Комментарии
- Комментарий удалён.
- Комментарий удалён.
- 26 янв 2021 17:51Төрөгөн эне эмес баккан эне дегендей өз балдарынан артык көрүп баккан Айсулууга ырахмат
- 29 янв 2021 14:40Багып чонойткон апасы менен копко суйлошподу, унутуп калбаса болду...
Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
Бир тыныгып алыңыз !
6- БӨЛҮМҮ...
Күндөлүктү окугандан бери бир топ күн өттү, жүрөгүм алдын ала көп нерсени сезсе да, чыныгы турмушта мен сезип жүргөндөй болбосо экен деп ойлоочу элем. Баарын билгенден кийин бул үйдө өзүмдү ашыкча сезе бердим. Сюзан апам атам менен байланышты жоготкондон кийин биздин дайыныбызды таппай кыйналганын эстеп жаман болдум.
Балким апам мени издеп келгендир деп көөдөнүм толуп кетти. Ата-апа, кана эле жанымда болсоңор? Азыр кандай бактылуу болмок элем... Аларды эстеп көзүмдөн жаштар сызылып кетти. Акыркы күндөрү муңга батып жүргөнүмдү сезген Айсулуу апам бир күнү:
- Амантур, балам, көп ойлонбо, сени көрүп менин сай - сөөгүм сыздап кетти. Өзүмдү өзүм урушуп жатамын, сени ушул абалга салып койгонума. Убагы келгенде билет элең, анда чоңойуп балким туура түшүнөт белең? - деп үшкүрүнүп алды.
Арадан бир топ убакыт өтүп мен күткөн күн да келип калды. Эртенгиге күнгө бүт кийим кечектеримди, өзүмө керек нерселерди салып даярдап койдум. Кечинде Күнсулуу эжем менен агам келип калышыптыр коштошуп кетели. деп. Эжем менен апам болгон окуяларды сүйлөшкөн окшойт, эжем менин абалымды түшундүбү, мени аяп Амантур иним деп эле жатты. Агам мени көрүп далыма таптап "Ээй жигит, ушинтип окууну да бүттүң эми! Окууга кеткен бойдон унутуп калба анан бизди!" дегенде эжем катуу колунан тартып койду. Агам түшүнүп түшүнбөй эле бир мени бир эжемди карап калды. Кечки тамакта баарыбыз чогуу отурдук. Апамдын эки көзү менде, жакындарым менен бирге отурсак да маанайым жок болду.
Кечки тамактан кийин эжем менен агам мени менен коштошуп, байланышып туралы, жок болуп кетпе деп эскертип коштошту. Апама жардам берип, жыйнаштырып бүтүп бөлмөмө кирип кеттим. Ойлогонум эле сүрөт, сүрөттөн көрүп алганымда балким мен окуй турган шаарда кездештирип каламбы деген курук ойлор мени курчап алды. Айсулуу апам балким апамдын сүрөтүн билсе да атайы айтпай койгондур. Ушунча багып өстүрүп койсом апасын сүрөттөн издеп жатат деп ичинен жаман болгондур. Айсулуу апамды мен деле түшүнүп турамын, бирок мен да апамды көрүүм керек эле. Түнү ойлордон башым тумандап чыкты.
Эрте менен туруп апам даярдаган танкы тамакты ичкенден кийин апам менен коштоштум. Апам мойнумдан бек кучактап "Жакшы жүрүп, жакшы окугун, акылың менен болгун!" деп кулагыма куйду. Менда апамды кучактап, бетинен өөп жатып көзүмө жаш толуп кетти. Экөөбүз көзүбүздөгү жашты сүртүп коштоштук, машинага отуруруп аэропортко карай жол тарттым. Жол катар солкулдап ыйлап бара жаттым. Ичимдеги боштукту эмне менен толтурушту билбей, ичимден сыздап бара жаттым.
Биринчи жолу учакка чыгышым, учак мага кызыктуу болуп жатса да эмнегедир айланага көз жүгүртуп карагым келбеди.
Мени күтүп турган апамдын иниси окуу жайдын жатаканасына таштап, алдын ала алып койгон бөлмөгө узатып койду. Тууганыма ыраазычылыгымды билдирип, өзүм жалгыз бөлмөдө калып калдым. Апама жетип алганымды кабарлап, баары жакшы экенин айттым. Ошол күндөн баштап өз алдымча жашоого багыт алдым. Бардык сынактарды жакшы тапшырып, чет жакка окууга өттүм.
Баары ийгиликтүү болгону менен маанайым такыр ачылбай койду. Сырт жакка кеткенге билет алдым да апама конгуроо кактым. Сынактарды жакшы тапшырганымды айтып, жакынкы күндөрү башка жакка учуп кетишимди билдирип койдум. 'Амантур балам, менин айткандарымды уккун, ээнбаш болбо, сен кандай жашагың келсе баарына макулмун, сени колдоп турамын! Жакшы жүр, кош эми! Конгуроо кылышты унутпа!" деп үнү өзгөрө түштү. Ыйлап жатканын сездим "Апа ыйлаба, баары жакшы болот!" деп коштоштум. Эки күндөн кийин окуй турган шаарга учуп кеттим.
Эли жери башка, бейтаныш өлкөгө учуп келдим. Мюнхен өтө көрктүү шаар экен. Ата-апамды билгенден кийин тапшыра турган окуумдан баш тартып, эл аралык окууга тапшырганым үчүн ушул өлкөгө учуп келдим. Чет тилди кошумча окуганым пайдасы тийди. Толук билбесем да өзүмө керектүү сөздөр менен сүйлөшүп жаттым. Бул өлкөдө мага керектүү эки гана тилди жакшы өздөштурүү керек экенин билдим. Албетте башка өлкөдө жашоо оңой болгон жок. Кагылдым, согулдум, аздым-тоздум, "билек жирей албаганды билим жирейт" дегендей билим алуу оңойго турбады. "Билимиң күчтүү болсо тоону томкоросун" деп бекер айтпаган экен. Билимдүү болсоң гана көздөгөнүңө жетет турбайсынбы.
Ошол элдин илимин-билимин окугандан кийин өзүң эле тарбияланат экенсин. Башка өлкөнүн турмушу албетте маңдайымдан сылаган жок. Ачка калганда үйдөгү жайнаган тамак, эрте менен турсаң келе "тамак ичип ал", "кир көйнөгүңдү чечип, даярдап койгон таза көйнөгүңдү кий", "акчаң калбаса - ме ала кой" деген апам жанымда жок кыйналдым. Турмуш муш экенин ошондо сездим. "Иштесең тиштейсин" - деген мага дагы таандык болду. Ошол кыйынчылыктар мени алга сүйрөдү. Сабактан кийин англис, немец сабактарына кошумча барамын.
Кечинде жарым түнгө чейин баш көтөрбөй окуймун. Жашоодон кыйналбасым үчүн кечинде жумушка да барамын. Өзүмө программа түзүп алып ошол программа менен иштөөм керек деп алдыма максат койдум. Мен жасай турган көп жумуштар бар экенин менден башка эч ким билбейт.
Дем алыш күндөрү башка жактарга чыгамын. Башка жакка чыксаң чек аралар ачык, кирип - чыгып жүрүп ал жактарды да билип алдым. Ар дем алыш күндөрү башка шаарларды кыдыруу мага адат болуп калгандай, барбай калсам бир нерсени көрбөй калгандай жүрөгүм дегдеп алып учат. Шаарлар бири биринен кооз, сейилдеп ойноп жүргөн элдерде мендегидей санаа жок, жүздөрү жайдары, көңүлдөрү ток. Ары басып - бери басып бирөөнү издегендей, бир жерден жарк этип чыга калчудай элестер менен жүрүп арадан жарым жыл өткөнүн бвйкабай да калыптырмын. Кыялдагы ойлор мени ар жактарга жетелеп жүрүп чет тилдерди өздөштүрүп алдым. Тил билүү менен көп нерселерди өзгөштүргөнгө жетиштим. Окуганым китеп, изденемин бир жаңылык болчуудай болуп. Чогуу окугандар кайдан билмек эмнени изденип жатканымды: "Амантур тырышчаак, дайыма изденип жүрөт, билимдин сырларын ачат" деп калышат.
Бүгүн дем алыш, дагы бир башка шаарга жөнөдүм. Колумда карта, Европанын шаарларын айланып жүрөмүн, кооздугуна көзүм тойгону менен өзүм тойбой изденемин. Башты ылдый кылып кеч киргенде жатаканага келемин.
Атамдын жумушундагы шоопурдан дагы деле жооп жок. Балким шоопуру жумуштан чыгып кеткендир, ким билсин, балким кат колуна тийбегендир. Үмүт эч качан өчпөйт экен, үмүт бар үчүн жашоо бар экенине ынанып окуумду уланта бердим.
Ай айланып жыл тегеренди, каникулга баруу менин ойумда жок. Жол алыс, алдында канча көп жумуштар турат. Күндүзү тил үйрөнсөм, кечинде жумушка барам, дем алуу күндөрү дагы эле шаар кыдырмай, качан "Арчи сенсиңби?" деп кучак жайып күтүп алат деген үмүттөр өчпөй, жашоонун агымын уланта бердим. Ошол кезде техниканын өнүккөн убагы эле, интернетке кирип караштыра баштадым. Ошондой күндөрдүн биринде мекенден кат келип калды:
"Саламатсыңбы Амантур? Кандайсын? Окууларың жакшыбы? Мен Бейшен байкенин шоопуру Каныбекмин. Мени сураштырыпсын. Эр жетилип алыска кетип окуп жатканыңа кубанычтамын.
Сенин жазган катыңды алдым. Кечиресин, жообун кеч кайтардым, күтүү чуркагандан да бат чарчатат эле. Сенин аябай күтүп жатканыңды билдим. Тил билбегенден жаманы жок экен, жообун кантип жөнөтүштү билбей жүрүп кечиктирдим. Бейшен байкеден кийин Сюзандан кат келди, ал катта Бейшен кабарыңды билдир деп жазылган экен. Кат почта аркылуу келген үчүн сыртында көп печаттар урулуптур. Жакшылап карасам кат Лондондон келген экен, демек апаң Лондондо. Кийин катка ким жооп жазганын билбей калдым. Көп жазбайын, жакшы окуп саламатта бол. Сага бир сүрөт жибердим белгилеп койдум ошол Сюзан деп жазылган экен. Шашып катты ача баштадым, колдорум титиреп, жүрөгүм алып учуп сүрөттү колума алдым. Атамды сүрөттө көргөнүм үчүн дароо тааныдым, анын жанында бир эркек туруптур, андан кийин жакшынакай кыз турган экен. Ошол жакшынакай кызды калем менен тегеректеп белгилептир. Сүрөттү апам жаңы жумушка киргенде түшкөн окшойт, жапжаш экен. Сүрөттү карап "Апаа, каяктасыз? Сизди издебеген жерим калбады!" деп жашым жамгырдай төгүлдү. Сүрөттү улам карап солкулдап ыйлап жаттым.
Туруп интернетти ачып Лондонду издей баштадым. Издөө сайытын ачтым да апамдын аты жөнүн, жылын жазып издөө жөнөттүм. Отуруп терең ойлонуп кетипмин, апам азыр жарык дүйнөдө барбы деп алда кандай ойлордон чоочуп кеттим.
Арадан көп күндөр өттү, сабактан келип эле интернетти шашып ачып издейм, андай адамды таппады. Кабагым салынып эч нерсеге көңүлүм келбей калат. Лондонго барсам кайсы жерден табамын деп ойлонуп, сайттан эле издеп табып анан барайын деп чечтим.
Айсулуу апам менен сүйлөшпөй калганыма көп күн болду. Жакшы эле жүрсө болду деп ойлоп койдум. Тырышып окуп жүрүп ангилис тил менен немец тилин эркин үйрөнүп алдым. Айлыгым өзүмдүн жашоомо жетет.
Бүгүн дем алыш күн, эмнегедир бүгүн кусалуумун. Мага бир нерсе жетишпей жаткандай, ал апамдын жылуу мээрими, анын камкордугу, балам деген ыйык сөзү. Апа баарынан ыйык, баарынан кымбат экенин сездим. Алардын аруулугуна, ак сүтүнө эч нерсе теңдей албаймын. Алар бар - аалам сулуу экен. Ошол сулуулукту, ошол жылуулукту, ошол мээримдүүлүктү издеп таба албай жатам. Азыр эки апам тең менден алыс, "Апа, силерге сагынычым күч! Апа, мен силерди сагындым, сиздерди көрүүгө кусамын!"
Арадан зымырап күндөр өтүп жатты.
Күтүү, сагыныч, изденүү менен жашоом улана берди. Эч кандай кабар болбогондон кийин интернетке кирбей калдым. Үмүттөрүм өчүп бара жаткансыйт.
Сабактан чарчап келип жатып калдым. Бир убакытка чейин уктап калган экемин, турсам уйкум канып калыптыр. Эмне кылышты билбей отуруп интернетти жандырдым. Эч кандай кабар дагы деле жок, андан ары бир нерселерди окуп кызыгып киришип кетипмин. Окуп бара жатып озумдун фамилиямды окуп калдым. Менби же башкабы деп кайра окудум, атым, туулган жылым баары дал келген экен. Сайттан сайтка кирип жатып кайсы башым айланып дагы кетти. Менин атыма бир топ нерселер жазылыптыр, таң калдым. Ошол адрестерди жазып алдым. Жазып алган адрестерди издештире баштадым, кайсы даректе экенин жазып алдым да, түн бир оокум болуп калганынан жатып алдым. Эртеси сабакка барбай кийинип алып жөнөдүм. Ошол адрестердин баары Лондондо экен. Жол алыс болгону үчүн автобуска түштүм. Жол катар жагымдуу музыка жаңырып бара жатты. Жанымдагы кыз улам уктап кетип башын мага жөлөп алып жатты. Аябай чарчаптыр, мен да жөн койдум. Элдин баары уктап бара жатса мен кирпик какпай баражаттым. Ойлорумдун чачылганынан башым туман. Жанымдагы кыз таңкы убакытта турду. Эки жакты карап бара жатты. Акырын чыдай албай каякка бара жатканын сурадым. Мен бара жаткан шаарга бара жатыптыр, сүйүнүп кеттим. Жазып алган адрестерди көрсөттүм. "Билемин, биз жакта, көрсөтүп коёмун" деди. Жүрүп отуруп Лондонго жеттик. Бул шаарга биринчи келип жатсам да, айлана-чөйрөгө кызыкпадым. Ойлогон нерсем эле даректи таап баруу. Автобустан түшүп жаны кыз менен машина койуучу аянтка келип машинасына отурдук, атын Эмма деп тааныштырды. Жакшынакай кыз экен. Бат эле айткан дарекке алып келип койду.
- Эмма, мен биринчи жолу Англияга келдим, кокус мен ойлогондой болбой калса кайрылсам болобу? - дедим.
- Албетте болот! - деди да телефонун калтырды. Адрести көрсөтүп койуп өзү кетип калды. Мен барган адресте бир үй бар экен. Бирок ичинде эч ким жок экен, эшиги кулпулаган. Көпкө турдум, улам конгуроосун басам, эч ким жок. Бир топ тургандан кийин бирөө чыкты. Бул үйдө ким жашаганын сурадым. "Ээси аял киши ал бул жерде турбайт, ал башка жакта турат" деди. Аны кантип тапсам болот дедим. Бир убакытта кимдир бирөө менен көпкө сүйлөштү. "Эртең ага алып барамын" деди. Ал күнү ошол жерде түнөп калдым. Түнү эмнеге менин фамилям жүрөт, балким мен эместир, башка бирөөдүр, балким бул Сюзан апамдын үйүдүр деп
айтор түрдүу ойлордон башым ооруп, жакшы уктай албадым.
Чатышкан ойлордон башым ооруп эрте туруп алдым. Жуунуп таранып алып мейманканадан жанагы үйгө келдим. Ал киши өзүн Кэтрин деп тааныштырды, үйүно киргизип кофе берди да машинасына отуруп жонодук. Жүрөгүм кызыктай болуп, ойлорум чабыттап, денем кызып чыкты.
- Кайдан келдиң?- деди.
- Мюнхенден.
- Окуйсуңбу?
- Ооба окуймун
- Туулган мекениңчи?
- Өлкөмдүн атын айтканымда Кэтрин мени карап калды да, -Алыстан экенсин. Мен Парижденмин, бул жерде жашап окуймун,- деди. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп бир үйгө келип калдык. Зангыраган жер үйгө алып кирди, бизди утурлай басып келе жаткан аялды карап жүрөгүм алып - учуп жатты. Эмнегедир денемди майда калтырак басып кетти. Сүрөттөгү апамдын элесин көз алдыма элестетип жаттым. Жаштыгынан бери канча жыл өттү, балким өзгөрүп тааныбай калгандырмын деген ойлор менен алп урушуп жатканда саламдашып
жаныма келди. Эне жүрөгү бир башкача боло түштү окшойт. Мен апам экенин айттырбай тааныдым.
- Апаа, - дедим, карегимден жаш куюлуп. Менин апа дешимди күтпөгөндөн, азга таңыркай түшдү, менин бир жаштагы элесимди эстедиби.
- Арчисиңби? - деди
- Ооба менмин, - деп көзүмдөн жашым агып жатты.
- Менин Арчим, жараткан, кантип айдап келди сени! - деп кучактап ыйлап жиберди. Мен күткөн мээримдүүлүк, мен эңсеген апамдын жыты, кучак толгон жылуулук мени арбап алды.
- Апа, жаным апа, сени издеп аалам кездим! - деп солкулдап ыйлап жаттым. Апамдын төгүлгөн көз жашы мойнумдан ылдый агып кетти.
Пикириңиздерди күтөм.
Уландысы бар.
И. Акпарова