3- БӨЛҮМҮ... - 922387708593

3- БӨЛҮМҮ...

Бугун Адилет менен жолугушмак.
Сабактан чыгып, болжошкон жерде аны кутту. Жигит кызды ар дайым куттурчу. Бул жолу да ошондой болду.
"Жол алыс, азыр келип калат" деп, мумкун болушунча озун сабырдуу кармады.
Анын кабатыр боло, шашып келе жатканын коруп, ичи элжиреп кетти:
-Келе жатат, шашып?
-Ушундай болуп калды даа!
Адилет келип эле актана кетти:
-Сизде ар дайым ушундай болуп калат го, куто берип, бара'бара сабырдуу болуп баратам.
-Сабырдуу болуп койгонунан ушунун!
Мандайынан ооп алды:
-Канча опсом да тойбойм сага!
Тамактануучу жайга кирип, бир бурчтан орун алышты:
-Сен эмне жейсин?
-Мен эч нерсе жебейм, сизди карап олтурам, сиз жениз,жолдо ачка болгондурсуз?
-Андай болсо, сен мага суйлоп берип турасын!
-Келиштик!
Адилет тамактанып кирди:
-Сабактан кечикпей барып жатасынбы?
-Мен окууну таштадым!
Жигит чайноосун токтото, кызды тиктеп калды:
-Ал эмне кылганын?
-Бул кесип мен учун эмес экен, ансыз да азыр, ар бир экинчи адам, программист, хаккер! Кечке экрандын артында отургум келбейт, башында канча айтсам да, апам аяк тиреп туруп албадыбы?
-Эмне кенешпедин мени менен?
-Сиз баарыбир мени колдомоксуз да?
-Албетте колдомокмун, сен бир ооз айтып коюшун керек эле?
-Эмне капа болдунузбу?
-Сага капа болууга болбойт да? Эми эмне кылмакчысын?
-Башка тармакта озуму сынап кормокчумун. Мен таттуу нерселерди бышырууга кызыгам, кандай окуулары бар экени жонундо маалымат чогултуп койдум!
-Акылсыз десе?
-Акылым бар менин!
-Акылын бар, эсин жок сен кыздын!
-Иии!
-Апан эмне деди?
-Ага айта албай журом, укса капа болот го, бирок айтам?
-Албетте айтасын да, айтпасан да билип калат!
Сыртка чыгышты:
-Качан кайтасыз айылга?
-Эртенки кунум сеники!
Кыз колдорун чапкылап суйунуп кетти:
-Чын элеби?
-Ооба да!
-Анда бугун биздин уйго барыныз?
-Жок, менин бара турган жайым бар, азыр болсо сени узатып гана коем!
-Мейлиниз анда!
Уйго кирип эле апасынын суук коз карашына дуушар болду кыз:
-Кайда журосун?
-Кечирин , кеч калдым?
-Качантан бери ээрчишип журосун тигинин менен?
Марал Адилеттин узатып келгенин, апасы коруп калган экен деп ойлоду:
-Апа мен?
-Эмне сен?
Апасы ордунан туруп келип, жаактан нары салып жиберди. Марал кутпогон. Эч качан "эй" деп катуу айтпаган апасынын бул кылганы, ото эле оон учурады:
-Мен эмне кылдым?
-Жигит жандабай, окууну жакшылап окубайсынбы?
Апасынын бул тушунуксуз аракети, кыздын журогун оорутуп жиберди. Жаагын сыйпалап, карегинен жаштар каканактап, куюлуп кетти:
-Мен окуудан айдалып кеттим!
-Эмнее?
-Сизге башында айтсам, укпай койгонсуз, ал кесип,менин колумдан келбейт экен?
-Баарыбир оз билгенинден калбаптырсын, эми ук, мен экинчи Адилеттин атын да укпайын!
-Апа мен эмне жаман иш кылдымбы, мен аны жакшы кором!
-Ой суйуун менен судуролуп калгыр! Жашоо сен ойлогончолук оной болсо кана, анын эки ооз таттуу кебине азгырылып журосун!
- Мен аны билем!
-Кайдан билесин? Же жашоосун барып коруп келдинби?
-Ал да мени жакшы корот!
-Сен акылынды жыйыштырып ал кызым?
-Ал жаман адамбы?
-Коп суроо бере бербе, менин айтканымды аткаргын!
-Мен эми жаш бала эмесмин, айтын, себебин тушундурун, эмне себептен каршылык корсотуп жатасыз?
-Мен куруюн, сени кайдан гана бул жака алып келдим эле?
-Ток этээр жерин суйлончу, биз эмне кылдык, же суйуу кунообу?
-Жылдызбектин бир тууган иниси экенин билесинби?
-Эмне болуптур ?
-Деги айтканды тушунбогон кыз болдун!
-Мен баарын тушуном, сиз менден бир нерсени жашырып жатасыз?
-Булардын уйбулосуно мендей келин бироо эле жетет, сен ашыкчасын!
-Койчу апа керексиз создорунду!
Апасы да отура калып бышактап ыйлап жиберди:
-Мен бейбактын айынан сен да жабыр тартмак болдун! Бирок бул создорду дилинде гана айтты.
Экоо эки жерде бири жооп кутсо, экинчиси кантип тушундуроорун билбей, тунжурап отура беришти.
Озу да солгундап,аран турган мамилелери узулуп калды окшойт. Марал кыска мооноттуу окууга тапшырып, андан сырткары кондитердик азыктарды даярдаган ишканага ишке орношту.
Уйдон эрте чыгып, кеч кайтат.
Апасы тиш' тырмагы менен каршылык корсотуп, Адилет менен бирге болуусуна караманча каршы болуп туруп алды. Ортодо жолдошунун досторунун балдары менен тааныштырып, колунан келсе,турмушка узатып жибермек болду. Бирок кызы бирин да жанына жолотпой койду.
Энеден айла кетти! "Же атасына жонотуп салсамбы?" деп да ойлоп журду. Жогорудагыдай ызаланткан создордун далайы айтылды, бирок кыз кошоруп туруп алды.
Айылдагы чон энесин, атасын, инилерин сагынды. Баарына кол шилтеп кетип калгысы келди, бирок канчалык капа болсо да, апасын таштап кете албай чайналды. Мектепти буткончо , каникул болгон сайын айылга каттай берчу. Атасынын да оз турмушу бар, чоноюп калгандан тарта, аны тушунуп жетип, барганы азайып калган эле.
Кантип ал Адилеттен баш тартмак?
Уйдогу бул абалдан Жылдызбек да кабарсыз калбады. Аялынын созун угуп, унсуз отуруп калды:
-Коп эле кабатыр боло бербе алтыным! Баары оз суйуусу учун курошконго толук акысы бар да?
-Кантип? Эмнеге келип'келип сенин бир тууганын Жылдыз? Ата'энендин кыялын беш колдой билесин, анын устуно Адилеттин баш кошоор адамы да даяр го, анын тагдырын, ата'энен алда качан чечип койгон эмеспи?
-Мен да башында шекшиген элем, бирок иним мага эч нерсе деп айтпады!
-Эмне деп айтсын? Эгер Маралдын, мен ээрчитип келген кызым экенин билишсе барбы, Адилеттин апасы талап'жеп койбойбу кызымды? Коз коруноо салып беремби?
-Айканын озунун деле конулу бардай го?
- Ал жаштык кылып жатат! Ининде сендеги ожорлук бар, ортодо менин назик кызыма кыйын болот. Мен коргон кундор азбы эмне?
Жылдыз жубайын бооруна тартып, бетинее опту:
-Болду, ансыз да оорулуу журогунду оорутасын, жетет! Ар ким башына салганды корот,ыйлаба!
Мезгил деген отуп кете берет тура! Кундор отуп, айлар алмашып, жылдардын кучагына кысылып, ал жылдар да,озунон кийинки жылдарга орун бошотуп беруудо!
Марал окуусун ийгиликтуу аяктап, жумушунда да бир топ ийгиликтерди багындырды. Уйдогу абал болсо конул жылытаарлык эмес. Ар кимиси озу менен оздору алек.
Бирок ушул маалга келип, Жылдызбек байкесинин апасына, бир да унун которуп суйлогонун корбоду, укпады. Апасы кээде буркан'шаркан тушуп, ыйлап калчу. Андай убакта, ал унчукпай гана которуп, качан апасы тынчтанганда гана суйлочу. Сырттан ар дайым белек которо келчу. Балким ушундай токтоо мунозу, чыныгы эркектик сапаты учун да апасы, баарын таштап баса бергендир?
Ким билсин? Алардын эмне себептен мындай шартта жашагандары кызга карангы бойдон. Бир эки жолу сураганда:
-Убагы келгенде айтып берем!деп койгон апасы.
Жылдызбек байке туура айтат. "Ар бир адам оз суйуусу учун курошконго акылуу!" Демек кыздын да акысы бар!
Эртен менен таттуу уйкудан, телефондун чырылдаганы ойготту. Адилет экен:
-Ало?
Жигиттин унундо кандайдыр кабатырлык тургандай эле:
-Эркем?
-Оув, эмне тан атпай, жайчылык элеби?
-Тура элек белен?
-Жок, чиз чалып ойготтунуз!
-Уйкучу десе! Жолугалычы?
-Качан?
-Мен жолдомун туш оой жетип калам?
-Тынччылык эле болсо экен?
-Жолукканда айтып берем!
-Макул!
Марал шаша ордунан туруп, жууна салып,чачын тобосуно туйду. Туш оой келсе, ага чейин жумушун бутуруп, уруксат алып турушу керек.
Апасы кызынын сыртка чыгып баратканын коруп, токтотту:
-Сен кайда эртелеп?
-Жумушка!
-Эрте эмеспи?
-Жумушум коп бугун!
-Кызым отурчу мындай, суйлошуп алалы?
-Бугун жумуштан эрте келем, ошондо апа?
-Батыраак кел анда!
-Макул!
Коптон бери апасынын "кызым" деген созун укпаганга эреркей тушту. Коздору каканактап, ыйлагысы келип кетти:
-Озумдун апакем! Бугун келсем, сенден кечирим сурайм!
Адилет бугун дайымкыдай кечикпестен, эрте келип, кызды кутту. Ордунда отура албай, улам нары'бери басат.
Марал жигитти коруп, толкунданып кетти. Унчукпай барып, артынан кучактады:
-Кун батыштан чыкканбы бугун?
Артына бурула берген жигит, Маралды озуно тартып кучактап, ийинине ээгин койду:
-Жытындан..
-Эрте келиптирсиз го?
-Ооба!
-Жагымдуу болот экен!
-Акмарал?
-Иии?
-Мага турмушка чыгасынбы?
Бир создон экинчи созго, дароо аттап кетип суйлогонуно конуп калган кыз жылмайды:
-Азыр эмне болду, дагы секирдинизби?
Адилеттин каректеринде тынчсыздануунун белгилери бар эле:
-Жок, мен чындап айтып жатам, ар дайым менин жанымда болчу?
-Адилет?
Жигит чонтогунон кызыл кутучаны алып чыкты:
-Мендик болчу!
Марал колу менен оозун жаап, туруп калды:
-Мен сиздикмин!
Адилет шакекти алып, кыздын аты жок колуна аяр салды:
-Рахмат жаным!
-Эмне учун?
-Менин тугоюм болгонун учун! Кеттикпи?
-Кайда?
-Айылга?
-Аззырбы?
-Ооба, озун ыраазы болбодунбу?
-Ади мен...
-Билем, сага кутуусуз болду, эгер сен жанымда болсон, мен баарын женууго даярмын, сен жанымда болсон гана!
-Мен даярмын!
Кыз артына бир карап алды. Откон отту'кеткен кетти. Эми бир гана келечекти карай кадам таштай беруу керек! Баары акыры келип тушунушоор? Бар тобокел, "башка салганды коз корот". Негизгиси ашыгы жанында турбайбы?
Адилет кыздын колдорун кыса кармады:
-Кеттикпи?
-Кеттик!
Ал баарын дайындап, суйлошуп коюптур. Айылга кетуучу унаалар токтогон жерге келишти. Аларды эки досу кутуп туруптур. Адилет менен кучакташа корушуп, кызга жансап суйлошту:
-Алып кетээрибиз ушулбу?
-Ооба ушул!
-Калгандары эмне болду?
-Алар тагдырына таарынган бойдон калышты.
-Бул аяш утуптур да баарын?
-Утту!
-Деги тааныйсынбы мунунду?
-Билбейм алып баратам го, эми жолдо таанышабыз алаарбыз?
-Хе, хе, жургуло анда!
Досторунун бир рульга, экинчиси анын анын жанына олтурду.
Арткы орундукка экоо жанаша орун алышты. Марал коркконунан журогу тыбырчылап, муундары титирейт.
Адилет акырын кулагына шыбырады:
-Мен жанындамын, эч нерседен коркпо!
Жол ото эле алыс экен. Алар айылга жеткенче каш карайып, тун кирип калды. Сыртта жамгыр себелеп жаап кирди.
Уйго жете берээрде унаа жайлап барып токтоп калды:
-Эмне болду?
-Билбейм досум карайынчы? Экоо тушуп кетишкен бойдон копко жоголушту. Адилет чыдабай, алардын артынан чыкты. Кыз колдорун ушалап, абдан толкунданды. Эсинен апасы чыкпай туруп алды.
-Бугун кечирим сурай албай калдым, бирок созсуз сурайм!
Эшиктен Адилет баш бакты:
-Эркем, мындан ары жоо кетебиз?
-Кантип?
-Унаа устасыз онолбойт окшойт, уйго аз эле калды. Бул экообузго болгон тоскоолдуктардын эн биринчиси!
-Макул анда!
Эки журок! Бир гана оздору учун жашагысы келген жандар!
Тагдыр алдыда, буларга дагы кандай сыноолорду даярдап турганын кабары жок эле!
Аттин! Баарына туруштук бере алышаар бекен ?
Экоо кол кармашкан бойдон, жаан аралаш уйго кирип барышты.
Эмне кылганын бул?
Атасынын катуу кеби менен, апасынын заар тиктеген абалы тосуп алды буларды. Маралдын чачтары суу болгонунан жаагына жармашып, эрди титирейт:
-Оз алдынча чечим чыгара турган болуп калдынбы, ким бул?
-Ади сени тушунбой калдым уулум! Апасы туурадан чыкты. Кыздын буткон бою дурулдоп кетти бул создорду укканда. Каршылык болсо да, мынчалык денгээлде болот деп кутпогон. Жигитти караса, "мага ишен" дегенсип жалдырайт!
Шарт артына бурулуп, чыгып кетмек болду.
Адилет кыздын колдорун бекем кармап, ордунан жылдыра койбоду:
-Мен уйлоно турган кыз ушул!
-Эмне кино коюп жатасын мага?
-Ата, мен эч качан айтканынызды эки кылбадым. Сиз айткандай жашадым, бирок бул менин жашоом, озум каалагандай чечкенге акым бар!
Атасы каардуу тиктеди баласына:
-Мен сага мурда да эскерткем, мени менен ойношпо бала?
-Ата тушунунчу?
Апасы чебелектеп кирди:
-Уулум, бир ооз кенешип койсон болмок да, ушул кантип болсун, "тамдан тараша тушкондой" капыл'тапыл кирип келсен, атандын жини келээри турган кеп эмеспи?
-Токтоткула сахнанарды?
Атасы торку уйго кирип кетти. Адилет кызды жетелеп, ички болмого киргизди:
-Сен ушул жерде отура тур жаным, мен азыр келем!
-Адилет, мени деп аларга каршы барбачы, мен мындай болот деп кутпогом?
-Биз эмне деп суйлоштук эле, эмне учун берген созундон кайтып жатасын?
-Мен деген..
-Сен чегинбе, калганын мага коюп бер!
Торку уйдон атасынын кыйкырган уну, апасынын бир нерселерди айтып, безилдеп жатканын укту кыз. Оюнда аппак жоолук салып, бешенесинен ооп, кутуп алат дептир. Мынчалык болоорун элестетип да корбоптур. Эми эмне болот, коптон куткон тилек'умуттору, ушуну менен эле талкаланып кетеби?
Умутсуздук сабырын женип баратты, журогу кысылып, коз кычыгына жаштар келди:
-Мен кандай жолду тандап алдым?
Бир топтон кийин Адилет кирди, артынан апасы корунду. Унчукпай колундагы оромолун башына салып, чекесинен муздак суйду:
-Бироонун бакытын тартып алып бактылуу болом десен, адашасын, кызым! Бактына, балам сенден баш тартпай койду, бардык нерсе алдыда!
Адилет жини келе тушту:
-Апа?
-А сен баарына коном дебединби, эми чыдайсын!
Эшикти тарс жаап чыгып кетти!
Ата'эне да ушундай болобу? Маралдын устуно бироо бир чака муздак сууну куюп жибергендей, ичиркене тушту.
Козунон буурчак'буурчак жаш тогулду. Бирок артка жол жок экенин тушунуп турду, анткени ушул абалда, Адилетти жалгыз таштап баса бергенге журогу чыдамак эмес.
Оксуп эле ыйлагандан башка аргасы калбады. Алдыдагы карангы турмуш жолунда, "Адилет" аттуу умут отуна гана ишенди! Бир гана ошол улбул жанган жарыкка карай, белин бекем бууп, кадамын шилтеди!
Калганын коро жатаар?
Апасы муну укканда чок баскандай ыргыды:
-Журогум сезген экен, ошол учун бугун кечке кыжалат болгон экенмин, эми эмне кылабыз?
Жылдыз да ийинин куйшоду:
-Мен да билбей калдым!
-Мен бара албайм, кызымдын энесин чакыртам, ошол барсын?
-Мен барсамчы?
-Сен ансыз да барасын! Кызым ай, кызым!
Эне журогу, бир нерседен тупоюл тартып, санааркап турду!
Эсине озу жаны шаарга келгенде, озун сынай карап, кытмыр кулуп, заарду тиктеген коздору, адамдын шилисинен ото тушчудой болгон аял тушту.
Эми ал аял менен, кызынын кундо бир чатырдын алдында жашап, бир дасторкондон чай ичээрин элестетип, дили ушуп кетти.
Эртеси гана бирин'серин туугандар келе баштады. Марал кирген уйдун бир бурчуна кошого тартылып, кыз ичинде кайгысын ичине жутуп олтурду. Омурундогу эн эсте калуучу кунундо, мынчалык кайгыраарын билбегендир?
Апасынын эмне мынча куйуп'бышканын азыноолак андагандай болду, бирок дагы деле толук тушунуп жете албай олтурат.
Туш ооп калган мезгилде короого унаа келип токтоду. Андан Жылдызбек тушту. Адилеттин апасынын кабагы чытыла, аны утурлай чыкты.
Эшик ачылып, Маралдын чон энеси баш бакты:
-Алдына кетейин?
Кыз ордунан тура калып, энесинин кокурогуно бой урду:
-Энеке?
-Энен сенден айланып кетсин балам, деги кандай кунго туш болдун?
Корушпогондоруно да канча убакыт болуп кетиптир. Кыз акыркы коргондогудой, баскан'турганы тын адам, мандайын мезгилсиз бырыш баскан, саамай чачтары куудай аппак, нурдуу жузу мурдагыдай жайнабай, чукодой болгон кемпир турду алдында. Убакыт оз энчисин алган экен, каарый тушуптур.
Небересинин жайын уккан ал, жолдун алыс экенине карабай жолго чыгып, эч кайда бурулбай мында келген.
Иштин жайын Маралдын оз оозунан уккандан кийин, жерди телмире тиктеп шуу ушкурду:
-Кагылайыным, бул тагдырды озун каалап алсан, анда тандоо озундуку!
Болгону темирдей эрк керек, ар бир созго бырылдап ыйлап, уккан нерсендин баарын конулундун элегинен откоро берсен, анда озуно эмне калат ботом?
Сага туура эмес кылдын деп айткандан пайда жок, адамдын тилин адам табат, булар деле кудайдын жараткан пенделери. Озун эле жакшы болсон, кантип тилин таппай коесун? Табасын!
Жолдошун чакыргылачы айланайын?
Адилет кирип эле жер тиктей туруп калды, сурдогонунон ооз учун аран кыбыратты:
-Келиниз эне!
-Келдим айланайын! Ыманы ысык жан коруносун, кор болчу кыз эмес эле, озун абайлай кор, сенин этегинди кармап, оз каалоосу менен келиптир, кор тута корбо алдына кетейин?
-Макул эне, соз берем!
Адилет чыгып кеткенден кийин да эне коп акылын айтты. Марал коз жашын токкондон башкага жарабай, энесин кучактап ыйлай берди.
Ушундай кен пейил адамдардын бар экенине кубанды! Ананчы, ушул жакшы адамдардын пейилинин кенендигинен улам, жаман адамдар да жашооодон оз ордубузду таап журбойбузбу?
Жашоонун таразасынын бир тарапка ооп кетпей, тен салмакта турганынын да бирден'бир себеби да ушул болуп журбосун?
Мына, коптон куткон турмушу ушундайча башталды эки ашыктын! Бирин'бири таяп, турмуш кемесине тушушу тушуп алышты. Эми тубун тушкур, "турмуш" аттуу денизден отуп, наркы жээкке аман'эсен жетип бара алышаар бекен?
Уландысы бар...

Комментарии