КАНТ ДИАБЕТИНЕ ПАЙДАЛУУ ДАРЫ ЧӨПТӨР

Кайсыл ооруга чалдыкпаңыз ал дарт сөзсүз бир канча органдарыбызды жабыркатат. Ага ичкен дарыларыбыз да кошумча… Сиздин корооңузда өсүп турган бир эле чөп, бир канча ооруңузга дабаа болуусу мүмкүн. Элдик дарыгер Ташбү Каразакова кант диабети жөнүндө айтып берет.
Кант диабетинин негизги белгилери
Кандын курамында канттын көлөмү жогорулап кеткен учурда бейтап дарыгердин көзөмөлүндө болбосо ал адам эң биринчи жүрөктөн инфаркт алат, экинчиден, эки бөйрөк иштебей акырында заара чыгара албай калууга жетет. Эгер жеңилирээк формасы болсо кол, буттун оорушу, көздүн начарлашы башталат. Мындан сырткары уйку без, боор органдары да жабыркайт.
Кант диабетинин башталышы панкреатит оорусу. Панкреатитке чалдыккандан баштап майлуу, куурулган, камыр тамактардан баш тартып, жеңил тамактанууга өтүү зарыл. Көп кыймылдап, жашылча-жемиштерди көп жеш керек.
Ооруга чалдыккандардын көбү маани бербеген нерселер
Диабетиктер бутун кыскан бут кийим кийүүсү туура эмес. Сөзсүз түрдө бут кийим кенен жана жалпак тамандуу болуусу керек.
Бир жерин кесип алуудан сактануусу зарыл. Диабетиктердин кесилген жери сакаюусу кыйынга турат. Эгер кесип алган болсо чырмооктун жалбырагын же бака жалбыракты жанчып ошол жерге басуу керек. Эгер кыш мезгили болсо алоэни кесип былжыр жерин басыңыз. Ушул чөптөр кесилген жердин бат бүтүшүнө жардам берет.
Алакан менен буттун таманын бат-бат укалап тургула. Себеби ички органдардын негизги точкалары таман менен алаканда болот. Алакан менен таманды укалаган сайын ички органдын иштөө функциясы жакшырат.
Диетаны катуу кармашы керек. Майлуу, куурулган, камыр тамактардан, таттуулардан жана коон, жүзүм жегенден баш тарткан оң. Буларды жеген сайын кандын курамында канттын көлөмү көбөйө берет. Канттын деңгээлин түшүрүүчү дарыларды көп ичпестен, канттын деңгээлин көтөрбөй турган тамактарды көп жеш керек. Ачууга алдырбай, капа болгонго жол бербегиле. Нервди сактап, тынч жашоого аракет кылуу зарыл.
Тамак рациону
Диабетиктер күнүнө аз-аздан 5-6 жолу тамактанып туруусу керек.
Малина, кулпунай көп жегиле. Составында инсулин бар.
Топинамбурдун 2 даанасын алып чийки түрүндө салат кылып жесе, уйку бездин иштөө функциясын жакшыртат.
Гречканы сууга бышырып, айран кошуп ичсе, боордун, уйку бездин ишин алдыга жылдырып турат.
Кандагыканттынөлчөмүннормагакелтирүүүчүнтөмөнкүчөптөрдүколдонуңуз
Кант диабетине чалдыккан адамдын каны коюлуп, кан айлануу, тамак сиңирүү системи начарлайт. Мындай абалда бейтап бат-баттан суусай берет. Кайра-кайра суу иче бергендин ордуна канттын деңгээлин нормага алып келүүчү дары чөптөрдүн чайын ичсе көп жактан пайда алып келет.
Чалкандын же малинанын жалбырагын таза жууп, көлөкөгө кургатып, пахтадан жасалган материалга сактап, 2 аш кашык майдаланган жалбыракты 200 грамм сууга демдеп ичсе суусаганы азаят.
Ак төө буурчактан (фасоль) 3-4 даана алып, жууп, үстүнө 100 грамм суу куюп, бетин жаап коесуз. Эртең менен фасолду жеп суусун ичип алыңыз.
10 күн-1 даана чийки жумуртканы жарып, ага бир даана лимондун ширесин аралаштырып ичүү керек.
1 жылда 1 жолу 17 күн 4-5 пиязды туурап 1литр банкага салып үстүнө кайнатылып муздатылган сууну куят. Аны тамакка чейин 20 мүнөт мурун 1 күндө 3 маал 70 граммдан ичет.
15 -20 даана жаңгактын дан тосмолорун 200 грамм сууга акырын отто кайнатып, 1 күндө 3 бөлүккө бөлүп 10 күн ичиңиз.
Мандариндин кабыгын чай кылып, сулунун суусун, ышкындын түбүн кайнатып ичүү керек.
Тыттын жалбырагын, бака жалбыракты, койчу баштыкты кургатып, ар биринен бирдей өлчөмдө алып сууга акырын отто кайнатып, тамакка чейин 1 күндө 3 маал 50 граммдан ичет.
Диабетиктерөмүрбоюичипжүрүүчүчөптөр
Уй беденин гүлү кан тамырлардын ичиндеги холестеринди тазалайт. Эритроцит менен гемоглобинди нормада сактап турат. Бул чөптү чай ордуна колдонуп 7 ай калтырбай ичип 5 ай тыныгуу жасаш керек. Кийинки жылы дагы 7 ай ичип 5 ай тыныгуу жасайт. Ошентип бул процессти жыл сайын кайталап турат.
Эрменди бир жылда 4 ай 10 күн ичип 10 күн эс алдырып турат. Эрменди ичкенден кийин 4 ай 15 күн ичип 10 күн эс алдырып чатыраш чөбүнүн процессин баштоо керек. Бул эки чөп боорду жакшы сактайт. Бөйрөктүн ооруга чалдыгып калышынын алдын алат. Диабетиктердин ичи өтө берет же катып калат. Ошол жагдайды нормага келтирип турат. Тамак сиңирүү системасына катышкан органдардын баарынын иштөө функцияларын нормалдаштырып турат. Иммунитетти жогорулатып, бруцеллез, кургак учук, сарык ооруларынын алдын алат.
Даярдоо:
Бир литрлик банкага бир чымчым эрменди салып, үстүнө кайнатылып, бир аз табы кайткан сууну куйсак көк чайдай болуп өңү чыгат. Тамакка чейин 100 граммдан ичип туруу керек.
Ал эми чатырашты бир чымчымдан көбүрөөк алып бир литр сууга салып акырын отто, идиштин капкагын ачпай дымдап кайнатабыз. Суюктуктун өңү кара чайдай кочкул кызыл болуп чыгат. Муну тамактан кийин 200 граммдан 3 маал ичүү керек.
Диабетиктер ушул үч чөптү диета кармоо менен бирге калтырбай ичип турса канттын нормасы калыбында болуп, суусабай, көрүүсү, эске тутуму жакшырып, иммунитети көтөрүлүп, дени сак жүрө беришет. Бул чөптөрдүн башка органдарга эч кандай зыяны жок.
Урматтуу окурмандар, сиздерге элдик дарыгерден пайдалуу кеңештерди бердик. Бул чөптөрдү колдонууда эринбей дарыгердин өзүнөн дагы бир ирет кеңеш алып коюшуңуздарды суранабыз.#пайдалуу
Окуп жана бөлүшүңүз,мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет...

Комментарии

  • 31 янв 2022 06:18
  • 31 янв 2022 12:17
  • 31 янв 2022 16:25
    Абдан туура айткан, биз ооругандан мурун алдын алуу ( профилактика) кылбайбыз.
  • 31 янв 2022 17:04
  • 1 фев 2022 14:20
  • 1 фев 2022 17:51
  • 3 фев 2022 13:03
    ФОРЕВЕР АЛОЭ НУТРАQ10 КАРДИО КАСИЕТТЕРИ️:

    Бул журоктун иштеши учун озгочо керектуу энергиянын ондурулушундо катышкан КоэнзимQ10дун кошумча булагы;
    Журокко пайдалуу чоптордун экстракттарын, минералдарды, лецитинди жана витаминдерди камтыйт.
    Антиоксиданттык коргоо менен камсыз кылат жана адамга узагыраак убакытка жаш бойдон калууга жардам берет.
    Пайдалуу касиеттерин кучоткон Алоэ Вера гелинде женил эрийт.
    Коэнзим Q10 кошулган Форевер НутраQ10-бул биздин Алоэ Вера гелибиз менен биргеликте журок-кан тамыр системасынын саламаттыгын уч багытта сактоо максатында иштелип чыккан атайын формула:
    КоэнзимQ10 клеткалык денгээлде энергиянын ондурулушундо катышат жана зат алмашууну кучотот;
    Клеткалардын антиоксиданттык коргоосун жана калыбына келуусун камсыз кылат.
    Гомоцестиндин-журок ооруларын пайда кыла алуучу аминокислоталардын денгээлин контролдойт.
    КоэнзимQ10-бул адамдын организминде болунуп чыгуучу кофермент же витамин сымал продукт, ал адамдын организминде энергиянын ондурулушу учун жана клеткалардын, алардын ичинде журоктун, кан тамырлардын жана боордун клеткаларынын оз ишин нормалдуу аткарышы учун керек. Жаш откон сайын, бизге эн керек учурда КоэнзимQ10дун денгээли томондойт. Форевер НутраQ10ду кабылдоо организминиз учун керек учурда КоэнзимQ10дун кошумча порциясы менен камсыз кылат.

    Тел:+79013689734.
  • 6 фев 2022 13:36