18-БӨЛҮМҮ.. - 949047858097

18-БӨЛҮМҮ..

Алым бешинчи курсту аяктап,сагыныч менен санаага жык толгон,көкүрөктөгү жүгү менен,Кыргызстанга учуп келди,убара болбосун деп,келээрин кабарлаган да жок.Уулунун күтүүсүз кирип келгенине,маңдайы жаркып сүйүнгөн Жийде,ыйлап да,күлүп да,кагылып жатты.Эне-бала жаңы дасторконго отурганда, азык-түлүк салган чоң сумканы көтөрүп,Бурма да келди.Тура калып,Бурманы кучактап көрүшүп,сумканы көтөргөн Алым:-Ушунча да,оор көтөрөсүңбү деп,аны аяп турду.Чын эле сумка оор эле,жашылча-жемиш, картөшкө,пияз,айтор кызыл кекиртектин дабасы.
Алар бир бүтүн үй-бүлөдөй отуруп тамактанышты,Бурма өз үйүндөгүдөй кыймылдап,апасы бир да жолу ордунан козголбогондугун,Алым байкады.
Жийденин жүзү буурул тартып,майда бырыш басып кетиптир,арык манжалары араң кашык көтөргөндөй туюлду,уулуна.Окуйм деп,кеч турмушка чыгып,кеч төрөп,дагы уулуна жолдош кылып,төрөп алсам деп,аборттун азабын тарткан Жийденин да арманы ат көтөргүс эле,уулунун кабырга сөөгү ката электе,жолдошунан ажырап,Алымым деп,уулунун окуп жүргөндүгүнө канат байлайт.
Маселе кабыргасынан коюлбаса да,Алым энесин жалгыздыктан коргоп,окуусун бүтүп келгенче,Бурма жанында болуп турса экен деп,тиледи.
*****. ***** ***** *****
Өзүм барда бир сыйра медициналык кароодон өткөрөйүн,ошого жараша дарыланыңыз деп,Жийдени ой боюна койбой,врач аяш атасына алып жөнөдү.
Анализдери жакшы чыкпай, онкологиялык ооруканага жолдомо берди.Аяш атасынын жардамы менен,Алма-Атадан "Жатын кынынын рак оорусунун үчүнчү стадиясы деп,чыгып келген анализди Алым эч кимге көргөзбөдү,анализди көргөн онколог врач,Жийденин оорусу олуттуу экенин билдирди.
Кечинде тамак ичилген соң,Алымдын бөлмөсүндө жашап жаткан Бурма,өзүнө залга төшөк салып,ордун бошотуп койгондугун,эртеси жатаканасына кайта тургандыгын билдирди эле,Жийде каргылданып: - Алым, окууңду бүтөөргө бир жыл калды,бир жылга чыдаймбы билбейм балам,мен өз оорумду өзүм билем,мага аны эбак эле Бүбүш врач,аяш энең айткан эле,сен окууңду бүтүп,үйгө ак жоолук киргизет деп, күтүп жүрдүм.Бурманы жылуу ордунан козгобо,атаңдын бир туугандарын чакыр,көзүмдүн тирүүсүндө,келинге жоолук салып,санаам тынч кетсин.Балким,насип кылса,небере көрөөрмүн.Бурма купулума толду,кол бала да,окуган окуусу бар,идиректүү,жар тандоодо,жаңылбапсың балам,ооруп жатсаң кантип кетем дебей,окууңду таштаба,андан көрө,эртелетип,Бурманы жол жобосу менен киргизип алалы - дегенде,Алымдын ичинде ит өлүп,үн катпады.
****. ****. *****. ****
Эне- баланын сөзүнөн кийин,Бурма да унчукпады,үйдө чымын учкандай тынчтык өкүм сүрүп,ал күнү баары,"жакшы жат" деп,айтчу сөздү да айта албай,жатып калышты.
Ал түнү Бурма да,Алым да уктаган жок,Бурма бир чети сүйүнгөн менен,Алымдын унчукпаганынан,кыжаалат.Алым болсо,апасынын диагнозун уккандан кийин,анын сөзүн эки кылууга акым жок,бирок,мен Бурманы сүйбөсөм,кантип жашайм,барынан кызыгы,Бурма неге унчукпайт,балким,апамды аяп, унчукпай жаткандыр, Айкын неге ушундай мамиле кылдың мага,деп,Айкынды эстеп,боздоп,сыздап чыкты.
****. ****. ****. ****
Жийде,эртеси эле телефон чалып,жакындары менен кеңешип,Бурмага жоолук салчу күндү да белгилеп,келини Сымапты чакырып сүйлөштү эле,Алайкууну өзүм жайгарам,эже,камсанабай келиниңе жоолугуңду салып,тоюңду өткөрө бер деп,шуулдады.
Бурма эшиктен кирээри менен,чоочун аялдардын отурганын көрүп,Алымдын бөлмөсүнө кирсе,Алым башын мыкчып,отурган экен,бөлмөнүн бурчунда тартылган,ак тубар көшөгөнү көрүп,калдастап калды,Алым тура калып,бир нерсе дегиче болбой,Жийде баштаган,чоочун аялдардын тобу кирди да,кубанычтан көзүнөн аккан жашына ээ боло албаган Жийде: - Айланайын,көшөгөң көгөрсүн,Алымым менен тең кары,бактылуу бол - деп,чачылуу ак бөртмө жоолукту,Бурманын башына салып,чекесинен өптү,чоочун аялдарда,баса калып бетинен өөп,Бурманы көшөгөгө киргизип,тойду баштайлы деп,кубанычка карк болуп,чыгып кетишти.
Шаар айыл эмес,жеңе жандаган кыз жок,өңүмбү же түшүмбү деген Бурма,өзүнүн ою менен өзү алек болуп,көшөгөдөн чыкпады.Анда-санда,аялдардын баш бакканы,же чай,тамак киргизип кеткендери болбосо, үстүнө киши кирбеди.
Мына,тагдырдын тамашасы,Бурманын кыялындагысы,өзү ойлогондон да жеңил ишке ашты.Тээ,саат түнкү он экиден өткөндө,мурду чолок,кара келин кирди да,төшөк сала баштады.Ошол учурда гана,Бурма өзүн өзү жек көрүп,кылган ишине кейип,болгон чындыкты айтып,чуркап кеткиси келди.Оозунан ичимдиктин жыты буркураган Алым,көшөгөдө төшөк үстүндө,чечинбей отурган Бурманы,жулмалап чечиндирип,көкүрөгүнө басты.
( Уландысы бар.)

Комментарии