тенеле тушкондой. Назик колдорун жигиттин мойнуна ороп, бекем кучактап алды дакулагына шыбырап жатты.
-Бактылуумун Марат, сен барсын менде. Сени жолуктурганым учун бактылуумун.
Мараттын карылуу колдору Камиланын ичке белине оролуп эриндери кыздын кыпкызыл эринине жакындап келе жатты. Жигиттин жалындуу ысык деми Камиланы мас кылып, эриндери тийгенде коздорун жумуп алды...
Уландысы бар...

Комментарии